– Көздүн көрүүсү курч болушу үчүн эмнелерди жеш керек? Көрүү начарлап кеткенде деле керектүү азыктарды жесе, көрүү калыпка келеби?
Эрлан, 27 жашта, Бишкек
– Көрүү жаңыдан начарлай баштаганда керектүү витаминдерди жесе, көрүү калыпка келет. Ал эми көрүү абдан начарлап кеткенде жалаң витаминдердин алы жетпейт, андыктан көз дарыгерине көрүнүп, дары-дармектерди да колдонуу кажет.
Көздүн курчтугун камсыздандыруучу азыктар бир топ. Мисалы, сабизде C, B, D, E витаминдери жана көздүн курчтугун сактап, катаракта (көздү ак басуу) оорусунун алдын алуучу бета-коротин бар. Ошондой эле шпинат, броколли, сарымсак, жумуртка, балык жана анын майы, коон жана жер жаңгак, жаңгак пайдалуу. Жемиштерден киви, апельсин, лимонду жесе көздүн кан тамырлары бекемделет.
ТИРСЕКТЕН КАНТИП КУТУЛАМ?
– Тирсек эмнеден улам чыгарын билгим келет. Анткени бат-баттан чыгып жүдөтөт. Үйдө кандай мазь колдонсо уруксат?
Светлана, 19 жашта, Ош
– Тирсек оорусу медицинада «гордеолум» деп аталат. Көп чыкса адамдын иммунитети түшүп кеткен же ичинде ичеги курту бар болушу мүмкүн. Андыктан врачка барып текшерилүү кажет. Иммунитети түшсө дары-дармектен иммунал, амизон, полиоксидонийди колдонсо болот.
Тирсекти териде жана мурундун былжырында жашай турган стафилококк бактериясы козгойт. Бул бактерия организмге теридеги тырык же көздүн кычыктары аркылуу кирип кетет. Андыктан кир кол менен көздү сүрткүлөбөө керек. Үйдөн ихтиол, эритромицин, макситрол дары майларынын (мазь) бирин сүйкөсө болот.
КОМПЬЮТЕРДЕ ИШТЕГЕНДЕР КӨЗГӨ КАЙСЫ ДАРЫНЫ ТАМЧЫЛАТУУСУ КАЖЕТ?
– Компьютерде көп иштегенде көзүм чарчап, кызарып, анан ичи кургап оорутат. Ошондуктан эмне дарыларды өз алдынча колдонууга болот?
Адилет, 24 жашта, Кант
– Компьютерден чыга турган электро-магниттик нурдануудан көздүн ичи кургап, кызарып, көзгө бир нерсе кирип кеткендей өйкөлүү жаралат. Андыктан компьютерде иштөөдө атайын көз айнек тагынуу, убак-убагы менен көздү эс алдыруу кажет. Дарылардан күнүгө офтагель, систейн, рефреш дарыларынын бирин көрсөтмөсүнө карап, тамызып турса болот.
Бирок «көзүм компьютерден ооруп жатат» деп жүрө бербей көз доктурга текшерилип, так диагнозун билүү кажет. Анткени көздүн кызаруусу көздүн башка ооруларында да кезигет.
КОНЬЮКТИВИТТИ КАНТИП ДАРЫЛАЙТ?
– Инимдин көзү ооруп, доктурга барса «коньюктивит» деген диагноз коюшту. Бул ооруну дарылабай койсо өзү айыгышы мүмкүнбү?
Элида, 19 жашта, Бишкек
– Коньюктивит оорусунун 3 түрү бар: бактериялык, вирустук жана аллергиялык. Ооруда көз кызарат, жаш агат, кычышат жана өйкөтүп оорутат, чылпактайт.
Кайсы түрү экенин көз доктурлар текшерип аныкташат жана керектүү дарыны жазып беришет. Дарылабай койсо, дарт өнөкөт түргө өтүп, улам кармап жүдөтөт. Андыктан ооруганда дароо дарылануу зарыл.
Сиздердин сурооңуздарга Улуттук госпиталдын көздүн микрохирургиясы бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу БАКТЫГҮЛ МАМЫТОВА жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg