Жогорку Кеңештеги «Республика» фракциясы 28-май күнү өз катарынан дагы 6 депутатты чыгарды. Алар: Нурбек Алимбеков, Акылбек Эшимов, Алтынбек Сулайманов, Исхак Пирматов, Абдыжапар Бекматов жана Нурбек Мурашев. Аталгандар «Ынтымак» жана «Бир бол» деген депутаттык топторду түзүп кетишкен. Парламенттик шайлоонун алдында чагылгандай тездик менен бириге калган бизнес-өнөктөштөрдүн иштешүүсү ошентип алыска барбады. Учурда аталган фракцияда партиянын түптөөчүсү, башкы лидер Өмүрбек Бабановдун багытын колдогон 10 гана депутат калды.
Эске салсак, «Республика» партиясы Жогорку Кеңешке 23 депутаттык мандатты жеңип келген. Анын катарынан биринчилерден болуп «Ата Мекен» фракциясына жан тартуу менен Канатбек Исаев чыккан болчу.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg