ЧАТКАЛГА ТЕХСЕРВИС КЕЛДИ

Алыскы Чаткал районуна акыркы чейрек кылымдын ичинде биринчи жолу көчмө техникалык сервис барып, элет дыйкандарынын оорун колдон, жеңилин жерден алып жардамдашып, аларды зор кубанычка бөлөдү.

Чаткал району тоолуу аймак болгондуктан жаз кыйла кеч келет, ошондуктан жазгы талаа иштери да кеч башталат. Анан калса райондо дыйкандардын эгинин сээп, данын жыйнаган техникалардын жетишсиздиги да көкөйдү кесип келет.
Деген менен, алардын да мээнетин алар кишилер бар экен. «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаевдин демилгеси менен атайын көчмө техникалык сервис уюштурулуп, ал дал ошол дыйкандардын көктөн издегенин жерден таап берди. Жадакалса дыйкандар эмес, ошол кездеги район акиминин милдетин аткарган Шадыкан Айымбетов кубанганын жашыра алган жок.
«Айыл чарбасын реформалоого бел байлаган эл өкүлү Бакыт Төрөбаев көп жылдардан бери көңүл бурулбай жаткан Чаткалдын жерлерин айдоо үчүн көчмө техникалык сервисти уюштуруп, бизге тракторлорду, шаймандарды жөнөткөн экен. Алар келери менен Чаткалдын Курулуш айылынан баштап дыйкандардын жерлерин бат жана сапаттуу айдап, малалап сээп беришти. Дыйкандарыбызга айрыкча баарынан да кызмат көрсөтүүнүн кыйла арзан экендиги жакты. Мисалы, мурда бир гектар жерди айдап, колго сээп, анан малалатышыбыз 4,5-5 миң сомдун тегерегинде болуп келсе, ал эми техникалык сервистин тракторлору 3700 сомго айдап, малалап жана заманбап шайман менен сээп берип жатышты»,- дейт Чаткал районунун Айгыр-Жал айылынын жашоочусу Осмонаалы Жороев.
 «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы тарабынан 10 МТС учурда Кыргызстандын булуң-бурчтарында элге ак дилинен кызмат кылууда. МТСтерди уюштуруу саясий уюмдун айыл чарбалык стратегиясынын бир олуттуу багыты. Эки жыл ичинде Кыргызстан аймактарында 20 миңден ашуун үй-бүлө арзан жана сапаттуу жер иштетүү кызматтарын пайдаланышты жана жыйынтыгында 50 млн.сом акча каражаттарын үнөмдөп калышты. Дагы бир маанилүү жагдай – мурунтан иштетилбей калган жерлер иштетилип, өз ээлерине түшүм бере баштамакчы.

Айзатбек Асанкул уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
N.mira
2014-06-07 16:55:06
Жакшы болуптур.элдин койгойун чечип.молодец.
0
abdunur.kg
2014-06-07 20:58:49
жакшы.эми Чаткалдыктар тоону айдап эгип таштайт
0
№ 604, 30-май-05-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан