Марат Алышпаев, КРнын Эл артисти:«21 ЖАШ КИЧҮҮ ДИЛБАРГА АШЫК БОЛДУМ»

«Президент жана бомж» тасмасындагы ак чач президент эсиңиздедир. Карапайым калкка президенттин жумушка баруусу, үйүнө кайтуусу, тамактануусу сырдуу көрүнөт эмеспи. Ошол ролун жеткире ойногон Марат Алышпаев жан дүйнөсүн ачып маек куруп берди. Эмесе, актёрдун арманы, арзуусу, үй-бүлөсү, жумушу...

МАРАТ АЛЫШПАЕВ ТУУРАЛУУ...

  • 1947-жылдын 17-декабрында Жети-Өгүз районунун Саруу айылында жарыкка келген.
  • Москвадагы Мамлекеттик театралдык искусство институтун аяктаган.
  • 1972-жылы эмгек жолун Оштогу Кыргыз драма театрынан баштаган.
  • 1991-1997-жылдары Чүй облустук Шаршен атындагы куудулдар театрын, 2003-жылы Караколдогу Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрын жетектеген.
  • 4 жылдан бери Кыргыз драма театрынын директору болуп эмгектенет.
    Кинодо 20дан ашуун роль жараткан.
  • Театрдагы образдары 100гө чамалайт, анын көбү башкы ролдор.

– Өмүрдүн эң таза, таттуу күндөрүнө кайрылуу менен маегибизди баштасак дейм, балалыгыңыз кайда өткөн?
– Жакшы болот, атам соода тармагында иштечү. Бир ирет Балыкчыдан чоң машина менен арак жүктөп келе жатып жол кырсыгына кабылып, бир нече жашик арак талкаланган. Кудай жалгап, өздөрү эч нерсе болушкан эмес. Жаза катары жумушунан алып коюшкан. Анда 2-класста окучу элем.
Атам нечен жыл чоң жумуштарда иштеп жүрсө да, айылга там салып койбоптур. Апам менен атам «там салабыз» деп тытынып калышканы эсимде. Үйдүн улуусумун, менден кийинкилер удаа төрөлдү. Кыздарга тиешелүү үй жумуштарын жасап, бала бакчу элем.

– Балалык сүйүүнү эскерүүнүн уяты жок дешет го, бул сезим тууралуу баяндай кетсеңиз?
– 8-класста Дыйканов деген завучтун кызы Закияны жактырып калдым. Бир жолу кыздар бизге белек беришти, ошондон тарта ортобузда жылуулук пайда болду. Закиянын курбусу Кумай менен досум Бакир экөө бири-бирин жактырып жүрүшүптүр, аны деле билбейм. Негизи, мен кыздар менен болгон сүйүүдө кеч жетилдим. Бакирге «Кумайды эмне кыласың?» деп койгом. Закия менен Кумай биригип алып мага «эки гүлдүн ортосунда өскөн коко тикенек» деп кат жазышыптыр. Анан уруша кеттик. Ошондон кийин Закияга таарынып сүйлөшпөй калдым. Чынын айтыш керек, кырктын кырына келгиче өзүмдү жоготуп, эт-бетимден кетип сүйгөн жокмун. Өттү-кетти сезимдер менен бет келишип эле жүрдүм.

– Ыр-бийге жакын балдар тентек болушат го, сиз кандай элеңиз?
– Өтө шок болчумун. Балдар бара электе эртең менен таң атпай класска кирип, кыздардан ким биринчи келсе, тырпыратып баса калып өпкүлөп калчумун. Карып Шүкүров деген тарыхтан берген агайыбыз бар эле. Бийчи Атай Өмүрзаковдун чоң атасы. Атай ошол кишинин эле көчүрмөсү. Ал киши басып-туруп эле китеп окуй берчү. Балдар мага көзүн кысат да, агайдан бирдемелерди сурай башташат. Алаксып калганда мен шак китептин барагын алмаштырып коём. Ал ары карап, бери карап, токтогон жерин таппай бир топко кыйналчу. Шоктугумдун айынан бир жолу тоодон кулагам. Тоонун башынан чекендени күч менен жулуп, өтө бийиктиктен тоголонуп келип, бир бадалга такалып калгам. Бадалдан 10 метрдей ары шар аккан суу эле. Сууга түшсөм аркы дүйнөгө кетмекмин. Эсимди жоготуптурмун, көзүмдү ачсам классташ балдар чурулдап жатышат. Окуяны апама айтып берсем ишенбей «сен бирөө менен мушташтың, эмнеге мушташасың» деп катуу сабады. Классташтарым «аз жерден калды» деп айтышканда араң ишенген.

– «Артист болом» деген кыял кичинеңизде эле жашачу беле?
– Мен негизи «ырчы болом» деп чоңойгом, бирок менде музыканы кабыл алуу жөндөмү такыр жок экен. 7-класстан апам Фрунзеге таякемдикине жиберди. Таякем Калый Молдобасанов менен тааныш экен, ал кишиден менин талантымды байкап көрүүсүн өтүндү. Угуп көрүп «Марат, сенин үнүң жакшы, бирок музыканы кабыл алуу жөндөмүң жок турбайбы, ырдай да албайсың, аспапта да ойной албайсың, балетке барасыңбы?» деди. «Балетке барбайм» деп айылга кетип калгам.

– Актёрлукка кантип келип калдыңыз?
– Мектепти аяктаган соң Улуттук университеттин экономика факультетине тапшырдым. Менден экономист чыкчудай эмес, сабакка барымыш болгонум менен оюмдун баары артист болуу, театрларды акмалоо. Ошентип 2-курстан соң Москвага «артист болом» деп кетип калдым. Менден 2 жаш кичүү Роза деген кыз бар эле, мектептен мени жакшы көрүп жүрчү, артымдан барыптыр. Жолугушууга чакырды, бардым. «Мени Москвада окуй албайт дегенсиң, мына, мен деле бул жердемин» деген сыяктуу сөздөрдү айтты. Сүйлөгөнү жакпай калды, ал кыз менен экинчи жолукпай койдум. Кийин чогуу окуган Райма Абдубачаевага баш коштум. Улуу балам Нурлан 44тө, Эмиратта иштеп жүрөт. Экинчи уулум Темирлан 40ка чыкты, Москвада. Андан кийинким Улукбек 31де, Алматыда иштейт. Биринчи жубайым Райма азыр Кыргыз драма театрында эмгектенет.

– Мурунку жубайыңыз сиздин кол алдыңызда иштесе, ыңгайсыз учурлар болсо керек?
– Андай деле болбойт. Эми бул жашоо экен, бардыгына баш иебиз. Ал өзүнүн ишин, мен өзүмдүн ишимди аткарам.

–»Мурунку жубайың менен чогуу иштейсиң» деп азыркы жубайыңыз кызганбайбы?
– Эмнеге кызганмак эле? Райма бул жерде илгертен бери эле иштейт. Дилбардын мээси меникинен шумдук иштейт.

– Жубайыңыз Дилбар Раимбекова менен кандайча таанышып калгансыз?
– 1991-жылы Чүй облустук Шаршен атындагы куудулдар театры ачылып, мени директорлукка чакырышты. Бир жылдан кийин университетти жаңы аяктаган Дилбар биздин театрга келип калды. Чачы өтө узун, тартынчаак, илбериңки, жөнөкөй кыз экен. Анда ажыраша элек болчумун. Дилбарды көргөндө башкача сезим, ой-толгоо, маанай менен жашап калдым.

– Жашыңыз ортолоп калганда чыныгы сүйүүгө кабылдым деңизчи?
– Ошондой болду, Дилбардын артынан аябай чуркадым. Менден 21 жаш кичүү селкини макул кылдыруу оңойго турбады. Бирок кыздарды сүйдүрүү жагынан тажрыйбам мол эле. Дилбар каршылык көргөзө алган жок. «Үйлөнөлү деп жатабыз» деген оюбузду айтсак, эжелери унчугушкан жок. Кийин «эжелериң эмне деди?» десем, «өзүң чеч деп мага коюшту» деди. «Барам сага», «Оо, жаштык» деген хит ырлары ошондо жаралды.
Чогуу жашаганыбызга 17 жыл болду, ортобузда 2 кыз бар. Улуусу Диана 16 жашта, жакшы ырдайт. Чок-Талдагы түрк лицейинде билим алат. Эми «корей тилин үйрөнөм, Кореяга барам» деп жатат. Кичүүсү Нази 13тө, ушул кызыма мыкты билим берип алсам болду. Кийин «тиги кызыңды окутуп, мени окуткан жоксуң» дегендей кеп чыкпасын дейм. Менин азыркы ойлогонум эле кыздарым, анткени жашым да бир топко барып калды. Ичкенге тамак-ашыбыз, кийимибиз болсо болду, мага ашыкча эч нерсенин кереги жок.

– Эже сизди «аябай кызганат « деп айтыптыр эле, кызганычтан чыр чыгып кетпейби?
– Үйдө чыр болбойт, ынтымактуу, бири-бирин түшүнгөн, сыйлаган үй-бүлөбүз. Дилбар кызганганга жол бербейт. Эмнеден улам антип айтканын билбейм. Күйөөсүн таштап салып, байдын акчасын карап кеткен айрым ырчыларды билем. Дилбар андай эмес.

«Уулдарым менен».

«Жаш кезимде өткүр, курч элем. Ал сапатым жыл өткөн сайын басаңдап баратканын сезем».

«Дилбарга жолукканда сүйдүрүү жагынан тажрыйбам мол эле, каршы боло алган жок».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
21 жаш кичүү Дилбарды сүйүп калган Марат Алышпаевдин маеги
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
Aiym
2014-06-02 14:09:21
ммм... балдары жакшынакай экен ))
+1
SweetLady
2014-06-02 14:40:01
Aiym, балдары 44то 40та 31де дейт. Баары эле уже "дядя" болуп калышкан го чамасы ;)
+7
Aiym
2014-06-03 23:51:55
SweetLady, андай болсо, жакшынакай "дядялар" экен )))
+1
aminuwka
2014-06-06 21:07:02
Aiym, :))))))))))
0
lolo
2014-06-02 19:54:58
1,2 jyldan kiyin ozuno okwow kary adam kyzyn suiup kalip, alam dese emne deit boldu eken, kyzyktuu...
+2
bantik
2014-06-04 09:10:26
lolo,Мына ушуну ойлонуп коруш керек. Айтпа озунун кылган ишин ойлоп деле каршы чыга албаса керек.
0
Dayana1991
2014-06-02 23:16:22
Мммм бактылуу болушсун
0
WINNER
2014-06-03 12:55:47
Бактылуу болушса болдуда,ортодогу жаш козго корунбойт.
0
Begim8678
2014-06-03 14:43:27
мына сага, эт-бетинен кетип суйгонун кара! Эркектер ошо да улам жаштарга кызыгып. Ар нерсе оз убагында эле болгону жакшы го негизи.
+6
primer-dent
2014-06-04 05:35:05
Эркеги уйлонуп алып какшаган аялды эрин жамандамай,болок аял алган чалга бакыт каламай экенда.
0
bantik
2014-06-04 14:08:26
Айтыш кыйын. Тиги биринчи аялы 3 уул тороп берсе, анан картайганда 21 жаш кичууну суйуп калдым деп кетип калса. Адамга кандай оор. Кудайым ошондой тагдырдан ар бир аялзатын коргосун.
+3
burkut100
2014-06-04 14:14:26
Мага баарынан мурунку аялынын Марат Алышпаевдин астында иштегени кызык болду.
0
Almazbek79
2014-06-04 15:17:51
Сүйүү кары жашка карабайт )))
0
milabem
2014-06-04 18:49:15
Шофёрду эрим дебе артисты аялым дебе ,деген ушу да
0
kg.555
2014-06-06 02:56:04
суйуу дейби аксакал?))))))))
0
jano207
2014-06-06 12:50:02
Аии агай ошондо 50 жашында сүйүп, үйлөнгөн болобу?
0
Nurzada-5
2014-06-06 17:11:54
кырктын кырында деп жатпайбы
0
Chtc
2014-06-06 20:25:10
Бактылуу болушсун!Дилбар алкоого татыктуу кыз болчу жаш кезинде.Келип эле тагдыр да.
0
mersedes2013
2014-06-07 13:11:05
аиий десе мына сага тагдырдын тамашасы э.
0
№ 604, 30-май-05-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан