КЕЛДИБЕКОВ БОШОТУЛБАСА, ОШ-ЭРКЕЧ-ТАМ АЧЫЛБАЙБЫ?

Жогорку Кеңештин экс-спикери, «Ата Журт» партиясынын лидерлеринин бири Ахматбек Келдибековдун жердештери жана жактоочулары Ош-Эркеч-Там жолун 27-май күнү бууп алышты. Мындай окуя ушуну менен экинчи ирет кайталанууда. Ахматбек Келдибековдун туулган айылы Сопу-Коргондун жанынан тосулган жол жакын арада ачылчудай көрүнбөйт. Аталган трасса стратегиялык мааниге ээ, анткени ал Кытайга алып барат. Орто жолдо калган жүргүнчүлөр, жүк ташыган ишкерлер бушайман. Нааразычылык акциясына чыккандар болсо «ушундай иш менен гана чоңдорго үнүбүз жетпесе, башка арга жок» дешет. Алардын пикиринде, Ахматбек Келдибековду бийлик жөн жерден айыптоодо.

КЕЛДИБЕКОВ БОЮНЧА ТЕРГӨӨ ИШИ УЗАРТЫЛДЫ
27-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Ахматбек Келдибековго карата кылмыш иштерин тергөөнү 27-июнга чейин жылдырып, аны камакта калтыруу чечимин чыгарды. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты 2013-жылдын 20-ноябрында кармалып, УКМКнын тергөө абагына жеткирилген болчу. Ага карата «коррупция» жана «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Дээрлик ошол күндөн тарта Келдибековдун жакындары жана тарапташтары тарабынан жолдор тосулуп, митингдер өткөрүлө баштаган. Белгилей кетсек, депутат кармалардын алдында «Кыргызгаздын» орусиялык «Газпромго» сатылышына каршылыгын билдирип жаткан эле.

ЖОЛ БУУГАНДАР КЕПКЕ КЕЛБЕЙ ЖАТАТ
Октябрь райондук соту чыгарган чечимге улай, ошол эле 27-май күнү Ош облусунун Алай районуна караштуу Сопу-Коргон айылынын жанында Ахматбек Келдибековдун 100дөн ашуун тарапташтары депутаттын бошотулушун талап кылуу менен Ош-Эркеч-Там жолун бууп алышты. Алар жол боюна боз үйлөрдү тигип, жолго шагыл төктүрүп, чоң-чоң таштарды тизип чыгышты. Акциянын катышуучулары менен жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүү-түшүндүрүү иштеринен азырынча майнап чыга элек. «Келдибеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылсын. Ал бошотулмайынча биз ушул жерден жылбайбыз» дешүүдө депутаттын жактоочулары.
Акциянын кесепетинен жолдо тыгын жаралып, 100дөй машина сапарын улай албай токтоп турат. Машиналардын көбү жүк ташуучу унаалар болгондуктан, ишкерлер зыян тартып, бул аймакта жашаган тургундар да жолдун жабылуусунан кыйналышууда. Гезит басууга кетерде жол ачыла элек болчу.

Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Wave.
2014-06-02 11:49:38
Ушулар тойгозду ай. Кимисин кармаса эле, акчасын чачып митинг откормойду адат кылып алышты. Укук коргоо органдары, ошол митинг кылгандарды да алпарып, Келдибековдун жанына отургузуп коюшу керек. Отурушсун кумиринин кашынан чыкпай...
-4
Aimeerimka
2014-06-02 14:18:07
Эмне
эле узуртып жатат моонотун чыгарып койсо жакшы болмок. Келдибеков чыгып
ТС га каршы бир нерсе кылса жакшы болмок. Мен Келдибековту
колдойм,Ашадан караганда 100эсе ойдо турат. "Ак ийилет бирок сынбайт".
+5
vbrb
2014-06-02 15:49:45
Келдибековду колдой дегендерге жиним келет. Келдибеков менен Атамбаевдин айырмасы асман менен жердей. Атамбаев Акаевдин да бакиевдин да учурунда оппозицияда болуп оз оюн айтып келген, бизнеси да бар. Келдибеков 2010 апрель революциясынан кийин эле бийликтин алсыздыгынан пайдаланып опозиция болуп отурат бакиев элди тундук туштуко болуп кеткенден бери саясатчылар муну айабай жакшы пайдаланып жатышат
-2
suiutbekov1989
2014-06-08 03:41:07
vbrb, сен билгендей суйлойсунго ээ же ошолор менен бирге болдун беле
0
joni_91
2014-06-02 19:00:07
Азыркы бийлик келдибеков, ташиев жолдошова кыскасы булардан коркуп анан кысым коргозуп атат. Келдибеков кыргыз деген адам. Ал кыргызды эч кимге сатпайт чыныгы эркек мен ишенем.
+5
Fatimka
2014-06-02 20:42:34
Келдибеков эч качан кыргыз деген эмес. Озум деген адам. Жеген ичкенин мамлекетке толош керек. Азыр жол тоскондорго дагы акчаны аябай берсе керек.
-1
tourist
2014-06-02 23:03:00
Келдибеков кыргыз деп куйсо кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланбайт болчу ...Жолду торогон жердештерине кайрылып таратпайбы. Жердештери чыгарып алса да Аллах коруп турат!
-1
luna_luna
2014-06-03 13:53:19
эч кандай пайдаланган жок ал кыргаз деп куйгон жан билип билбей жаза берет экенсинерда
+1
Almaz-78
2014-06-03 14:38:59
Чон-Алайдын эли продуктадан,ГСМден кыйналып жатышат.Кыргызды кыйнап жатышпайбы.Элди кыйнабай жок дегенде ГСМ,продуктыны откоруп
0
Almaz-78
2014-06-03 14:45:36
Чон-Алай жолу стратегиялык маанидеги жол.Эки элди кайрабай ошол маселени бир жагына чечип бербейсинерби саясатчылар.
+1
admin_superstan
2014-06-03 14:59:57
Almaz-78, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. Башкалардын улутун кемсинтүүгө жана провокацияга тыюу салынган!
0
dream2013
2014-06-04 08:40:35
Ушу депутатарды кырып салгым келет .
+2
Tomas31107788
2014-06-05 16:04:52
Мен да Акматбек Келдибековту колдойм керек болсо Атамбаевтен ойдо!
0
kg.555
2014-06-06 13:09:07
ачылбаш керек талаптар аткарылмайынча!
0
Bexa9595
2014-06-06 16:22:21
келдибеков чыгарылмай сайын жол ачылбаш керек!!! ал азыркы бийликтин курмандыгы гана болуп калды
0
Akabai
2014-06-08 10:51:51
Келдибеков чыксын ордуна АША отурсун!
0
№ 604, 30-май-05-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан