(Башталышы өткөн сандарда)
Канышай да сыртынан жан адамга сездирбегени менен ичтен сызып, ушул күндү зарыга күткөн. Кантип Айдайды кучагына кысканын өзү да элес албады.
– Кызым!
Канышай ушул сөздү кайталай, көзүнөн мончок жаштар куюла берди. Айдар эмне кылсын, тек гана кызын апасына жолуктурганына ыраазы боло, четте жылмайып карап турду. Ушу тапта бул үчөөнүн бактысына ортоктош болгонсуп, асмандагы булуттардын арасынан күн нуру жаркырай чыга келди.
ххх
Бишкектеги ресторандардын бири. Атайын үйлөнүү үлпөт тоюна даярдалган жасалга көз жоосун алат. Төрдө аппак көйнөк кийген Айдай менен кара костюм-шымчан Бекзат отурду. Дасторкон толо түркүн даамдар желип, шараптар ичилип, эки жашка жакшы каалоо-тилектер айтылып жатты. Айдайдын көзүндө бакыттын учкундары жанат. Улам кылчактай ата-энеси отурган тарапты карайт. Айдайды кенедей кезинен асырап алышкан Керим менен Сабиранын да кубанычында чек жок.
– Айланайын, кызым, келчи, өөп коёюн. Тоюңар акжолтой болуп, жоолугуң ылайым башыңан түшпөсүн. Бизди уят кылбай, кайын журтуңду урматтаган келин бол, садагасы!
Чыдабай кеткен Сабира тыныгуу маалында кызынын жанына басып келип, батасын берип гана тим болбостон, жанындагы Бекзатты да бешенесинен сүйдү.
– Ырахмат, апа!
Айдайдын көзүнөн жаш сызылды. Ооба, азаптуу күндөр артта калганы менен кыздын жүрөгүндө өмүр бою кетпес так калды. Байкуш ата-энеси кызынын шаарда кантип күн кечирип жүргөнүн кайдан билишсин?! Алардын үмүтүн актап жаткандай өңдөнгөнү менен кызы эмне деген күндөрдү башынан кечирбеди... Айдай ушуларды ойлоп отуруп өзүн күнөөлүү сезип, Сабира апасын тике карай албай көзүн ала кача берди. Муну байкай калган Бекзат акырын колун бекем кыса шыбырады.
– Баары жакшы болот, жаным. Биз сөзсүз бактылуу болобуз.
– Ооба.
Жаш келиндин жашып кеткенин четте карап отуруп байкай койгон аялдар өз ара күбүр-шыбыр түшүп, жакшылыкка жоруп тим болушту.
– Кубанганынан ыйлап жатат го, байкуш. Башка үйгө бүлө болуу оңой эмес да.
Той ортологон сайын Айдайдын көзү көпчүлүктүн арасынан кимдир бирөөнү издей баштады.Төрдөгү Айдар менен Канышайга деп жасалган орундун бош турганына кабатырланды. Улам үмүттүү каректери босогого кадалат. Ал ортодо Бекзатка бир досу келип, бир нерселерди кулагына шыбырап калды.
– Аа, жаман болгон тура.
Бекзат кобуранып калды.
– Эмне болуптур?
Ал кеткен соң Айдай сүйүктүүсүн шектүү көздөр менен карай суроо узатты.
– Эч нерсе.
Бекзат жубайынын маанайын бузгусу келбеди. Алгылыктуу жооп уга албаган Айдай кайрадан сурады.
– Айтсаң эми, суранам.
Бекзат акыры айтууну туура көрдү.
– Тариел камалыптыр.
Бул тууралуу сөз ушуну менен жабылуу аяк болгонсуду. Айдай жүрөктөгү жарасын тырмап, дагы суроо узаткысы келген жок. Тек гана ичинен «Кудай ага жазасын берген тура» деп кубанып алды. Аңгыча эле босогодон колуна чоң букет гүл кармап Айдар менен досу Акылбек кирип келди. Алар түз эле төрдө отурган жаш түгөйлөргө басып келип гүлдү карматып, каалоо-тилектерин айткан соң өз ордуларына барып отурушту. Мына, ушул убакыттан тарта Айдайдын дүйнөсү түгөлдөй сезилди. Атасы алып келген гүлдүн чаң басып калганын көрүп, өзүн ал гүлгө салыштырды. Ооба, көрсө, жаштык менен көптөгөн азгырыктарды жеңе албай калган тура. Эми андай катачылыктар эч качан кайталанбайт. Аңгыча тамада жаш жубайларды ортого бийге чакырды. Бекзат менен Айдай ортого чыгып, жеңил музыканын коштоосунда бийлеп жатышты. Аларды жаркын келечек күтүп жаткан эле...
(Аягы)
Асхат Субанбеков