29-май күнү Казакстандын борбору Астана шаарында Орусия, Казакстан жана Беларустун башчылары Владимир Путин, Нурсултан Назарбаев менен Александр Лукашенко Кыргызстандын Бажы союзга кирүүсү боюнча жол картасынын долбоорун кабыл алышты. «Биз Алмазбек Атамбаев менен Кыргызстандын Бажы союзга кирүү боюнча багыт алуусунда көмөк көрсөтүү маселелерин макулдаштык»,- деди Владимир Путин.
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин айтымында, Кыргызстандын союзга кирүүсү боюнча атайын фонд түзүү Орусия менен макулдашылган. Ал өлкөнүн интеграцияга кошулуу процессин жеңилдетет. «Бажы союзга кирүү Кыргызстанга өтө керек жана бул өлкөнүн эл чарбачылыгынын бүтүндөй комплексинин өнүгүүсүнө импульс берет. Бир канча күндүн ичинде бардык маселелерди чече алабыз деп айта албайм, бирок биз Жаңы жылды сиздердин союзуңуздардын курамында тосууну каалайбыз»,- деп билдирди А.Атамбаев Астанадагы отурумда.
Эске салсак, буга чейин экономика министри Темир Сариев Кыргызстан аталган союзга кирүүдө 460 товардык позиция боюнча жеңилдик, ошондой эле инфраструктура үчүн 377 миллион доллар сурай тургандыгын айткан. Бул каражат Бажы союзунун талаптарын аткарууга, тагыраагы, бажы постторун жабдууга, лабораторияларды курууга жана башка муктаждыктарга жумшалмак.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg