СОЙКУКАНАДА ӨТКӨН БИР АПТА

Ислам мыйзамдарында да, Кылмыш-Жаза кодексинде да адамды сексуалдык кулчулукка мажбурлоо оор кылмыштардын бири деп саналат. Ал эми жашы жете элек өспүрүмдү мажбурлап сойкулукка иштетүү мындан эки эсе оор күнөө.

«Кызымды таап бергиле, сураныч!»

Үстүбүздөгү жылдын август айында орто жаштагы аял баш калаанын Свердлов райондук милиция бөлүмүнүн эшигин каккан. 33 жаштагы бул айым аталган райондун тургуну С.Фисенко болчу. Ал “14 жашар кызым Даша үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген жок. Өзүм тааныштарынан сураштырып таба албаган соң силерге кайрылдым. Суранам, кызымды таап бергиле!”- деп көз жашын көлдөтүп жатты. Бул өңдүү арыздар милиция бөлүмүнө айына ондоп түшөт эмеспи. Кылмыш иликтөөчүлөр көптөн бери иштелип келаткан план боюнча алгач дайынсыз кеткен кыздын тааныштарынын тизмесин түзүп, алардан сураштырууну башташкан. Бул аракет жемишин бербей койгон жок. Көп өтпөй кыздын дайыны чыкты. Болгондо да баш калаадагы сойкуканалардын биринен...

Азгырык

Келишимдүү кыздарды жумушка чакырабыз. Айлык акысы жогору” деген өңдүү жарыяларды бүгүнкү күндө гезит-журналдардан, телерадиодон байма-бай жолуктурууга болот. Акча тартыш заманда “көп акча төлөнүүчү” жумуш кыздарды азгырбай койбойт. Айрымдар билип барса, кээ бирлер эмне жумуш экенинен кабары жок барып, түрдүү сойкуканалардын курмандыгына айланышат. Ал эми 14 жашар Дашанын окуясы башкачараак. Ал сойкуканага гезиттердеги жарыя аркылуу эмес, эски таанышынын азгырыгынан улам туш болуптур.

Калп кардар

– Арыздануучу Фисенко кызы жоголгондон үч күн өткөндөн кийин келди. Анын айтымында, буга чейин деле кызы курбуларыныкында түнөп калчу учурлар болуп келиптир. Бирок кайда калганын, себебин дайыма энесине кабарлачу экен. Ошондуктан алгач үйгө түнөбөгөн күнү энеси көп тынчсызданбаптыр. Качан гана 3 күн өтүп, кызынан кабар болбогон соң милицияга келиптир.

Бизге арыз келип түшкөн соң Дашанын дайынын сураштырып отуруп, “кайсы бир сойкуканада иштеп жаткан имиш” деген кабар алдык. Имишти иликтеп жүрүп, Линейная көчөсүнөн орун алган үйлөрдүн бирине туш болдук. Сыртынан караганда кадимки көп кабаттуу үй. Башкалардан айырмаланбайт. Ошол үйдүн биринчи кабатындагы 3-квартирада сойкулар иштешет экен. Милициядан деп ачык эле бастырып барууга мүмкүнчүлүк болбоду. Алар шек алып калышса, Дашаны катып же ал үйдө эч нерсе болбогондой түр көрсөтүп коюулары мүмкүн эле. Ошон үчүн башка бирөөнү кардар катары киргизүүгө аргасыз болдук. Ал адамга Дашанын сүрөтүн көрсөтүп, кандай аракет кылуу керек экенин алдын ала үйрөтүп, жашыруун камера кошуп берип киргизген биздин опертоп тышта калды. “Сойку керек” деп кирген биздин кишибизден эч ким шек албаптыр. Сойкуларды сатуучуларды “мамаша” деп атап алышат эмеспи. Ошол “мамашалар” алгач көрсөткөн “товардын” арасында Даша жок экен. Биздин киши “булар жакпады, башкаларын көрсөт” дегенде “товардын” экинчи партиясын көрсөтүшүптүр. Ошол жерден Дашаны тааныган ал тыштагы опертопко белги берди. Анан биздин кылмыш иликтөөчүлөр бастырып киришти. Квартирада 4 кыз бар экен. Жабырлануучуга кошо 4 кызды, бул сойкуларга көчөдөн кардар таап келчү 5 “сатуучуну” бөлүмгө алып келдик”,- деп баяндайт РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Айдар Донбаев.

Алданып барып, чыга албай калган

Тергөөчү Каныбек Алибиевдин айтымында, Дашаны ал сойкуканага алдап алпарышкан. Өспүрүм кыз: “Менин Маша аттуу курбум боло турган. Ал менден улуу. Ошол кыз “үйдөн кийимдеримди алып келип берчи” деп, бир үйдүн дарегин берди. Мен кийимдерди алып барган жер сойкукана экен. Ошентип, мени чыгарбай алып калышты. Бир жума аралыгында качып чыгууга аракет кылып көрдүм. Бирок майнап чыкпады”,- деп көрсөтмө берген.

Ар бир кардардан 500 сом...

Башка көптөгөн сойкуканалар сыяктуу эле бул үйдүн да өзүнүн мыйзамдары бар болчу. Сыртынан караганда башка квартиралардан эч кандай өзгөчөлөнбөгөн бул квартирага каалаган адам кирип, каалаган адам чыга албайт. Анткени эшик дайыма кайтарууда турат. Кардарларды тескеген администратордун уруксатысыз кыздар эч кайда чыга алышпайт болчу. Андыктан Даша да бул квартиранын босогосун аттап киргенден тартып кайра эркиндикке чыга албай калган. Жабырлануучунун айтымында, кыздарга ар бир кардардан 500 сомдон беришчү. Ал эми сойкулардын бир сааттык тейлөөсү үчүн кардарлардан канча акча алышарын администратор гана билчү.

“Мамашалар” кармалды

Бул сойкуканага кардарларды көчөдөн алып келип, сексуалдык кулчулукту уюштуруп жүргөн деген шек менен 5 аял кармалып, РИИБге жеткирилген. Алар: 40 жаштагы Динара, 43 жаштагы Мунара, 50 жаштагы Наталья, 41 жаштагы Юлиана жана 37 жаштагы Гүлзамира.
Иликтөө-тергөө иштеринен соң Осмонова Гүлзамиранын үстүнөн Кылмыш-Жаза кодексинин 261-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Кандай жаза күтөт?

 Жашы жете элек өспүрүмдү сойкулукка тарткан адам Кыргызстанда кандай жаза алат? Бул суроо менен биз адвокат Азамат Дүйшөнбаевге кайрылганыбызда төмөнкүчө жооп берди:

– Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодекси боюнча жарандарды сойкулукка тарткан же сойкулук кылуучу жайларды уюштурган адам жазаланат. Эгер айыпталуучу сойкулукка жашы жете элек өспүрүмдү тартса, КЖКнын 261-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык айыптуу деп табылып, кылмышкердин үй-мүлкү конфискацияланып, 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Учурда тергөө жүрүп жатат. Ал эми Даша теңтуштары менен бирдикте мектепте окуп жаткан убагы. Сөз соңунда жаш өспүрүмдүн сойкуканада өткөргөн бир жумалык өмүрү анын келечегине оор залакасын тийгизбесе экен деп тилек кылабыз.

(Жабырлануучунун аты-жөнү өзгөртү­лүп берилди).

Шаиста Шатманова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 364, 23-29-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан