БЫШТАКТАН КЕКС
КЕРЕКТҮҮ АЗЫКТАР:
Ун – 200 грамм
Быштак – 150 грамм
Каймак май – 55 грамм
Кумшекер – 150 грамм
Жумуртка – 2 даана
Сода – 1 чай кашык
Камыр жумшартуучу (разрыхлитель) – 1 чай кашык
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Каймак майды эритип мискейге салып, ага майдаланган быштакты кошобуз.
2. Жумуртка менен кумшекерди кошуп, бирдиктүү массага келгичекти аралаштырабыз.
3. Ирети менен ун, сода, камыр жумшартуучуну кошуп, 30 секунд аралаштырабыз.
4. 160-170 градуста ысыган электр мешинде 55-60 мүнөт бышырабыз. Андан соң кооздук үчүн шекер упасын кошуп, дасторконго коёбуз.
Кексти түрдүү кылып жасагыңыз келсе, быштактын ордуна какао порошогун, жайкысын карагат, чие, кышкысын жаңгак же мейиз кошуп жасасаңыз жакындарыңызды кубантасыз.
«АКЫЛДУУ» ПИРОЖНОЕСИ
КЕРЕКТҮҮ АЗЫКТАР:
Жумуртка – 8 даана
Маргарин – 250 грамм
Ун – 225 грамм
Суу – 2 аш кашык
Сүт – 1 литр
Кумшекер – 300 грамм
Ваниль порошогу – 2 чай кашык
Кумшекер упасы – каалаганча
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Маргаринди эритебиз. Жумуртканын агын өзүнчө бөлүп алып көбүргөнчө чалабыз. Ал эми жумуртканын сарысын, кумшекерди, сууну жана ванилди кошуп өзүнчө аралаштырып алабыз.
2. Эми буга тыныккан маргаринди кошобуз да, андан соң унду себелеп жакшылап чалуу керек.
3. 500 мл сүттү кошуп, бир өңчөй болгуча аралаштырып, ага дагы калган сүттү кошобуз. Эми буга жумуртканын агын аралашмага кошуп, жакшылап аралаштырсак суюк масса пайда болот.
4. Формага куюп, 175 С ысыган духовкада 1 саат 20 мүнөт бышырабыз. Дасторконго коёрдо кант упасын себелеп койсок болот.
«ТОБУРЧАК»
КЕРЕКТҮҮ АЗЫКТАР:
Печенье – 500 грамм
Каймак май – 200 грамм
Сүт же суу – 120 миллилитр
Кумшекер – 2 аш кашык
Какао порошогу – 2 аш кашык
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Печеньени майдалап, ага каймак май кошуп аралаштырабыз. Суу же сүткө какао порошогун кошуп, бир кайнатып алабыз да, оттон чыгарабыз. Андан соң бир аз муздаганча коё турабыз да, майдаланган күкүмгө кайнаган сиропту кошуп аралаштырабыз.
2. Аралашманын учун учтуураак кылып сүйрү формага келтиребиз, андан соң 20 мүнөт муздаткычка салып коёбуз.
3. Муздаткычтан алгандан кийин бычак же кайчы менен өтө терең эмес кылып тешикчелерди жасайбыз. Даяр болгон таттууну ар кандай жашылчалар менен кооздоп, дасторконго коё берсек болот.
Нурдана Бегимаалы кызы
kenesh@super.kg