КЫРГЫЗСТАН БААРЫНАН КЫМБАТ!

БИР БОЛ мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик партиясынын стратегиялык программасы
(Мамлекеттик идеология боюнча партиянын позициясы)

КЫРГЫЗСТАН – МАМЛЕКЕТТИК БИРИМДИКТИН ЖАНА МЕКЕНЧИЛДИКТИН ӨЛКӨСҮ
БИР БОЛ партиясынын максаты – Кыргызстанда өнүккөн, дүйнөлүк алкакта кадыр-барктуу, элдик демократиялык өлкөнү түзүү.
БИР БОЛ партиясы – Кыргызстан элдеринин биримдигин жана Кыргыз Республикасынын бүтүндүгүн туу тутат!
Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоодо бир бололу!

БИР БОЛ партиясынын негизги милдеттери:
Кыргызстан элдеринин ортосунда тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөдө КЫРГЫЗ УЛУТУНУН САЯСИЙ ЖООПКЕРЧИЛИГИН арттыруу!

МАМЛЕКЕТТИК БИРИМДИК ЖАНА МЕКЕНЧИЛДИК – КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮНҮН НЕГИЗИ!

КЫРГЫЗСТАН – ИНТЕРНАЦИОНАЛИЗМ ӨЛКӨСҮ!
Кыргызстанда тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөдө кыргыз улутунун саясий жана руханий жоопкерчилигин арттыруу өлкөнүн экономикалык жана маданий өнүгүүсүндө чечүүчү мааниге ээ!

БИР БОЛ партиясы улутмандык аракеттерди колдойт!
БИР БОЛ партиясы бардык элдердин интернационалдык биримдигин жактайт!

КЫРГЫЗДАР – өлкөнүн пайдубалын түзгөн жана Кыргызстандагы бардык элдерди бириктирген улут.
КЫРГЫЗДАР мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик жагынан башкаларга өрнөк болууга тийиш.
КЫРГЫЗДАР мамлекеттик кызыкчылыкты коргоодо үлгү көргөзүшү керек.
Мекенчилдик жана улутмандык бири-бирин толуктайт.

САЯСИЙ ЖООПКЕРЧИЛИК ЖАНА МЕКЕНЧИЛДИК ПРИНЦИПТЕРИ
Кыргыз улуту – Кыргызстандын бирдиктүү элин түзүүнүн негизги көрөңгөсү.
Кыргыз тили – мамлекеттик тил катары Кыргызстандагы бардык улуттардын бири-бири менен баарлашуу тили.
Кыргыз улуту – Кыргызстандагы бардык элдердин бейпилдиги менен ынтымагынын кепилдиги.
КЫРГЫЗ УЛУТУНУН жоопкерчилиги өлкөнүн өнүгүшүндө чечүүчү мааниге ээ.
Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик принцибин кармануу, аткаруу жана коргоо Кыргызстандын ар бир жаранынын ардактуу милдети.

КЫРГЫЗСТАН – САЛТТУУ ЖАНА ЗАМАНБАП ӨЛКӨ
Кыргызстандын атуулдары ата-бабаларын урматтайт, алардын тарыхын үйрөнөт жана өздөрүнүн түпкү башаттарын эстен чыгарбайт.
БИР БОЛ партиясы Кыргызстанды аймактарга жана уруу-урукка бөлүп-жарууга жол бербейт.
БИР БОЛ – Кыргызстан атуулдарынын биримдигин жана улуттар аралык ынтымагын бекемдөөнү көздөгөн партия!
БИЗ ЗАМАНБАП, ЫКЧАМ ӨНҮККӨН ЭЛДИК УКУКТУК ДЕМОКРАТИЯЛЫК КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН!

Биз ой-пикирдин көп түрдүүлүгүн колдойбуз!
Биз өлкөнү бөлүп-жарган жана элибизди жакырланткан радикалдуу либерализмге каршыбыз!
Биз жоопкерчиликсиз эркиндикти колдобойбуз!
Биз сөз эркиндигин жактайбыз, бирок орду жок сөз эркиндигине каршыбыз!

БИЗДИН ЭРКИНДИК – КЫРГЫЗСТАНДЫН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫ ҮЧҮН!

БИР БОЛ – БУЛ ЖАҢЫ БАГЫТ!
БИР БОЛ партиясы элибизге өлкөбүздү өнүктүрүүнүн майнаптуу жаңы стратегиясын – «ИЛБИРСТИН СЕКИРИГИ» аракет программасын сунуштайт.
Программанын негизги багыттары:
Кыргызстанда чыныгы элдик бийликтин орношуна жетишүү;
Элдик демократиянын принциптерин сактоо;
Улуттар аралык биримдикти бекемдөө;
Улуттук коопсуздуктун эффективдүү системин түзүү;
Экономиканын ырааттуу өсүүсүнө жетишүү;
Аймактардын өнүгүшүн ар тараптан колдоо;
Жакырчылыкты жоюу;
Жемкорлук жана казынаны уурдоо менен күрөшүү;
Кыргыз элинин улуттук маданиятын жана Кыргызстан элдеринин маданиятын өнүктүрүү;
Кыргызстандын табиятын сактоо;

КЫРГЫЗСТАН – АК ИЛБИРСТИН ЖАНА АСМАН ТИРЕГЕН ТООЛОРДУН ӨЛКӨСҮ!
Кыргызстан – жаратылышы жабыркай элек өлкө.
Кыргызстандын табиятын ата-бабаларыбыз бизге чейин сактап келген. Бул – бизге калган улуу мурас.
Биз табиятыбыздын улуулугун, сулуулугун, көрктүүлүгүн, тазалыгын сактоого милдеттүүбүз.

Ак Илбирс – Ала-Тообуздун өкүмдары, сакчысы жана Кыргызстан табиятынын символу!
«Кожожаш» элдик чыгармасы – ач көз аңчыны табияттын өзү жазалай тургандыгын баарыбызга алдын ала эскертүү.
Биз жаратылыштан зарыл нерсени гана алып, ага кам көрүүнү үйрөнүүбүз керек. Биз табиятыбыз кандай болсо, ошол бойдон кийинки муунга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз.
Кыргызстандын жаратылышы – Кыргызстан элинин жалпы, бөлүнгүс жана менчиктелбес байлыгы.
Биз жаратылышты бүлүндүрүүчүлөргө каршы жоопкерчиликти күчөтүүнү колдойбуз.
Жаратылышты коргоонун мыйзамдарын бузуу – бул Кыргызстандын элине, келечегине душмандык кылуу.

КЫРГЫЗСТАН – ТАЗА ТАБИЯТТЫН ЖАНА ЫЙМАНДУУЛУКТУН ӨЛКӨСҮ!
Табияттын тазалыгы – мамлекеттин келечеги!
Табияттын тазалыгы – улуттун сак-саламатчылыгы!
Табияттын тазалыгы – дилибиздин жана оюбуздун аруулугу!
Табияттын тазалыгы – шаарларыбыз менен айылдарыбыздын тазалыгы!
Биз жашаган айлана-чөйрөнү өндүрүштүк, тиричилик таштандылардан коргойбуз.
Биз Кыргызстаныбыздагы тазалык жана тартип менен сыймыктануубуз керек.
Кыргыз кымызды төкпөйт, конушун булгабайт, коңшусун кодулабайт.
Жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу керек.
Биз жер байлыктарын майнаптуу колдонууну жактайбыз.
Кыргызстандын жаратылыш байлыктары өлкөбүздү байытууга жана элибиздин жакшы жашоосуна жумшалышы керек.
Кыргызстанды анын кооз табияты менен эриш-аркак жашаган ак илбирс сыяктуу асыл, аска-зоолорубуз сыяктуу бийик ойлуу инсандарыбыз гана гүлдөтө алат.

КЫРГЫЗСТАН – ЭЛ БИЙЛИГИНИН ӨЛКӨСҮ

БИР БОЛ – БИЗДИН КҮЧ БИРИМДИКТЕ!
БИР БОЛ – биримдиксиз, чаржайыт, баш аламан бийликке каршы!
БИР БОЛ – элдин бийликке карата толук ишеними үчүн аракет кылат!
БИР БОЛ – Кыргызстандын бардык жарандары мыйзамдарды милдеттүү түрдө аткаруусу үчүн күрөшөт!
Биздин биримдиктин негизи – мыйзам, тартип жана да тартип!
Мамлекеттик кызматкерлер бийликтин беделин көтөрүүчү үлгүлүү инсандар болууга тийиш.
Мамлекеттик кызматкерлерге коюлган талаптар:
Башкаруунун майнаптуулугу;
Жогорку жоопкерчилик;
Мекенчилдик, ак ниеттүүлүк, билимдүүлүк;
Майнаптуу башкаруунун биринчи шарты – аткаруучу бийликтин кылган иштеринин ачык-айкындыгы;

МАЙНАПТУУ СОЦИАЛДЫК САЯСАТ
БИР БОЛ – бул майнаптуу социалдык саясат.
БИР БОЛ партиясынын социалдык программасынын негизги жоболору:
Мугалимдердин макамын бийик деңгээлге көтөрүү;
Пенсиянын өлчөмүн адамдар жакшы жашай ала турган деңгээлге жеткирүү;
Элдик ишкерликти ар тараптуу колдоо жана аларды жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо;
Жаш кесипкөйлөрдү айыл-кыштактарга тартуу;
Биздин башкы максат – Кыргызстандын бардык жарандарын турак жай менен камсыздоого аракеттенүү жана негиз түзүү.
Социалдык өнөктөштүк принцибинде жалпы элдик курулуштарды уюштуруу.
Бул – жеке турак жайды жана социалдык-маданий объекттерди индустриалдык багытта жеке-мамлекеттик өнөктөштүк менен кеңири куруу.
Бул – муниципалдык курулуштун көлөмүн кескин көбөйтүү жана бүткөрүлүшүн ыкчамдатуу.

КЫРГЫЗСТАН – ЭЛДИК ИШКЕРЧИЛИКТИН ӨЛКӨСҮ!
БИР БОЛ – бюрократиялык тоскоолдордон арылууну колдойт! Мамлекет чакан жана орто бизнести колдоонун майнаптуу жана ачык-айкын системин түзүүсү керек!
БИР БОЛ элдик ишкерликтин идеологиясын толук колдойт жана кубаттайт.
Орто катмар – күчтүү мамлекеттин тиреги!
Кыргызстандын ар бир атуулунун өз жумушу, бизнеси болсун жана алар өлкөдө жогорку технологиялык өндүрүштү өнүктүрүүгө үлүш кошсун.
Мамлекеттин негизги милдеттери:
Жергиликтүү ишкерлерге шарт түзүү;
Айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүрүүчүлөрдү колдоо;
Кыргызстан өз жарандарын экологиялык таза, адал азык-түлүк, күнүмдүк зарыл товарлар менен толук камсыздоого жетишүүсү керек!

Биз баарыбыз бириксек гана Кыргызстанды экономикалык жактан башкаларга көз карандысыз, күчтүү өлкөгө айландыра алабыз! БИР БОЛ партиясынын ой-максаты жалпы мекенчил кыргызстандыктардын ой-максаты менен бирге!

ИСЛАМ – ЭҢ КУБАТТУУ ЫЙМАНДЫК ТАЯНЫЧ!
Кыргызстан – салттуу диний ишенимдеги адамдардын башын кошкон өлкө. Биз атуулдарыбыздын диний ишеним тутууларына сабырдуулук жана сый-урмат менен мамиле кылабыз.

БИР БОЛ – светтик мамлекеттик түзүлүш үчүн!
БИР БОЛ – диний экстремизм менен келише албайт!
Биз Кыргызстанда ислам дини кеңири жайылганын, анын өзүнүн калыптанган шарият эрежелери бар экендигин эске алууга тийишпиз.

КУДАЙ БИР! АЛЛА-ТААЛА БИР!
Адамдарга ИШЕНИМ керек!
Ишеним – биримдиктин негизи.
Салттуу ИСЛАМ жана ХРИСТИАН дини – Кыргызстандагы боордош элдердин кеңири тараган негизги диний ишеними.
Бул – тынчтыктын, өз ара мунасага келүүнүн, сабырдуулуктун, боорукерликтин, кайрымдуулуктун, адеп-ахлактык жана руханий тазалыктын идеясы.

ТЫШКЫ САЯСИЙ ДОКТРИНА – СЫЙ КОШУНАЧЫЛЫК
БИР БОЛ партиясы тышкы саясатта дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен достук, боордоштук мамиле түзүүнү колдойт.
Эл аралык алкакта биз өз өлкөбүздүн жогорку маданияты жана экономикалык өнүгүшү аркылуу таанылууга тийишпиз.
Кыргызстандын кызыкчылыгына дал келген бардык эл аралык биримдиктерге толук кошулабыз.
Өлкөнүн тышкы саясаты – Кыргызстандын эртеңки өнүгүүсүн камсыз кылыш керек.

СЫЙ КОШУНАЧЫЛЫК тышкы саясат доктринасы:
Биздин кошуна өлкөлөр – биздин стратегиялык өнөктөштөр.
Кошуна өлкөлөр менен мамиле түзүүнүн негизи бул – ЕВРАЗИЯЛЫК БИРИМДИК.
Дүйнөлүк алкакта Евразиялык биримдик жалпы аймактын саясий жана экономикалык кызыкчылыгын коргоосу керек.

АЛЫСКЫ ТУУГАНДАН ЖАКЫНКЫ КОШУНА АРТЫК!

КЫРГЫЗСТАН – ГЕОГРАФИЯЛЫК ЖАКТАН ЕВРАЗИЯНЫН БОРБОРУ!
Бизге берилген ырыскы, тагдыр – ачык өлкө болуу!
Кыргызстан ТРАНЗИТТИК БИЗНЕС өлкөсү жана бардык байланыштардын түйүнү болууга тийиш!
Кыргызстан евразиялык бардык аба жана темир жол каттамдарынын чордону болууга тийиш!
Инвестиция үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүүсү зарыл!
Инвесторду коргоо – Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо!
Инвестиция тартуу – өлкөнүн эл аралык алкактагы зор зоболосу!
Биз эл аралык мыйзамдарды сактоо жана Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо үчүн бекем турабыз!
Транзиттик бизнес – таза, ачык-айкын болушу керек!
Табиятыбыздын кооздугу, тазалыгы, элибиздин пейили – туристтик бизнести өнүктүрүүнүн негизги өбөлгөсү!
Туристтик бизнес бул – жумуш орундары, жакшы киреше, өлкөнү таанытуу!
Биз инфраструктураны өнүктүрүү аркылуу туристтик тейлөөнү өнүктүрөбүз!
Биз туристтик бизнести мамлекеттик жана менчик компаниялардын өнөктөштүгү аркылуу гана өнүктүрө алабыз!

БАБАЛАР ОСУЯТЫ – «БӨЛҮНСӨҢ БӨРҮ ЖЕП КЕТЕТ!»
МАНАС – ЭЛДИК ЭПОПЕЯНЫН КААРМАНЫ, ал элдин кылымдап боюна сиңген ой-тилегинин, үмүт-каалоосунун аткарылуусу! Анын башкы максаты – жалпы кыргызды бир туунун
алдына бириктирүү!
БИР БОЛ партиясынын тилеги жана аракети – өлкөнү өнүктүрүп өркүндөтүү!
КАБЫЛАН МАНАС – элдик мүдөө, элдик тилек! Азыркы учурда тарыхый инсандардын өрнөктүү өмүрү, калтырган мурастары улуу сабак!
БАРСБЕК КАГАН – тарыхый инсан жана кыргыз элинин улуу сыймыгы!
БИР БОЛ партиясынын идеологиялык уюткусу: БАРСБЕК КАГАНдан ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВго чейинки улуу мурас!
БАРСБЕК КАГАН доору – Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү, Евразия мейкиндигинде УЛУУ КЫРГЫЗ КАГАНАТынын кулач жайышы!
БАРСБЕК КАГАН – кыргыз урууларын баш коштурган, тарыхый доор талап кылган, бириктирүүчү күчкө ээ улуу инсан!
БАРСБЕК КАГАН – акылмандык менен баатырдыктын, БИР БОЛуунун өрнөгү!
Айтматов дүйнөгө Кыргызстанды таанытты. Айтматов – заманбап кыргыз рухунун туу чокусу, ал Кыргызстан элдеринин көөдөнүндөгү ойлорун, көкүрөктөгү көйгөйлөрүн бириктирип тутумдаштырды! Айтматов «Саманчынын жолундагы» Жер Эненин үнү менен кийинки муунга «БИР БОЛГОНУҢАР ТУУРА БОЛОТ!» деп осуятын калтырды.

Айтматовдун ибараты – БИР БОЛ!

КЫРГЫЗСТАНДЫН МАДАНИЯТЫ – АР ТҮРДҮҮЛҮК АРКЫЛУУ БИРИМДИККЕ!
Руханий-маданий жактан кайрыларыбыз, таянарыбыз – улуттук салт-санат, МАНАС, БАРСБЕК КАГАН, ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ!
БИР БОЛ партиясы кыргыздын улуттук маданиятынын сакталышы жана өнүгүшү үчүн!
БИР БОЛ партиясы Кыргызстанды жерлеген бардык элдердин улуттук маданиятынын сакталышы жана өнүгүшү үчүн!
БИР БОЛ партиясы XXI кылымда жаңыланган, мекенибиздин атуулдарына ылайык келген маданияттын өнүгүшү үчүн!
Кыргызстанга маданият боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясат өтө зарыл!
Анын негизи булар болушу керек:
МАМЛЕКЕТТИК БИРИМДИК ЖАНА МЕКЕНЧИЛДИКти үгүт-насааттоо менен, КЫРГЫЗ УЛУТУНУН жоопкерчилигин калкка кеңири жеткирүү;
Башка улуттарды кемсинтпөө, алардын салттарын жайылтуу;
Элдик ишкерликтин жана транзиттик бизнестин идеяларын кеңири жайылтуу;
Кыргызстан элдеринин өз ара баарлашуу тили катары мамлекеттик тилди өнүктүрүү.

www.birbol.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
kunduza
2014-06-02 11:25:04
Эх... Чудинов, Чудинов,,, акыры кыргыздардын башын айлантканы калдынбы?..
0
advert
2014-06-02 12:16:32
Бир Болду колдойм!!!
+1
Danel
2014-06-02 14:22:58
Бул Бир болдо аим лидер жана кайсы депутаттар бар???
0
kunduza
2014-06-02 17:17:27
Баягы Бакиевди жандап жургон Чудинов башына турат, ал эми Сулайманов, Бакчиев, ак жолчу депутат Марат Султановдор бар, кыскасы акчалуулар да...
+1
jantonik
2014-06-05 09:56:24
бир бол кыргызстанды которо турган партия!!!
0
storm2013
2014-06-11 07:16:10
СЫЙ КОШУНАЧЫЛЫК - жакшы жазылыптыр. кошуна олколор менен сый болуп, газ деген чыр чыкпайт! бул партияны колдойм!
0
kuba.kq8705
2014-07-08 19:38:23
ar daiym bir bololu alga altynbek baike
0
№ 604, 30-май-05-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан