ВАРИКОЗ – ВЕНА КАН ТАМЫРЫНЫН КӨӨП КЕТИШИ

Буттун варикоз оорусу менен калктын 40 пайызы жабыр тартат. Булардын жарымынан көбү аялдар. Оору күчөп кетсе, адамды узакка эмгек жөндөмдүүлүгүнөн айрыйт.

Оору эмнеден келип чыгат?

Төмөндөн жогоруну көздөй жүрөккө кан ташуучу венадагы клапандар кулпунун ролун аткарат. Кан клапандар аркылуу өткөн соң клапандар кулпу сымал жабылып, канды чыгарбай алып калат. Качан бул система бузулганда кан ылдыйга эркин агып, дененин кайсы бир бөлүгүндө, көбүнчө бутта көпкө туруп калат. Ушундан улам вена серпилгичтигин жоготуп, чоюлуп, кеңейип кетет. Кеңейген жерлерде түйүндөр пайда болуп, ал жер териден бадырайып көрүнүп калат.

Дененин кайсы жеринде учурайт?

Вена дене бөлүктөрүнүн бардыгында кездешкендиктен, варикоз оорусу да дененин ар жерлеринде кездешет. Мисалы, бетте, кызыл өңгөчтө, жамбашта, түз ичегинин оозунда (геморрой), бутта, ички органдарда, ал тургай жыныстык органдарда да кездешет. Жыныстык органда кездешкен түрүнө эркектердин варикоцеле оорусун (жумуртка баштыкчасындагы вена тамырынын кеңейиши) мисал кылсак болот. Антсе да буттун варикозу менен көпчүлүк адамдар оорурун айта кетели. Эмесе, сөз буттун варикоз оорусу тууралуу болмокчу.

Бут варикозунун белгилери

  • Бут талып, салмактанат, карышат.
  • Жумуш кылган соң бут сөзсүз ооруп чыгат.
  • Кечкисин тизенин жана кызыл ашыктын тегереги шишийт.
  • Буттун сезимталдыгы төмөндөп, сайгылашат жана ачышат.
  • Бутта, көбүнчө тизеде узакка айыкпоочу жаралар пайда болот.
  • Буттун терисинин өңү өзгөрөт.
  • Буттун кан тамырлары лукулдатып оорутуп, түнкүсүн тарамыштар тартышып, карышат.
  • Кан тамырларда торду элестеткен түйүндөр пайда болот.

Оорунун себептери

  • Дамамат туруп же отуруп иш­төө.
  • Аз кыймылдуулук же физикалык активдүүлүктүн төмөндүгү.
  • Семирүү, оор жумуштарда иш­төө.
  • Тукум куучулук.
  • Тубаса варикоз оорусу менен төрөлүү.
  • Аллергиялык оорулар.
  • Жыныстык гормондордогу өз­гөрүүлөр. Буга көбүнчө аялдар кез келишет. Мисалы, этек кирлери келерде көп­чү­лүгү буттарынын оорутканын сезишет. Мындан тышкары, аял кош бойлуу кезинде салмак кошулат да, вена кан тамырларына күч келет. Адатта төрөттөн соң калыбына келет. Бирок кайсы бир себептерден улам кээ бир аялдарда калыбына келбей, биротоло калып калышы күтүлөт. Варикоздо гормондордун өзгөрүшүнүн айынан аялдар төрөттөн эрте калып да калышат.

Дарылоо

Консервативдүү дарылоо

Бул дары-дармекти кабыл алуу, атайын багытта чыгарылган трикотаж колготки, байпакты кийүү (дарыканаларда сатылат), дарылык багыттагы дене көнүгүүлөрү менен машыгуу. Дарыларды кабыл алуу менен катар аталган кийимдерди туура кийип жүрсө, кеңейип кеткен веналар төрөттөн кийин калыбына келет же алардын саны азаят.

Хирургиялык дарылоо

Склеротерапия. Дартка чалдыккан вена иштен чыгып, кан соо тамырлар аркылуу ага баштайт. Склеротерапияда ошондой иштен чыккан веналар атайын аппараттын жардамы менен алынып салынат. Аптасына бир жолудан жасалат. Мындай ыкма менен ооруга чалдыккан веналардан толук кутулуунун убактысы оорунун формасына жараша болот.

Флебоэктомия. Наркоз же ооруну сездирбөөчү дары-дармектер менен операция жасоо ыкмасы.

Аппарат менен дарылоо

Кыргызстанда варикоз оорусунун тереңдеп кетишинин алдын алуучу жана оору белгилерин жок кылуучу атайын аппарат 3 гана жерде бар. Бишкектин “Грация” медициналык борборунда, Баткен облустук ооруканасында жана Ысык-Көлдүн “Кыргызское взморье” санаторийинде. Аппарат буттагы төмөндөн өйдөнү көздөй кеткен кандын агымын жакшыртат.
“Грация” медициналык борборунда “Хивомат-200дөн” башка “Лимфовижин” аппараты бар. Дарылоо курсу 10 күн.

Варикоздун коркунучу

Ысыкка чыкканда, күнгө кактанганда, семиргенде, мончого барганда түйдөкчө болуп уюп калган кандар (тромб) үзүлөт. Алар кан менен кошулуп мээге жетсе инсультка же жүрөккө жетсе инфаркка чалдыктырышы мүмкүн. Ошондуктан варикоздун башталыш кезинде эле врачка кайрылып, дарылануу кажет.

Илдетти алдын алууга карата кеңештер

  • Бир орунда узакка отуруудан же туруудан качыңыз. Чуркоону, сууда сүзүүнү, жөө сейилдөөнү адатка айлантыңыз.
  • Балтыр эттин булчуңдарын иш­те­түү үчүн гимнастикалык кө­нү­гүү менен машыгуу зарыл.
  • Эс алганда бутту өйдө көтөрүп жатуу туура. Бул үчүн буттун алдына жаздыкча төшөп коюу жакшы.
  • Бутту кайчылаштырып отуруу варикозго алып келерин эске алып, мындай адатыңыз болсо таш­таңыз.
  • Тар шым менен ичке, бийик такалуу бут кийим кийүүдөн, катуу курларды пайдалануудан баш тартуу зарыл.
  • Ичимдиктерди ашыкча ичүүдөн, ачуу татымалдарды көп колдонуудан качыңыз.
  • Кош бойлуу аялдар ашыкча тамактануудан баш тарткандары оң. Себеби ашыкча салмак бутка күч келтирет.

Эске алыңыз!

  • Буттар чарчаганда деңиз же аш тузу салынган ванна кабыл алуу зарыл.
  • Бутту муз менен сүртүү, массаждоо да эс алдырарын жадыңызга түйүңүз.
  • Тар ич кийимдер варикоз оорусу барлар үчүн коркунучтуу. Анткени мындай ич кийимдер жамбашты бекем кысат. Ошондуктан ал жерде кан көп топтолуп, варикоз оорусунун күчөшүнө алып келет.
  • Бутунда варикоз оорусу барларга мончодо бууда көпкө отурууга жана жайкысын буттарын күнгө кактоого болбойт.
  • Кан тамырлардын чыгып кетишине (варикоз), геморройдун жаралышына да ичегилердин жакшы иштебегени алып келет. Анткени денеге шлактар толуп, салмакты оордотот. Андыктан ичегини тазалап туруу кажет.
  • Оор жумуш кылууга, оор көтө­рүүгө болбойт (кан тамырларга күч келет).
  • Ашыкча салмактагылар арыктоону пландоолору зарыл.
  • Жылына жок дегенде бир ирет кан тамырлар боюнча дарыгер-фле­бо­логдун тек­шерүүсүнөн өтүп турууну жа­ды­ңызга тутуңуз.

Бутту дайыма учкаштырып отуруу варикозго алып келет.


Элдик медицинадан

Эрменден компресс. Варикоздон жапа чеккендер бутуна эрменден компресс жасаса болот. Упадай абдан майдаланган 1 аш кашык эрменге 1 литр жаңы уюган айранды кошуп, аралаштыруу кажет. Анан дакини ал аралашмага нымдап алып, ооруган жерге 2-3 саат тартуу керек. Бул бир күндө 2 жолу кайталанат.
Эрмен болбосо, анын ордуна теңге гүл (календула) же ромашканы колдонсо болот. Дарылануу курсу 4 күн.
Помидордон компресс. Жаңы үзүлгөн помидорду тегерек кылып кесип алып, кеңейип кеткен тамырлардын үстүнө жабуу керек. 3-4 сааттан кийин жаңы помидордун кесимдери менен алмаштыруу кажет.
Картошкадан компресс. Картошканы сүргүчтөн өткөрүп, ботконун ка­лың­дыгын 1 сантиметрдей кылып тартуу керек. Үстүн целлофан, мата менен жаап коюу талапка ылайык. Компресс 4-5 саат коюлат.
Бутка ванна. Мажүрүм талдын же эмендин кургатылган кабыгын абдан жанчып, упадай майдалап алуу кажет. Андан 2 аш кашык алып, үстүнө 400 грамм ысык суу куюп, 15 мүнөттөй жай отко кайнатуу зарыл. Эми бутка ванна жасай берсе болот (бутту тизеге чейин салуу ылайык). Ваннага бутту 30 мүнөт кармоо талапка ылайык. Дарылануу курсу 4 күн.
Эскертүү: Элдик медицинаны колдонуудан мурун, врачтан кеңеш алуу зарыл!

Эчкинин сүтү – кургак учук үчүн табылгыс дары

Кургак учук (туберкулёз) менен ооругандар врач сунуштаган дары-дармектен тышкары, 1 стакан эчкинин сүтүнө 1 чай кашык куйрук май кошуп, ачкарын 3 маал ичип, илдеттен арылышса болот. Бул дарылануу ыкмасын толук айыкканга чейин колдонуу керек.

Куяңды дары ботко айыктырат

Куяң (радикулит) кармаганда чакан идишке ар бирин 1 аш кашыктан кылып бал, өсүмдүк майын жана кургак горчица салуу кажет. Эми ал идишти ичинде жылуу суусу бар чоңураак идишке салып, дары боткону аралаштыруу менен жылытып алуу зарыл.
Жылуу боткону таза кагаз бетине сыйпап, далыга горчичник сындуу тартуу керек. Сыртынан жылуу жоолук менен таңып, 2 күн жүрүү зарыл. Керегине карап муну кайталай берсе болот.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Aytur
2017-06-27 00:23:18
Аял затына азапты уйуп берген экенго Кудай.
Баардык оору бизге жабышат аябай кыйналып журом варикодон.
0
№ 364, 23-29-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан