КҮҮ АТАСЫ НУРАК ДҮЙНӨДӨН ӨТТҮ

Нурак Абдрахманов сыймыктанып эскерчү инсан. Салттуу музыканын чолпон жылдызы, күү атасы. Мына ошол заманыбыздын залкары Нурак Абдрахманов 25-май күнү узакка созулган оорудан улам 67 жашында арабыздан узап кетти. Залкар талант 26-май күнү филармонияда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен концерт коймок. Аттиң, ал асыл ою аткарылбай калды...

6 ЖАШЫНДА «БАЛА КОМУЗЧУ» АТАЛГАН
Атасы Абдрахмандын таасири менен 6 жашынан тарта комуз чертип баштап «бала комузчу» деп атала баштайт. 12 жашында айылдык комузчулардын черткен күүлөрүнөн сырткары Карамолдо, Ыбырай, Атай, Токтогул сыяктуу алп комузчулардын күүлөрүн үйрөнүп, салтанаттарда аткара баштаган.
1962-жылы 15 жашында эмгекчилердин кароо-сынагына катышып, райондо, облуста жана республикалык сынактарда комузчулар арасында биринчиликти жеңип алган. 1964-жылы орто мектепти бүтүргөн соң Токмоктогу Маданий агартуу окуу жайына кабыл алынат. Кийин Маданият үйүнүн алдында комузчулар ансамблин, драмалык коллектив, хор коллективи жана эстрадалык ансамблди камтыган «Шаттык» аттуу өздүк көркөм чыгармачылык ийримин түзөт. 1974-жылдан баштап Ак-Талаа райондук Балдар музыкалык мектебине мугалимдик, кийинки жылы директорлук кызматка дайындалат (1982-жылга чейин). 1987-жылы Маданият министрлигинин чечими менен Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын «Камбаркан» ансамблине ырчы-солист болуп кабыл алынган. Аталган ансамблде өмүрүнүн аягына чейин эмгектенди.

КӨӨДӨНГӨ СИҢГЕН КҮҮЛӨРҮ
Нурак Абдрахмановдун жараткан күүлөрү жеке эле кыргыз журтчулугунун көкүрөк көксөөсүн сугарбастан, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнө тарады. Анын комузга жан киргизе ойногон күүлөрү Япония, Франция, АКШ, Чехия сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдө жаңырды. 2009-жылы «Нурактын күүлөрү» деген аталыш менен анын чыгармаларынын арасынан 17 күүсү нотага түшүрүлүп, өзүнчө көлөмдүү китеп болуп чыккан. Анын «Соң-Көл», «Ата мурасы», «Улуу тоо», «Сары өзөк», «Алтын балалык» аттуу күүлөрү, «Курултай», «Аппак сүйүү» жана «Бул дүйнө» деген ырлары эл арасында кеңири тараган.
Чебер талант ар бир күүнүн келип чыгыш тарыхын айтып берер эле. Ал өзү жараткан «Улуу тоо» күүсү жөнүндө төмөнкүчө баяндап айтчу. «Кыргыз эли тоону ата-энебиздей көрөбүз. Тообуз жок болсо өзүбүздү талаада калгандай сезебиз. Бул күүнү кыргыздын тоолоруна таасирленип жазгам. Мен бала кезден тоо коюнунда чоңойдум. Таң эрте тийген күн нуру биринчи тоо бетине тиет. Ошол учурда уларлар шаңдуу үн салып, ал үндөр тээ алыскы аскалардан бир керемет болуп жаңырчу. Табият коюнундагы түркүн куштардын сайраганы, суулардын шаркырап акканы өзүнчө эле оркестр сыяктуу сезилчү. Мына ошол табияттын керемет музасы, бийик тоолор бул күүнүн жаралышына түрткү болду».

ЖӨНӨКӨЙЛҮГҮН ЖОГОТКОН ЖОК
Нурак Абдрахманов жашоодо өтө жөнөкөй адам катары өмүр сүргөнүн жакындары айтышат. Наам, атак-даңкка жан уруп чуркабады. Өнөр сүйгөн шакирттерди таптады, өстүрдү. Ал дайыма салттуу музыканы көтөрүүгө жан үрөп күйгөндүгүн, комузду, күүнү кадимки көрүнүш катары карап, аны баалабаган, көкүрөгү сокур, кайдигер адамдарга өкүнүү менен карагандыгын анын замандаштары сыймык менен эскерип жатышты.

ЫРЫСБЕК ЖУМАКУНОВ, «Камбаркан» фольклордук ансамблинин жетекчиси:
– Нурак ага залкар адам болчу. Мен бул киши менен «Камбаркан» фольклордук ансамбли түзүлгөндөн бери иштешип келе жатам. Нурак агай такыр бекер турчу эмес, жок дегенде комуздун бетин кырып, тазалап отурчу. 1993-жылы Германияда Чыңгыз Айтматовдун китеп күндөрү өтүп, ал жакка кошо барып калдык. Биз берген концертте Нурак Абдрахмановдун «Сары өзөк» күүсүн оркестрге салып ойнодук. Ошондо Чыңгыз Айтматовдун «Менин чыгармаларымдын негизинде пьеса, күүлөрдү жазышат, бирок мен бул күүдөн өзүмдүн чыгармаларымды көрдүм. Сага рахмат!» деп айтканы ар дайым эсимде.


СУЛТАН АБДЫРАКМАНОВ, «Доор аяны» берүүсүнүн автору:
– Мен Нурак аганын замандашы катары он беш жылга жакын үй-бүлөлүк катышта болдук. Нурак агай кыргыз үчүн күйгөн адамдардын бири эле. Көзү өтөрдөн бир күн мурда менин Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдыгына карата даярдалган «Доор аяны» берүүмдө Нурак Абдрахмановдун «Курултай» деген ырын өзүнүн аткаруусунда көрсөткөн элем. Нурак агай менен бир аз мурда байланышканда «Ошко барам» деген эле. Күтүүсүз жерден кайтыш болуп кетти...

 

 

САЛАМАТ САДЫКОВА, КРнын Эл артисти:
– Нурак агай менен күү күүлөп, обон кайрыкты бирге кайрып Батыш, Чыгыш, Азияны, Европаны бирге кыдырдык. Агайдын тулку бою нукура кыргызды таанытып турат эле, күлгөнүнөн ойлогон ою, айткан жомогуна чейин. Мен Нурак агайга «эски замандардан кыргыздын жалгыз үлгүсү болуп калгандайсыз» деп тамашалап койчумун. Ошондой нукура кыргызыбызды жоготтук. Анткени анын турган турпаты бүтүндөй суу кошулбаган кыргыз эле. Күүлөрү, калтырган ырлары кылым карытат деген ойдомун. Артына изилдене турган өмүр калтырды


МУНДУЗ НУРАК уулу:
– Атам бизге ар дайым «чын сүйлөгүлө, бирөөнүн каарына калбагыла, татыктуу болгула, ата-бабаңарды эстеп жүргүлө» деп насаат айтар эле. Биз 14 бир тууганбыз. Атам былтыр ашказанынан операция болгон. Быйыл да жасаталы десек дарыгерлер «дагы операция кылсак болбойт» дешти. Акыркы күндөрү баарыбыз атамдын жанында болуп жаттык. Атам наам, даңкка анча маани берчү эмес. Атама Карамолдо, Токтогул, Тоголок Молдо атабыздын күүлөрүн изилдеп, жаңы күүлөрдү жаратуу жакын болчу. Өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүнө чейин комузун колунан түшүргөн жок.


КЫЛЫМДАР АСЫКБЕК УУЛУ, шакирти:
– Мен Нурак атанын колуна 5 жашымда келдим. Шакирти болууну «Алтын балалык» күүсүнөн баштагам. Мени комуз дүйнөсүнө аралаштырган улуу устатым эле. Комузду кантип кармаганды үйрөттү. Өзүнүн нотасы бар эле. Бизге тапшырма берчү, эгер аны аткарбасак, андан ары үйрөтчү эмес. Устат-шакирт катары беш жыл окуп, Нурак атамдан көп күүлөрдү үйрөндүм. Мени «эң кенже шакиртим ушул» деп айтчу. Биринчи ирет сахнага өзүнүн концертинде алып чыккан. Нурак атам менин экинчи атам эле.

 

 

Юлия Руцкаянын учурда хит болуп турган «Аппак сүйүү» деген ыры Нурак Абдрахмановго таандык.

Султан Төрөбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Нурак Абдырахмановдун сөөгү жерге берилди
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
zezim2000
2014-06-02 14:37:15
кыргыз элин дуйного тааныткан чыгаан уулу,улуу комузчусу жаткан жериниз жайлуу,жаннат болсун! олбос,очпос чыгарган куулорунуз туболук кыргыз эли менен кала берет!
+1
oimo_kg
2014-06-02 16:18:51
Саламат эже туура айтат Нурак атанын тулку бою эле чыныгы кыргызды таанытып турат деп.
+2
lolo
2014-06-02 20:10:01
Beyiwi bolsun Nurak atanyn! jerge jakwy beriliptir...
0
ggvatua
2014-06-03 04:50:05
Дагы бир кыргыз алпы...аттин ай,анын куулору дале кулагымда.Бейиши болсун.Нурак ата,дале уучубуз кур эмес.
+1
zezim2000
2014-06-03 10:38:08
эх... дагы бир алпыбыздан айрылдык деп 26 май куну окуп журогум ооруду.нурак атанын куулорун угуп эс алам,нурак ата кыргыз элибиздин улуу эл экенибизди далилдеп кетти.
+1
Nasyrkg
2014-06-05 18:43:44
арман ай журогум канап кетти улуузалкар кетти эми мындай адам жок бизде кошбол кыргыздын куулору.
+1
№ 604, 30-май-05-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан