Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева сын-пикирлердин толкунунан чыга албай калды көрүнөт. 24-апрель күнү маданият өкүлдөрү бийликтин маданият тармагына жетиштүү көңүл бурбаганына нааразычылык билдирип өкмөт үйүнө бекеринен өкүрүп барышпаган сыяктуу.
Бул сапар Казакстан, Орусия жана Түркиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү Камила Талиева катыша турган иш-чараларга бойкот жарыялап, өткөрүлө турган башка иш-чараларга аны чакыруудан баш тартмай болушту. Бул тууралуу социалдык маселелер боюнча вице-премьер Эльвира Сариевага келип түшкөн катта жазылган.
Диаспоралардын кайрылуусуна караганда, К.Талиевага болгон нааразычылык 3-майда Казакстандын борбору Астанада болуп өткөн «Ала-Тоо булбулу Токтогул» деген иш-чарадан улам келип чыккан. Бул иш-чара диаспора жана демөөрчүлөрдүн эсебинен өткөрүлүп, министр К.Талиева конок катары катышып келген. «Кыргызстанга келген соң К.Талиева иш-чараны министрлик уюштургандай билдирүүлөрдү таркатып жатат»,- деп айтылат Э.Сариевага жолдонгон катта.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматындагылар техникалык каталарга шылтап, Камила Талиева чыныгы уюштуруучуларды унутушу мүмкүн эмес дешүүдө.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg