Кыргыз эстрадасында 2005-2006-жылдары жаңы толкун башталган. Темир Назаров баштаган бул толкунда Султан Садыралиев, Мирбек Иманбеков, Ильяз Абдыразаков, Мирбек Атабеков деген ысымдар пайда болду. Баары көз күйдүргөн бойдок, өрт жигиттер эле. Арадан бир топ жыл өтүп, баары үй-бүлө күтүп, асты ата болушту. Бул ирет биз ырчы Мирбек Атабековдун атактуулукка кантип жеткенин изилдеп көрдүк. «Ийгилик үчүн бир пайыз талант, 99 пайыз эмгек талап кылынат» дегендей, көрсө, адам канчалык аракет кылса, ошончо эмгегинин жемишин татат экен.
«КЕСИБИМ ҮЧҮН КӨП КУРМАНДЫККА БАРДЫМ»
-Мен бала кезден ырчылыкка жакын өстүм. 6-классымда апамдын колуна, Бишкекке келип, №50-мектепте окудум. Ал жакта ар кандай сынактарга катыштым, Манас айтып, ырдап жүрдүм. Кечке ырдата беришкенинен кээде тажап да кетчүмүн. Ошондуктан 8-классты бүтүп №67-мектепке которулуп кетип, ал жакта талантымды ачкан жокмун. Мектепти аяктаарыбызга аз калганда гана класстар аралык сынак болуп, ырдаганга туура келди. Сынакка минусовка жаздырмакчы болуп бир ресторандагы музыкантка кайрылсам, мени ырдатып көрүп үнүмдү жактырып калды. «Кааласаң бул жакка келип ырдасаң болот, сага жардам берем. Күнүнө 50 сом төлөйбүз» деди. 50 сом ал кезде чоң акча болчу. Менин негизги оюм эле «эптеп бир айча иштесем, акча чогултуп гитара сатып алам да, чыгып кетем» деген болчу. Кайдан, бир ырдап алгандан кийин ал баңгизат сыяктуу экен, кайра-кайра ырдагым келип, ошол бойдон кабактан (ырчылар жандуу үн менен ырдаган эс алуучу жай) чыга албай калдым. Кийин башка жактан «күнүнө 500 сом төлөйбүз» деп чакырышты. Ал жакка өттүм. Андан дагы башка сунуштар чыкты. Айтор, жарым жылда күнүнө ырдаганым 50 сомдон 1000 сомго көтөрүлүп кетти. Өзүм 16 жаштамын, ал кезде мен сыяктуу кафеде ырдаган балдар жокко эсе болчу. Ошентип ресторанда түнү менен ырдап, күндүзү мектепке келип жүрүп окуумду бүтүрдүм. Кээде эртең менен сабакка келип арткы партада отуруп уктап калчумун (күлүп).
Бир жолу аяш апам Шайыр Касымалиеванын иниси келип, «Поющий город» деген сынакка катышып көрбөйсүңбү?» деп калды. Ал учурда үнүм да такшалып калган эле. Сынакка катышып, экинчи орунду алдым. Ал жерден Динара Эсенгулова мени байкап, «Хит парад» программасына чакырды. Анда Азиз деген жигит менен «Лайф» аттуу топто элек. Көп өтпөй топ тарап, Азиз Жетигенов, Ильяз Абдыразаков болуп «Санат» деген триону түздүк. Ошол кезде машина деген биздей жаштарга кол жеткис болчу. Машина алам деп чогултуп жүргөн акчама клавишалык аспап сатып алдым. Бул жоругума көпчүлүк таң калды, машина албай аспап сатып алыптыр деп. Дал ошол клавиша менин эле эмес, көп ырчылардын багын ачпадыбы. Султан Садыралиев менен Акбар Сүйүнбаевдин «Махабатым», Мирбек Иманбековдун «Таластык кыз», Ильяз Абдыразаковдун «Арманым» жана башка көп хит ырлар ошол «клавишада» жазылды. Тилекке каршы, триобуз бир жылча иштеп, ар ким өзүнчө ырдамай болуп тарап кеттик. «Сени гана» деген ырымды жаздырып жүргөндө Канат байке менен таанышып калып, ал «Ыр десте» программасына чакырды. Андан кийин Темир Назаровдун Бишкекте, Ошто болгон концерттерине чыгып ырдадым. Оштогу концертте «Мирбек Атабеков» деп мени чакырса дуу кол чаап тосуп алышты. Ошондо мен биринчи жолу сахнанын даамын татып, кол чабуудан, көрүүчүлөрдөн энергия алдым. Ага чейин шоу-бизнес боюнча түшүнүгүм жок эле. Канат байке көп нерселерди түшүндүрүп, кабардар кылды. Ал кишинин продюсер катары эмгегин Темирден көрүп жүргөнбүз да, ошондуктан Канат байкеге чогуу иштешүүнү сунуштадым. Атактуу болгон соң артыңдан ээрчиген ушак кептер көп болот экен. Башында мен жөнүндө айтылган жаман сөздөр катуу тийип, чөгүп кетчүмүн. Бара-бара көнөт экенсиң, азыр көңүл деле бурбай калгам.
Кесибим үчүн көп курмандыкка баргам. Азыр болсо ошонун жемишин көрүп, тууган-урукка да жардам кылып турам.
Кундуз Качкынбаева, классташы, Мирбектин бир нече ырларынын автору:«МИРБЕК ЫРЛАРЫМДЫН БАГЫН АЧТЫ»
- Мирбек Таласта чоң ата-чоң энесинин колунда чоңоюп, 6-класска чейин бир класста окудук. Экөөбүз 2006-жылдан бери тыгыз иштешип калдык. Ага чейин мен бир да обонго ыр жаза элек болчумун. Бир жолу келип, обонун ырдап берип, «ушуга ыр жазып бербейсиңби» деп суранып калды. Бир жагынан чоң жоопкерчиликти сезип, ыр жагар бекен деп көпкө ойлондум. Өзүмдүн да биринчи обонго салынган ырым Мирбекке жазган «Кыргызстаным» болду. Андан кийин деле ырларымды көп ырчылар ырдап жүрүшөт. Мирбек баарынан да ырды жүрөгүнөн өткөрүп, ийине жеткире ырдайт. Ал менин ырларымдын багын ачты десем болот. «Күндөр жаңырат», «Кыргыз эли», «Махабат, «Сагынган кезде», «Жашасын махабат», «Талисман» деген ырлары менин калемимден жаралган.
Дарика Абдрахманова, апасы:«МИРБЕК ЫРЧЫ БОЛГОНДОН ТАРТЫП МЕН УЙКУДАН КАЛДЫМ»
- Мирбектин атасы Искусство институтун аяктаган эле. Комуз, пианинодо ойночу, ырдачу, ыр жазчу. Мики да атасын тартып бала кезинен музыкага жакын болду. 6-класска чейин Таласта, кайын журтумда окуган. Ошондо эле мектептеги сынактарды калтырбай катышчу. Ресторандарда ырдап жүрүп «Сени гана» деген ырын чыгарды. Ошол ырынын клиби чыкканда көрүп, такыр тойбой койдум. Таң атканча калп айтпасам 50 жолу көрдүм окшойт. Улам бүтсө улам кайталап коюп алам. Бөлөм бар эле жанымда, «тажаган жоксуңбу?» деп коёт. Андайда уйку да качып кетет экен. Мики кандай чыгармачылыкка аралашты, менин да уйкум качты. Түнү кантти экен деп кирпик какпай чыкчумун. Качан гана «апа» деген сөзүн уксам анан уктайм.
Бир кездерде күйөрман кыздары укмуш көбөйгөн. Күнү-түнү тынбай чалышат. Күйөрмандарынын болгону бир жагы жагымдуу болсо, бир жагынан жагымсыз эле. Айрым кыздар түн экенине карабай чалышат да, алсаң коюп салышат. Ошону менен токтоп калса кана, кайра-кайра эрмектегенсип чала беришет.
Мирбек жеткен ийгиликтерине канча кубансам да, көзүмө жаш алган эмесмин. Кээде ойлоп калам, атасы раматылык эрте кайтыш болбодубу. Күйөөмдү жоктоп ыйлап жүрүп көз жашым чыкпай калса керек деп. Баламдын аяш апа, аталары «эмнеге атасы жөнүндө айтпайт?» деп калышат. Мирбек атасы каза болгондо эки жашка жетпеген наристе эле. Атасын билбей деле калды да. Кээде өкүнүп кетем, баласынын ушундай күндөрүн атасы көрсө болбойт беле деп.
Баламдын бир кызык жагы бар. Ойго батып кетсе жанындагы кишини да унутуп коёт. Кээде жакшынакай болуп отуруп эле чуркап жөнөйт, «илхам келди» деп. Чуркап барып диктофонго жаздырат. Бала кезинен эле душ, мончого түшөбү, короого чыкса да өкүрүп-бакырып ырдай берчү. Кошуналардын баары көнүп калышкан (күлүп).
Мурун базарга деле чогуу барып азык-түлүк алып келчүбүз. Кийинчерээк Мирбекти таанып, шыбырашып, колу менен көрсөтө башташты. Ошондон кийин балам базарларга барбай калды. Баламдын атына айтылган кандай кеп болбосун жүрөгүмө жакын кабыл алам. «Менин балам ак көңүл, жөнөкөй, жайдары, эмне эле аны андай деп жатышат?» дей берчүмүн. Быйыл Мирбектин Канат менен иштешкенине 9 жыл болуптур. Баламды ушундай деңгээлге жеткирген продюсерине рахмат айтам.
Ильяз Абдыразаков, ырчы:«СУРАНЫШСА МИРБЕК ТАРТЫНБАЙ ЫРДАП КИРЧҮ»
-Мирбек экөөбүздү чыгармачылык тааныштырды. Ал кезде баарыбыз кафелерде ырдачубуз. Азиз Жетигенов, мен, Мирбек болуп бат эле тил табышып, дос болуп кеттик. Үчөөбүз бир кафеде иштеп жүргөндө Мирбек экөөбүз Азизди болбой эле «бизге кошул» деп топ түзүп алдык. Мирбек ошол кезде эле аракетчил болчу. Бирөөлөр «ырдап берчи» десе, тартынбай тура калып ырдап кирет эле. Экөөбүз кечке бир нерселерди чыгарып, кафеге барып ыр жаздырып, Азизге алып келип угузчубуз. Ага чейин мен өзүм деле ырчы болом деп ойлочумун, бирок көп кызыккан эмесмин. Үчөөбүз биригип ырдап баштаганда кызыгуу күчөй баштады. Күндүз уктайбыз, кечинде кафеде ырдайбыз, бильярд ойногону барабыз, негизги жумушубуз эле ушул болчу. Биринчи жолу «Хит парадга» Мирбектин «Жүзүң» деген ырын аткарып чыктык. Андагы толкундануу сезими абдан күч эле. Эл да бизди аябай жакшы кабыл алган.
Азиз Жетигенов, ырчы:«МИРБЕК, ИЛЬЯЗ БОЛУП 3 ЖЫЛ ЧОГУУ ЖАШАДЫК»
-2003-2004-жылдары Ильяз экөөбүз бир кафеде, Мирбек башка кафеде ырдачу. Ал кезде ырчылар жумуш бүткөндө бири-бирибиздикине микрофонду көтөрүп барып чогулуп ырдай берет элек. Бир жолу биз иштеген кафеге Мирбек келип отуруп калды. Таанышып, сурашып, бат эле тил табышып кеттик. Көп өтпөй Ильяз үчөөбүз чогуу иштеп баштадык. Ал учурда мени эл Азиз Жетигенов деп таанычу. Бир күнү жумушка кечигип келсем экөө отуруптур. Мени чакырып, «топ ачайын деп жатабыз» деп калышты. Идеяларын колдоп, макулдашып, топтун атын «Санат» деп атадык. Трио биринчи эле Мирбектин «Жүзүң» деген ырын ырдап чыктык. Ырыбыз бат эле эл оозуна алынып кетти. Бирок бир жылдан кийин ар кимибиз өз алдыбызча карьера кылууну чечкенбиз. Үчөөбүз топ болгонго чейин 3-4 жыл батирде чогуу жашадык. Анда үйдөн дос үзүлчү эмес. Эртең менен туруп карасаң тааныбаган балдар жүрөт. Алар досуңдун досу болуп чыгат, айтор, жакшы күндөр өттү. Топ тараарда биздин жазылбаган 4 ыр бар эле. Бөлүнгөндө эки орусчасын мен, «Сагынамын сени» деген ырды Ильяз алды, Мирбек да бир ырды алды. Мирбек менен Ильяз менден кичүү эмеспи, аларга «кийин өзгөрүп, жылдыз болуп кетесиңер» дей берчүмүн. Бирок өзгөрүшкөн деле жок, ошол бойдон эле.
Канат Култаев, продюсери:«МИРБЕК МЕНЕН КӨП ЖОЛУ УРУШТУК»
-Мирбекти мен алгач «Лайф», кийин «Санат» тобунан көрүп-угуп жүрдүм. Анда ал кичинекей, арык бала болчу, кичинекей болсо да өзү ырларды чыгарып жүргөнүн, үнүн баалагам. 2005-жылы Темир Назаровдун тушоо кесүү концертине чакырганымдан кийин чогуу иштешип баштадык. Дароо эле чыгармачылыкка катуу киришип, 5 ай дегенде «Сени гана» деген аталышта биринчи жеке концертин бердик. Киши залга толуп, көрүүчүлөрдүн көптүгүнө кубанганбыз. Анда азыркыдай демөөрчү деген жок болчу. Концерт бүткөндө чыгашалардан кийин 1000 сом калган өзүбүзгө. Ошондо Мирбектин «мен го өзүмдүн атым үчүн концерт койдум. Сизге «жалко» деген сөзүн угуп абдан ыраазы болгом. Ошентип удаа ырлар жаралып, Мирбектин күйөрман кыздарынын саны күн санап өсүп жатты. Бир күйөрманы эсимде, сахнанын артына өтүп, Мирбектин гримёркасына бараткан экен. Ал чыга калса кыз чочуп кеткенби, эси ооп өзүн жоготуп койду. Мирбек ырдаганы чыгыш керек болуп, чуркап сахнага чыгып кетти. Кызды эсине келтире албай абдан кыйналганбыз. Анын талмасы да бар экен, жүрөгүбүз түшүп, эптеп «Тез жардамдын» жардамы менен эсине келтиргенбиз.
Чогуу иштешкен 9 жыл ичинде экөөбүз көп жолу урушуп-талаштык. Адамдын ичинде кара ою жок болсо, кайра эле унутуп кечирим сурап, иштешип кете берет экен. Ырчыларда «жылдыз оорусу» деген нерсе бар эмеспи. Адамды канчалык мактап, жакшы көрө берсе, көтөрүлүп кетет. Мирбек андай илдетке да чалдыкты. Кээде менин сөзүмдү укпаса апасы акыл-насаатын айтып турчу. Жаңы чыгып, жылдызы жанып турган чакта Казакстанга иштеп кетүүгө көп сунуштар болду. Бирок биз макул болгон эмеспиз. Азыр Мирбектин ырларын казак жана башка улуттагылар көп которуп ырдашат, угушат. Бул биз үчүн чоң сыймык.
Гүлжамал Бөрүкулова
Андрей Чистяков
star@super.kg