ҮЧ КУРБУ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Бирок кайсы бир күнү мага да сүйүү келди. Биринчи сүйүүнүн апкаарыткан, толкуткан эпкинине туш болдум. Классыбызда Эмир деген жигит бар эле, балдардын арасында жакшы окуй турган. Мен биринчи жолу ошол балага ышкым жанды, ал алгачкы махабатымдын ээси болду. Биринчи жолу мен курбуларымдан каткан сырым, анын каттары жана менин ага болгон сезимим эле. Бул нерсе мен курбуларыма ишенбегенден эмес, болгону, бул өзүмө гана таандык сезим экенин, ал өтө аяр экенин, кир кол менен кармагыс өзгөчө сезим экенин бүдөмүк туйдум окшойт. Эмирдин көзүнө көзүм чагылса денем дүрт эте, жүрөгүм опкоолжуп кетер эле. Көзүбүз менен сүйлөшүп жүрдүк.
Бир күнү адатыбызча үч курбу мектептен келе жатканбыз. Алдыбыздан биздин класстын балдары топурап өтүп кетишти, айрымдары бир нерсе деп сүйлөп, тийишип калганга да үлгүрүштү. Арасында Эмир да бар эле, адатыбызча бири-бирибизди тиктеп өттүк. Ортобузда жалын пайда болду... Тилекке каршы, бул жалын экөөбүздө эле эмес тура.
– Баян, Нази, мен силерге бир нерсе айтайынбы?- деди купуя сүйлөгөн Жанара. Карасам менден бетер бети албырып алган экен...
– Ии, айта бер.
– Мен бир баланы жактырам...
Оозубуз ачыла Жанараны тиктеп калдык. Классыбыздын старостасы эле, балдарды сызгыч менен уруп-согуп тарсылдап жүргөн ага бул сөз такыр жарашпай тургандай туюлду.
– Ким ал?
– Эмир...
– Кандайча, Эмирби?
Ушу сөз кантип оозуман чыгып кеткенин билбей калдым.
Жүрөгүм тыз дей түштү. Бакыт деген ар дайым биринчи оозанган адамдыкы болот тура. Мен ошол күнү өзүмдүн сезимим тууралуу айта албадым. «Сен күйгөн отко мен да күйүп
жүрөм
» дей албадым. Шылкыя көзүмдү жерден албай кетип бара жаткан менин абалымды курбуларым байкашкан деле жок. Көп күн ойлонуп жүрдүм. Канчалык мага оор болбосун, кыйналарымды деле билип туруп, Эмирден баш тартканга туура келди. Эмнеге деп сураарсыз... Анткени мен Жанаранын жашоодогу жалгыз кубанычы Эмир экенин түшүндүм. Өгөй энесинен таяк жеп, атасынан тил угуп, өзүн өзү таппай жүргөн ага менин сүйүүм зор сокку болмок. Балким, жөн гана биринчи ал жактырарын айткан соң мен айта албай калдым бекен... Же андан жигит талашууну намыс көрдүмбү... Кандай болгон күндө да ошол күндөн тартып мен Эмир тууралуу ойлонбогонго аракет кыла баштадым.
– Баян, бүгүн Эмирдин жаңы курткасын көрдүңбү?
– Бүгүн мен кечке анын жанына отурдум, андан текшерүү ишин көчүрдүм.
– Курбу-ум, мен ушунчалык бактылуумун...
Мындай сөздөрдү угуу мага оор болгону менен кийин көнүп калдым. Аргасыз анын сөздөрүнө кошулсам, кийин мен дагы Эмир тууралуу сүйлөшкөндү жактырарымды байкадым.
Экөөбүздүн сүйүктүү темабыз бир адам болчу. Ал антти, минтти анын чач жасалгасы, ал бүгүн кандай маанайда келди... Бул менин курбум үчүн жасаган биринчи курмандыгым эле. Ыйлагандын ордуна жылмаюу жаратып, аны коштоп отуруу кандай оор экенин билген билер... Анткен менен мен бир жагдайды эстен чыгарган экем. Эмир кимибизди тандайт деп ойлобоптурмун.
– Баян...
– Ии.
– Сен менден качып, өзүнчө эле башкача болуп жүргөндөйсүң го...
Эмир бир күнү капысынан ушу суроону берди. Көзүмдү көтөрбөй араң кадам шилтеп келе жаткан мен тык токтодум.
– Эмир, мындан ары...
Ары жагын айтуу, андан ары кепти улоо мен үчүн оор болду. Телмирип тура бердим, акыры ал тажап кеттиби, колдон алды.
– Мен сага жакпай калдымбы?
– Ооба, менин жактырганым бар...
– Билгем, 10-класста окуган Белекпи?
– Ий, ооба, жок ал эмес...
Көзүмдүн жашы ирмелгени араң турат, болбой башымды чулгуй бердим.
– Анан ким?
Үнсүздүк... Ал менден тажап кеттиби, колун шилтей басып кетти. Узап бара жаткан далысын тиктеп турам, бир нерсе дегим келет, бирок эч нерсе дей албадым. Азыр күлкүңүз келер, бирок мен ошол окуядан кийин бир апта тамак ичпей соолуп жатып калып, апамдар коркуп ооруканага алып барышкан. Алды-артыма түшүп сураган апама да партизандай болуп эч нерсе айткан эмесмин. Ал эми Жанара таптакыр шек алган жок. Ооруп калганымда Назик менен Жанара жанымдан чыгышкан жок. Бири апама жардам берсе, экинчиси менин жанымда китеп окуп, кайрадан мени тамакка шыкап тамашалап күлүп жатышты. Чын, эгерде алар болбогондо мага мындан да оор болмок. Тез эле башымды көтөрүп, элге аралаша баштадым...
Атамдын калың алма багы боло турган. Бир күнү бакта отуруп, жетелешип кетип бара жаткан эки жашты көрдүм. Көзүмдү бардап ачып карап алып дел боло түштүм. Эмир менен Жанара кучакташа кетип бара жатышкан экен. Ошондо эмнеге ыйладым, азыр өзүм да түшүнбөйм. «Чала сага, сооп болот, баары бир Эмир Жанараны жакшы көрбөйт, мага кайрылып келет деп ойлогон элең. Мына, кетип калыптыр го... Ушуну көрмөксүң» Жүрөгүм мени ушинтип урушуп жатты. Ушу окуядан кийин эмнегедир эс тарта түшкөндөй чоңоюп, аркы-теркини түшүнгөндөй болуп калдым. Апам да жетине албай өзүнчө кобуранып калат.
– Айнектей жүзүңдөн сенин, кабагың жарык. Илгери «кабагы күндөй жарык адамдан түңүлбө» дешчү. Боюң дагы өсүп, эс тартып чоңоюп калдың.
– Койчу, апа...
– Ой, кызым, эртең эле «Адылдын кызы Баян сулууга куда түшүп келдик» деп жылкынын жалына кебез байлап келип калышы ажеп эмес. Жанагы Кумардын уулу эле зуңкуюп биздин көчөдөн көп өтө турган болду...
– Эмирби?
– Ии, ошол чечек, анан да биздин короону аябай тиктеп өтөт.
Көзүмдөн жаш имерилип араң токтодум. Апамдын алдына жатып алдым. Анын колдору чачымды сылап жатты. Апакем, ай, ийинине дем ала улутунуп жаткан кызынын көйгөйү менен иши жок, өз кыялы менен алек.
– Агаларынын арасында өсүп, эрке мүнөз болуп талтаңдап калабы дедим эле, созулган сонун кыз болдуң. Кудай багыңдан айтсын, жарыгым. Тез эле бой жетип турмушка чыгып...
– Жок, турмушка чыкпайм, силердин жаныңарда эле жүрөм,- деп тултуңдап эркелеп алам.
– Кой, кызым, ургаачынын багы күйөөдө. Жакшы жигитке туш келсем де.
– Апа, сүйүү деген эмне?- дедим капысынан. Апам жооп бербей коёбу деп коркуп, ары кызыктар болуп, жүрөгүм дүкүлдөп күттүм. Апам бир азга унчукпай калды да, акырын далыман таптай берди.
– Сүйүү деген жакшы нерсе, жарыгым. Ал колуңа конгондо анын кадырын бил, азабына чыдап, асылын күтө бил. Түтүмдүү бол, сабырдуу бол. Ошондо...
– Сүйгөн өтө оор окшойт ээ, апа?..
– Кагылайын, чоңоюп калгансың го?
Эх, сагындым, апамдын эмгектен жооруп, катуу болуп кеткен колдорун, балапандай коргогон жылуу кучагын, атакемдин тер, топурак аралашкан жытын сагындым. Бир эле көз ирмемге ошол бейпил күндөрүмө баргым келет. Апама ал мага үйрөткөндөй жашоо адилет жана таза эмес экенин айткым келет...

(Уландысы кийинки санда)

Асия Алиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Aksy1993
2014-06-02 09:44:46
Jakshy chygarma eken maga jakty.
0
mahabat.
2014-06-02 09:49:14
сонун чыгарма экен.автор созго бай экен
+1
bitinya23
2014-06-02 10:09:48
Да автор действительно умеет писать, не что автор "Чандагы гул"
0
sara90
2014-06-02 12:05:55
Bul chygarmanu da aiaguna cheyin okup anan chechim chygarsanar,ubagynda kuzuk ele bolup atpadyby ele,emi mintip butup kalsa kuzuksuz kulup koidunar,ubagunda kutup atpadyk bele,????
0
december
2014-06-02 16:26:13
Ар бир санын күтүп окуй турган сериал болот окшойт, динамично башталды. Мага жакты.
0
Ak_gulum
2014-06-02 19:28:20
Окуп моокумун кангыдай сериял экен .Уландысын кутом.
0
Nice0101
2014-06-03 01:15:14
Бир чыгарманы окуурда анын башталышы кызыктуу болсо,улантып окуп кетууго болот эмеспи.
Бул чыгарма аябай кызыгууну арттырууда.
+1
maksimus
2014-06-03 11:46:43
Jakwy eken. AIagyna cheiin kyzyktuu bolso eken.
0
Gulnura-94
2014-06-05 18:05:30
кутуш керек эмиии
0
dinooou
2014-06-08 01:41:46
Сонун чыгарма экен.
0
VoDoLeI
2014-06-08 14:59:39
Salam! Kantip bawynan bawtap okusam bolot,ka9ktan?
0
№ 604, 30-май-05-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан