– Урматтуу «Супер-Инфо» гезитинин журналисттери, сиздерден Каниет менен Минюра кыз-жигит экенин билип бере аласыздарбы деп сурайын дегем. Мен өзүм деле ошол чөйрөдө иштейм. Жакында эле экөө интервью бергени келип, кыз-жигит мамилесинде сүйлөшүп жаткандарын байкадым.
Рахат, Бишкек шаары
Бул туурасында Минюра Рахимжанованын продюсери Каниет Жыргалбековго кайрылганыбызда төмөндөгүдөй жооп алдык:
– Азыр ушул суроо экөөбүзгө тең өтө көп берилип жатат. Концерттерге барганда Минюра дайыма узун көйнөк киет, ошондо көйнөгүнүн этегин көтөрүп жардамдашып коём. Эл ошондон улам кыз-жигит деп ойлошсо керек. Ортодо сүйүү болсо ишибиз жүрүшпөй калмак, бири-бирибизди кызганып.