Адатта эл көзүндөгү адамдар кийген кийими, жүрүм-туруму менен көпчүлүккө үлгү боло алышат. Аларды туурап кийинген жаштар да аз эмес. Бүгүн биз белгилүү ырчылардын кийинүү стилин стилисттердин сынынан өткөрүүнү туура көрдүк.
Замира Молдошева, стилист-дизайнер:
– Аваз Акимов бул жерде туура эле кийинген. Бир гана кемчилик, күлгүн түстөгү бабочкасы менен ак түстөгү көйнөгү куюлушуп, бабочка анча билинбей калган. Ордуна кыпкызыл өңдөгү бабочка тагынса сонун жарашып калмак.
Гуля Алманбетова, стилист:
– Аваз стилин издеп жүрөт экен. Бул формасы кэжуал стилине кирет. Күлгүн түстөгү бабочкасы жаш балдардыкындай көрүнүп калган, аны алып деле койсо болмок.
Замира Молдошева:
– Акыркы күндөрү Каныкейдин стили аша чаап кеткендей. Бул жерде көз айнеги ашыкча, ал эми баш кийимин кийизден жасалган баш кийимге алмаштырса болмок.
Гуля Алманбетова:
– Каныкей, өзү айткандай, башкача кыз. Өзүнүн «кызыктуу» стилин тапкан айым. Учурда түзгөн образы канчага чейин иштейт аны айта албайм. Бирок түзгөн образы ырдаган ырларын жууп кетип жатат, ошол экөөнү теңесе жакшы болмок.
Замира Молдошева:
– Султанда үн, талант, келбет баары бар, бирок стили жок. Муну Султан «мен чыныгы эркекмин, ошол үчүн стилдин кереги жок» деп түшүндүрүшү мүмкүн (күлүп). Бирок эл көзүндө жүргөн адам болгондон кийин баарын тегиз алып кетүүгө аракет кылуу керек.
Гуля Алманбетова:
– Султандын стили башында жакшы болчу. Азыр стили аксап жүрөт. Бул сүрөттө кийген шымы тар экени дароо көзгө урунат экен. Табият койнунда эргүү издеп отурган образды жараткысы келген болсо, колундагы саатын чечип эле койсо болмок.
Замира Молдошева:
– Айгеримдин талантын билбейм, өзү сулуу кыз. Кийингени өзүнө жагат болуш керек. Бирок ал элге жагабы, ошол күмөн жаратат. Мындай келбет менен Рианнадай моданын мыйзам чыгаруучусу болсо болот. Бирок стили дайыма аксайт, кеңешим, профессионалдарга кайрылышы керек.
Гуля Алманбетова:
– Бул ырчы кыз стилин таба элек. Формасы кадимки концерттик костюм, ачык кийингенди да профессионалдуу деңгээлде алып чыкса болот, бирок Айгерим ал нерсени кыла албай жүрөт, жаштык кылып жатса керек. Чач жасалгасы абдан улуу көрсөтүп койгон, өтүгүн туфлиге алмаштырыш керек болчу.
Замира Молдошева:
– Бегимайдын күлгүн түстөгү көйнөк менен комбинезону жакшы эле, бул жерде бут кийими бутун кыска көрсөтүп койгон. Мисалы, өтүгүн бийик такалуу туфлиге алмаштырса болмок.
Гуля Алманбетова:
– Татынакай айым экен, бирок үстү кеңсеге кийчү кийим, асты эмне экени түшүнүксүз. Бут кийиминин такасы көрүнбөй, өтүгү маасыга окшоп калыптыр. Күлгүн түс жарашкан адамдарга гана жарашат, аны этият пайдаланыш керек.
Замира Молдошева:
– Бул жерде Анжелика улуттук стилде кийинген. Көйнөк менен бут кийими жарашпай калган. Бут кийими сонун, көйнөгү да сонун, бирок экөө айкалышпайт.
Гуля Алманбетова:
– Анжеликанын стиль издөөдөгү аракети күч. Бул жерде жылтырак капрон колготкиси бузуп койгон. Сулуу бутун жашырбай бут кийимин туфлиге алмаштырса жарашмак.
Лунара Бекиева
star@super.kg