Алыскы Алай районунун Үч-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жай айылынын аймагына белгисиз бирөөлөр териси сыйрылган бир нече эшектин денесин таштап кетишкен. Андан бери бир топ күн өтсө да, мындай таң калычтуу ишти кимдер кылганы дале белгисиз.
ЭШЕКТИН ТЕРИСИ 1300 ДОЛЛАРБЫ?
Айыл элин таңдандырган бул иш 15-майда түндө болгон. Чоң-Алай-Ош унаа жолунан 200-300 метрдей четирээк, талаа аралап кеткен унаа жолдун жээгине эшектерди таштап кетишкен. Ак-Жай айылынын тургундары бул ишти ким кылган, эмне үчүн деген суроолорго эмдигиче жооп таппай келишүүдө. Эшектердин терисиз денеси айыл элине зыянын тийгизбесин деп айылдын ветеринары Абсейит Опушов аларды өрттөп, көмдүргөн. Бул окуядан кийин «Кытайда эшектин териси сатылат тура, бир даанасы 1300 доллар экен» деген кептер тараган. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар, азырынча эч ким билбейт.
Абсейит Опушов, ветеринар:«ЭШЕКТЕР АТАЙЫН ТЕРИ ҮЧҮН ӨЛТҮРҮЛГӨН»
– 16-май күнү мал кайтарып жүргөн бир айылдашыбыз «териси сыйрылган эшектердин денелери жатат» деп калды. Айыл өкмөт башчысы, айыл башчылар менен бирге айтылган жерге барсак, 19 эшектин жансыз денеси жатыптыр. Таң калычтуусу, алар бычак менен да мууздалган эмес, мылтык менен да атылып өлтүрүлгөн эмес. Эч бир изсиз өлтүрүлүп, таза боюнча териси сыйрылган. Муну тажрыйбасы бар адам жасабаса, биринчи жолу кылган адам мынчалык дыкаттык менен иштей алмак эмес. Эшектер тери үчүн өлтүрүлгөнү көрүнүп турат, ар биринин шыйрактан жогору жагын сыйрып, кулактары менен куйруктарын кошо алышыптыр. Денелеринин жанында целлофандар бар экен, ошолор менен муунтуп өлтүрүшкөндөй. Көрөрүбүз менен укук коргоо кызматкерлерине кабар бердик. Аларга кошо экологдор да келип, өз иштерин аткарып кетишти. Укук коргоо кызматкерлери бул ишти кимдер кылганын аныктайбыз дешти, бирок азырынча жыйынтык жок.
Алай районунун тургундарынан эшек жоготкондору жок экен. Трактор менен жерди тереңдиги 5 метрдей каздырып, эшектердин денелерин хлорлоп, өрттөп, көмүп салдык. Эми мындай акмакчылыкты ким кылгандыгын табуу керек. Бизде «эшек – арам жандык» деген түшүнүк бар, анан да эч ким эшегин бош коё бербейт. Айылыбызда суу жок болгондуктан, күндө алыс жактан флягаларды эшекке артып ташып ичебиз. Ошол үчүн биздин эшектер короодон чыга элек. Башка райондордун айылдарынан алып келип ташташкан го деп болжолдоп жатабыз. Эшектин териси Кыргызстанда иштетилбейт, коңшу өлкөлөргө алып кетиши мүмкүн. Бажы кызматкерлери жакшы иштесе, бул ишти жасагандар бат эле табылмак.
«ӨТКӨН ЖЫЛЫ ДА ТИРҮҮ ЭШЕКТЕР ТАШТАЛГАН»
Аталган жерге барсак, көмүлгөн жерди ит, түлкүлөр чукуп-тытып, ал тургай бир эшектин бутун сыртка чыгарып коюшуптур. «Бул нерсе чирип жок болмоюнча кутула албайт окшойбуз, башка түшкөн балээ болду» деп тургундар нааразы. Элдин айтуусуна караганда, 2013-жылдын сентябрь айында Алай районунун борбору Гүлчөгө белгисиз адамдар КамАЗ менен бир топ тирүү эшекти алып келип таштап кетишкен экен. Алар эмне үчүн таштап кетишкени да белгисиз. Кээ бир жергиликтүү тургундар эки-үчтөн эшек багып алышканын да кошумчалашты.
Үч-Дөбө айылынын элинде бир тараптан кооптонуу, бир тараптан түйшүк жаралганы байкалды. Оору, жагымсыз жыт айылды каптап кетпесин деп аракет кылып жаткан айыл жетекчилигине «эшектерди союп эле жеп жатасыңар анан…» деген адамдардын тамаша кептерин кулагым чалды.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg