«20дагы ЧАЛ-КЕМПИР» КОМЕДИЯСЫН ҮЙ-БҮЛӨҢҮЗ МЕНЕН КӨРСӨҢҮЗ БОЛОТ

Кыргыз киносу бул жылы дагы бир комедия менен толукталды. 15-май күнү «Манас» кинотеатрында жаш режиссёр Айбек Омуровдун «20дагы чал-кемпир» кинотасмасынын бет ачары болуп өтүп, көпчүлүк көрөрмандарды кайдигер калтырган жок.

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Шаардык Тимур аттуу жигитти чоң атасы менен чоң энеси сагынып, айылга чакырттырышат. Тимурдун келгенине чоң атасы жетине албай кубанып, небересин ата-конушу жашаган жер менен тааныштырып, өзү өмүр кечирип келген жерди мураска калтырмай болот. Муну уккан шаардык жигит дароо жерди чоң суммага сатып, көз алдына миллиондогон акчаларды элестетип алат. Небересинин бул жоругуна капа болгон чоң ата түн ортосунда туруп, Жараткандан балдарына ыйман берүүсүн тилейт. Абышканын сураган өтүнүчү аткарылып, бир түндө чал-кемпир 20 жаштагы бала менен кызга айланышат. Окуянын жүрүшүндө каармандардын ары күлкүлүү, ары кайгылуу жашоосуна күбө болосуз.

Фильмдин режиссёру Айбек Омуров:
«20дагы чал-кемпир» кинотасмасынын режиссёру Айбек Омуров фильм тууралуу мындай оюн билдирди.
«Буга чейин кыска метраждуу фильмдерди тартып келгем. Аталган комедия толук метраждуу алгачкы эмгегим болду. Тасмада улуу муун менен жаш муундун пикир келишпестиги сүрөттөлөт. Бул тасма аркылуу улуу муунду сыйлап, кичүү муунду тарбиялашыбыз керек деген ойду айткыбыз келген. Кинонун жанры америкалыктардын дене алмашуу жанрына кирет. Роб Шнайдер катышкан «Цыпочка» деген фильмден таасирленип, ушул жанрды биздин аудиторияга ылайыктуу кылып тартсамбы деген ой келген болчу. Жыйынтыгы жакшы болду деп ойлойм, анткени көрөрмандардан жалаң жакшы ой-пикирлерди угуп жатабыз. Кызыгы, бул фильм бардык куракка ылайыктуу, кинотеатрга балдары менен келип көргөн үй-бүлөлөрдү көрүп жатабыз. Анан да айбанаттар менен жакшы иштедик. Кыргыз киносунда эң көп айбанаттар менен иштешкен ушул тасма болду десем жаңылышпайм. Дагы бир айта кетчү кубанычтуу кабар, «20дагы чал-кемпир» тасмасы дипломдук ишим катары да көрсөтүлдү. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун режиссура,ТВ жана кино факультетинин ардактуу бүтүрүүчүсүмүн».

ТАСМАДАГЫ БАШ КААРМАНДАР ЭМНЕ ДЕЙТ?
Дамир Абдраимов, актёр:

– «20дагы чал-кемпир» тасмасына чейин «Миллиондук мелдеш», «Бархатный сезон» тасмаларында роль жараткам. Аталган комедияга тартылууну фильмдин жаратуучулары сунуш кылышкан. Өзүмдүн кесибим сүрөтчү, бирок киного, жарнамалык түрмөктөргө тартылып эле жүрөм. Тасмада 70теги чалдын жана 20дагы жигиттин образын жараттым. Жаш жигиттин ролун ойногондо хип-хопко бийлеп, жаргон сөздөр менен сүйлөп, өзүм үчүн чоң ачылыш жасадым. Жаштардын көйгөйүн да жакшы түшүнө баштадым. Анткени биздин жаштык кез башкача өткөн да. Азыркы жаштар такыр башкача заманда жашап жатышпайбы.

Замира Сатыбалдиева, актриса:
– Бир тасмада эки кишинин образын жаратуу мен үчүн абдан кызык болду. Сырткы келбетиң кемпир бойдон, бирок жан дүйнөң 20 жаштагы кыз болсо кызыктай болот экенсиң. Ролду сунуштаганда абдан сүйүнгөм. Анткени биз курактуу актёрлорго башкы ролду сунуштоо чанда кезигет. Тартуу учурунда баштан-аяк эле күлүп жүрдүк. Мындай жагымдуу атмосфера күнүнө 14-16 сааттан иштеп жүрүп, чарчаңкы маанайыбызды жазып кетти десем болот.

Бакыт Тынайбеков, актёр:
– Башында «чалдын образын аткарасың» дешсе мен жеңил ойлогом, бирок кичине оор болду. Кино комедия жанрында болгону менен ичинде драмалык эпизоддору да бар эле. Ошондон улам болуш керек. Мисалы, «Көк салкындагы» Бакулянын образы жеңилирээктей сезилген. Ушундай татаал ролду аткаргысы келген актёрлорго «алдын ала даярданып алгыла» деп айтар элем. Ал эми калган жагы баары жайында болду. Башкысы кино элге жакса болду.


Лунара Бекиева

 Кыстарылган видео 
"20дагы чал-кемпир" тасмасы жарыкка чыкты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Kara_kyrgyz
2014-06-02 10:01:08
жакшы экен! демек "тошок сценалары" жок экен! акыркы кундору кыргыз кинолорунда деле уялбай ошондой жерлерди тартууга отушту!
0
zara-919
2014-06-02 10:32:40
өзбек киносунун копиясы ... (аты эсимден чыгып жатат)
0
Knopka.2014
2014-06-02 18:53:54
zara-919, Кечиресиз,эн негизгиси Кыргыз тилинде болуп жатпайбы.Кыргыз кино талаасы кенейип буюрса алдыда мындан да чон кинолор менен чон жетишкендиктерге жетише беруунуздорго тилектешмин!!!
0
ms.jiba
2014-06-02 18:13:59
абдан жакшы кино экен мен коруп келдим
0
Diana92kg
2014-06-02 19:35:50
мен кордум, кичине орустардын "Любовь-морковь" деген киносуна окшоп кетет экен
0
aman0296
2014-06-03 16:45:58
Коргум келип жарат
0
Beka95
2014-06-03 22:50:20
Ишенсениздер ушул киного коргону кирип алып акырына чейин коруп олтура албай койдум просто комерческий кино воопще жакпады.
0
vangolu
2014-06-04 10:54:42
Beka95, мен дагы ошондой болдум.АКУ деген мультикке кирип алып чыкканна шаштым.ушундай супсак кинолорду кинотеатрларга койбой эле койсо болмок.элди банкрот кылбай
0
demo009
2014-06-04 01:49:53
Жолдош Тынайбеков асмандан ылдый түш!
0
nur16
2014-06-08 15:39:41
акчанарды коротпой эле койсонор болот комедия эмес эле адамды уктата турган кино экен
0
Raymond127
2014-06-27 01:03:44
ХХХ ХХХ ХХХ... Коруп келдим соонун кино экен, мааниси бар, абдан жакшы тарбиялык жагы бар экен...
0
admin_portal
2014-06-27 11:00:25
Raymond127 - эскертүү!
Жеке айтышууларга жол берилбейт! Ар бир колдонуучу порталдын эрежелеринин негизинде өз ой-пикирин жазганга укуктуу.
0
Aiaium
2015-01-11 12:16:39
толук кандай корсо болот кайсыл жагына кирсен 3 муноттук узундуго
0
№ 604, 30-май-05-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан