КАН ТОБУНУН КАНЧАЛЫК МААНИСИ БАР?

Көпчүлүгүбүз эле каныбыздын тобун билгенибиз менен, ага көп көңүл бура бербейбиз. Бирок кандын тобуна жараша төшөктө түгөйлөрдүн ортосундагы мамилени аныктап алууга болот. Төмөндө кандын топтору боюнча мүнөздөмөлөрдү окуп, алардын кайсынысы төшөктө бири-бирине дал келерин билип алыңыз.

АЙЫМДАР

О (I) топ
Төшөктө өзүнө тиешелүү ролун мыкты аткарып, өнөктөшүн ырахатка бөлөйт. Бирок алардын кумарлануусун ойготуу оңой болгону менен, азгыруу кыйын. Андыктан мындай айымдардын сексуалдык темпераменти күйөөсүнө гана белгилүү.

А (II) топ
Ал эми экинчи топтогу айымдардын көпчүлүгүн сексуалдуу эмес деп эсептешет. Алар көбүнесе жумуш менен алектенүүнү жакшы көрүшкөндүктөн, төшөк мамилесин экинчи орунга коюшат. Бирок мындай айымдын да ачкычын тапса болот.

В (III) топ
Үчүнчү топко кирген айымдардын төшөк кумарына болгон кызыгуусу орто. Көпчүлүк эркектер бул топтогу айымдарга ыраазы боло беришпейт.

АВ (IV) топ
Буларга кандай эркек туш келбесин эбин таап, анын кумарын кандырууга жетишет. Ошол үчүн буларды «секс-дарыгер» деп аташат. Мындай айымдар көп эркектердин кол жеткис кыялы экени анык.

МЫРЗАЛАР

О (I) топ
Аталган топтогу эркектер активдүү келишет. Жаңы нерселерге умтулгандыктан, порнографиялык видео, сүрөттөрдү жыйып алышат. Бирок бул топтогу эркек өзүмчүл келгендиктен, өнөктөшүн унутта калтырып коюшу мүмкүн.

А (II) топ
Сексуалдык фантазиясы күчтүүлөргө каны экинчи топтогу эркектер кирет. Бирок алар сүйгөн айымы менен гана кумарга батууну каалашат. Ошондуктан бейтааныш айымдарга токтоолук менен мамиле жасашат. Ал эми бул эркектин ачкычын тапкан айым кумардын туу чокусун багынтат.

В (III) топ
Бул топтогу эркектер төшөк тууралуу аз ойлошот. Биринчи топтогуларга окшоп изденишпейт. Ылайыгы келген учурда түгөйүн ыраазы кылып жүрө беришет.

АВ (IV) топ
Булар төшөк оюнун искусствого айланткандар. Айымдарды өзүнө магниттей тартуу күчүнө ээ жана алардын ишенимине оңой эле кире алышат. Бирок секс гана түгөйлөрдүн ысык мамилесин сактайт дегендерге кошулбайт. Андыктан мындай эркектер түгөйүнөн сексуалдык фантазияны талап кылышпайт.

ЭРКЕК О (I) + АЙЫМ О (I)
Бири-бирине болгон кызыгуусу күч жана кээде эриндеринин тийишүүсүнөн эле ырахат алышат.

ЭРКЕК О (I) + АЙЫМ А (II)
Төшөктө табияттан берилгендей эркек активдүү, ал эми айым пассивдүү. Андыктан келишпестик жаралышы мүмкүн эмес.

ЭРКЕК О (I) + АЙЫМ АВ (IV)
Мында эркек чыдамдуу болушу керек. Айым лидер болууну жактырат. Эгер эркек компромисске барса, анда экөөнүн ортосундагы жылуу мамиле муздабайт.

ЭРКЕК О (I) + АЙЫМ В (III)
Эркек активдүү болгондуктан, айым эркектин оюндагысын аткарууга тийиш. Антпесе төшөктөгү мамиле салкын болуп калышы мүмкүн.

ЭРКЕК А (II) + АЙЫМ О (I)
Булар бири-бирине төп келишет.

ЭРКЕК А (II) + АЙЫМ А (II)
Булардын союзунда айым жолдуу болот. Анткени эркек өзгөчөлүктү талап кылып өнөгүн кыйнабайт.

ЭРКЕК А (II) + АЙЫМ В (III)
Бул экөө тең кумар оюнуна токтоо мамиле жасагандыктан, бири-бирин төшөктө түшүнүүгө аракет кылышат.

ЭРКЕК А (II) + АЙЫМ АВ (IV)
Эркектин фантазиясы күчтүү, ал эми айым төшөктү азыраак ойлогондуктан, бул экөө бири-бирине төп келишпейт.

ЭРКЕК В (III) + АЙЫМ О (I)
Мында айымдын темпераменти күчтүүрөөк болгондуктан эркекти жаңы нерселерге үйрөтүп, көндүрүп алууга жетишет.

ЭРКЕК В (III) + АЙЫМ А (II)
Экөө өзгөчө жаңы нерселерди аткарууга жетишпесе да, тил табыша алышат.

ЭРКЕК В (III) + АЙЫМ В (III)
Экөө тең төшөк тууралуу көп ойлобогондуктан, бири-биринен тажап калуулары мүмкүн.

ЭРКЕК В (III) + АЙЫМ АВ (IV)
Аталган топтогу түгөйлөр бири-бирин толуктап турушат.

ЭРКЕК АВ (IV) + АЙЫМ О (I)
Эгер эркек өнөгүнүн чылбырын тарта билсе, анда буларда төшөктө эч кандай маселе жаралбайт.

ЭРКЕК АВ (IV) + АЙЫМ А (II)
Бул союзда эркек айымды багынтыш үчүн анын сезимине от жагуусу зарыл. Эгер бул ишке ашпаса, анда түгөйлөр ырахат алууга жетишишпейт.

ЭРКЕК АВ (IV) + АЙЫМ В (III)
Айымдын төшөк жаатында кызыгуусу анча жогору болбогондуктан ысык оюн кура алышпайт.

ЭРКЕК АВ (IV) + АЙЫМ АВ (IV)
Бул бирдей топтогу айым менен эркек ары же бери болушат. Эгер төшөктөгү кыялдары төп келсе, чырмалышып бир бүтүнгө айланышат. Төп келбесе, бири-бирин карагандан да заарканышат.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (50)
Kg_boy91.91
2014-08-16 07:13:38
Менин атамдында апамдында каны биринчи группа меники 4чу группа анда кимдин баласы экенмин бул жагы кызык болдуго
+1
Knopka.2014
2014-09-01 14:55:14
Kg_boy91.91, )))))боорду эзесинерго.Ата-энендин уулу болосунар да
.
0
mir123
2014-12-24 20:18:01
Kg_boy91.91, капа болбо сен сасет окшойсун ээ.. тамаша. Меники туура чыккан жок мен тошок дегенде кыз дегенде мудурулуп жыгылам башка жумуштарымдын баары туруп тураткоо каным 3
0
Erkin.kg
2014-08-19 14:00:12
туугандар туурабы туура эмеспи иши кылып болуп турса болду да
0
tavanova.sarah
2014-12-08 15:37:11
Хаха Bеktursun2010 олтурдунузго:D Элестетип атамын "канындын групп.ы канча?" деп сурап атканын:p
0
sardarbek84
2014-12-12 16:00:03
tuura okwoit
0
nuria.2015
2014-12-27 00:36:19
salyshtyrsam tyyra chykty rahmat
0
stal.ks
2015-01-06 18:02:53
ката чыкты
0
mairamkan2011
2015-01-17 03:18:24
Менин жолдошумдун урук калтасы бири кичине, бири сон кыш айында талытып оорутат.бул эмнеден болушу мумкун.жообун кутом.алдын ала рахмат.
0
azia9393
2015-03-19 00:41:23
Ушундайларга да ишенип болобу жалган ишенбегиле
0
volk-8_9
2015-04-13 02:03:37
Менин канымын группасы || положительный келинчегимки ||| уулумдун кан группасы |
0
Isanov
2015-05-13 22:34:40
Эми буларга карасам баары эле озунукун макташатго
0
kaitpas
2015-06-02 16:25:36
Болбогон кеп, ар адамда ар кыял дегендей эле төшөк маселеси да кан группасына карабай эле болот.
0
Rifle
2015-10-04 01:40:39
мен 2+ :)
0
Komrad
2016-04-04 06:30:11
II-IV деген жерде айым аз ойлогондуктан топ келишпейт деп турат. Башында 4 топтогу айымдар дарыгер деп макталып жазылбады беле номерлер жанылышып кеткен эмеспи?
0
basyz-kaman
2016-04-27 13:23:29
Болбогон нерсе менин кан группам 3 жогору жактагы жазылган нерсеге дал келбейт.
0
Erlanchik1998
2016-08-24 03:20:04
Болбогон нерсе
0
№ 604, 30-май-05-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан