Кара жорго бийи кыргыздардыкы, казактардыкы деген талаш чоң талкуу жаратып келет. Бий кыргыздардыкы, аталышы кара жорго эмес, кыргыз бийи деген демилгечилер чоң долбоордун негизинде иштеп жатышат. Кыргыз бийинин чыныгы, баштапкы түрү кытайлык кыргыздарда сакталган деген негизде биздин белгилүү бий топтордун өкүлдөрү Кытайга барып, үйрөнүп келишкен. Арасында Султан Садыралиев да бар. Ырчы сөзү Кыялбек Урманбетовго, обону Мирлан Ниязовго жана Азамат Отунчиевге таандык «Кыргыз бийи» деген ырды жакында ырдап чыгат. Баса, досторунун айтымында, Султан аталган бийди укмуштуудай үйрөнүп келиптир.