Москва шаарында ТНТ телеканалынын дүйнө жүзүндөгү бийчилер күч сынашчу «Бий» долбооруна катышууга кастинг болуп, биздин бийчилер андан кыйналбай өтүп кетишти. 20 миңден ашык каалоочулар ат салышкан сынактан 100 гана катышуучу тандалып алынган. Мына ошол 100 бийчинин катарында бир тууган Азамат, Саламат Абдырахмановдордон куралган «Тумар КР» бий тобу жана бийчи Тилан Садырбаев бар.