300 МИҢ СОМ ПАРА АЛГАН АНТИМОНОПОЛДУК АГЕНТТИКТИН БАШКЫ АДИСИ КАРМАЛДЫ

Унаа тетиктерин саткан Кыргызстандагы эң чоң базарлардын бири «Кудайбергендин» директору, Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган кезде өлтүрүлгөн Жыргалбек Сурабалдиевдин кызы Эльвира Сурабалдиева учурда коомчулуктун көңүл чордонунда. Ал 300 миң сом пара талап кылып, алгандыгы үчүн Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин кызматкери Нургалы Кудаяровду Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын колуна салып берди. Бул окуя Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башчысы Бабырбек Жээнбековго көлөкө түшүрдү. Эске салсак, ал Жогорку Кеңештин депутаты жана Улуттук оппозициялык кыймылынын тең төрагасы Равшан Жээнбековдун атасы.

«Кудайберген» базарынын тегерегиндеги окуялар эки айдан бери созулуп келе жаткан. Тагыраагы, базарда жайгашкан контейнерлердин ижара акысы эки эсеге кымбаттамай болуп, соодагерлер менен жетекчиликтин ортосунда талаш жаралган болчу. Окуя өөрчүп отуруп, 23-май күнү ижара акысынын көтөрүлүшү негиздүүбү, жокпу деген маселени карап жаткан Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башкы адисинин 300 миң сом пара алып, колго түшүрүлүшү менен аяктады. Кармоо учурунда Нургалы Кудаяров майнап чыкпаса да булкунуп, качууга аракет кылган.
Жаш ишкер айым Эльвира Сурабалдиеванын интернеттеги өздүк баракчасына калтырган билдирүүсү окуянын так картинасын ачып берди: «Өмүрүмдө мындай иштер менен алек болуп көргөн эмесмин, бирок бетпак болуп бүткөн алдамчылар мени ушул кадамга барууга мажбур кылышты. Бул адам эместер бир жарым ай бою мээмди жешти. Биздин негиздүү жана мыйзамдуу тарифти макулдашуудан өткөрбөй жатышты. Прокуратура, ИИМ жана УКМКга арыз жаздым, бирок реакция нөл. Мени карышкырларга жалгыз таштап коюшту.
Башында тарифтерди 92 пайызга көтөрүүгө кол коюп беришкен, бирок мен макул болбой, мыйзамдуу түрдө 100 пайызды талап кылып туруп алдым. Алар болсо калган 8 пайызга макулдук берүү үчүн 300 миң сом сурашты. Өмүр бою «май курсактарды» тойгузуп жүрүү ниетим жок. Бюджетке миллиондоп салык төгүп, ал аз келгенсип, мындай жуттарга дагы союла тургандай мен мал эмесмин».
Адатка айланып бараткандай, интернетте эки адамдын бул окуя тууралуу сүйлөшүүсү жазылган аудиожазуу пайда болуп, ал адамдар Эльвира Сурабалдиева менен Нургалы Кудаяров дешүүдө. Сүйлөшүүдө Нургалы Кудаяров акчаны Бабырбек Жээнбековго алып барып берерин айткан. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы Бабырбек Жээнбековдун бул ири суммадагы параны талап кылууга тиешеси бар-жоктугун текшерип жатат.
«Бул окуя саясатташып бара жатат. Кармалган адамдан мага каршы көрсөтмө берүүсүн сурап жаткандыгы тууралуу маалыматым бар»,- деп билдирди бул окуядан кийин Бабырбек Жээнбеков. 28-май күнү Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги «Кудайберген» базарындагы тарифтин 92 пайызга жогорулашын негиздүү деп тааныды.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kipchak
2014-06-02 09:26:55
Комент бергенибиз менен эч нерсе озгорбойт. Тилибизди тишибизге каталы.
+1
Kara_kyrgyz
2014-06-02 10:02:08
бир нерсе деш деле кыйын болуп калды окшойт
0
№ 604, 30-май-05-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан