ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (2-июндан 8-июнга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Олуттуу өзгөрүүлөр менен окуялар күтүлбөгөн тынч апта. Акчаны үнөмдөө, чогултуу максатында банктан эсеп ачууну ойлонуңуз. Шаршембиде ашыкча сүйлөйм деп тиш кайрагандардын санын көбөйтпөө керек. Бейшембиде көйгөйлүү ишти бүткөрүп, жеңилдейсиз. Жума күнү шашпаңыз, бир нерселерди унутуп калууңуз мүмкүн.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Дүйшөмбүдө жагымсыз сүйлөшүүлөргө туш келүүңүз мүмкүн. Шейшембиде бирөөлөрдүн суранычы менен туура эмес иш жасап жибербеңиз. Шаршембиде иш чачтан көп болот. Бейшембиде чырлуу кырдаал жаралат. Өз көз карашыңызды айтып, бейтараптыкты сактаңыз. Апта акырында кылган иштен майнап чыкпайт, андыктан эс алыңыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптанын башында сапарга чыккандарды ийгилик коштобойт. Андыктан пландабай эле койгон оң. Бирок жакындар менен мамиленин бекемделиши күтүлүүдө. Апта ортосунда кийин сизге пайдасы тийчү адамдардын чөйрөсүндө эс аласыз. Жума күнү чуулгандуу окуя чыгат. Апта акырында сүйүүдөн жолуңуз болот.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Дүйшөмбүдө айтылгандарды ыклас коюп уксаңыз, маанилүү маалыматты илип каласыз. Шейшембиде каалоону ишке ашыруу үчүн тил билгичтик жөндөмүңүздү колдонуңуз. Жума күнү чоң суммадагы акчанын ээси болосуз. Ишембиде сизди жактырган адамдардын ички сезимдерин угасыз. Жекшемби – жаңы таанышуулар күнү.

АРСТАН (23.07-23.08)
Дүйшөмбүдө чөйрөдөгүлөргө катаал мамиле жасайм деп сөз угуп калбоо кажет. Шейшембиде кыялыңызда кимге жолугууну эңсеп жүрсөңүз, ошого кезигүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бейшемби – ийгилик жылоолоочу күн. Оор иштерди бүткөрүп алыңыз. Жума күнү күтүлбөгөн чыгымдарга туш келесиз. Жекшембиде жалгыз калып, ой жүгүртүүгө убакыт табылат.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Дүйшөмбүдө иште так болбосоңуз, ката кетирип, материалдык чыгым моюнуңузга илинет. Шаршемби жаңы конушка көчүүгө, жаңы ишке орношууга ылайыктуу. Бейшембиде керектүү нерсени унутпоого тырышыңыз. Болбосо убара болосуз. Жума күнү карыздарды же коммуналдык төлөмдөрдү төлөөгө туура келет. Апта акырында сизге кайсы адам кас экени билинет.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Оңдоп-түзөө иштеринде өзүңүз билбеген нерселерге киришүүдөн мурда керектүү адистен кеңеш алыңыз. Банктан насыя алуу, долбоорлорду бекиттирүү иштери шыр жүрөт. Бейшембиде бир жерге урунуп же жыгылып жаракат алуудан сактаныңыз. Ишембиде чарбакты жашылдандыруу менен алектенүүңүз ыктымал.
Жекшембиде конокко барасыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Сүйүктүү адамыңыз менен мамилеңиз татаалдашат. Бириңиздер мамилеге чекит коюуну ойлонууңуздар мүмкүн. Дүйшөмбүдө досуңуз менен урушуп кетүүгө жетпеңиз. Шаршембиде жыйынтыгы туура эмес болорун сезсеңиз, калп эле өжөрлөнбөңүз. Бейшембиде жаңы маалыматтар түшөт. Жекшембиде сулуулук салонуна баш багасыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптанын башында үйүңүздү уурулардан сактаңыз. Жеке жашоого келсек, бойдоктор ким менен калуу керек деген маселеге такалат. Кийин өкүнбөгөндөй чечим кабыл алуу үчүн ишенген адамыңызга кайрылыңыз. Апта ортосунда азгырмалуу сунуштан баш тартуу кажет. Апта аягы кубанычка чулгайт.

 

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Дүйшөмбүдө кичи пейилдик чырдын алдын аларын эске тутуңуз. Шаршембиде бирөөлөр жашооңузга кийлигишип, түйшөлтөт. Жума күнү ашыкча өзүм билемдик жетекчилик менен урушууга жеткирет. Апта акырында өнөкөт оорулар козголбошу үчүн майлуу, туздуу тамак жебеңиз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Өзгөрүүлөр жана сыноо тилкеси бүтө элек. Андыктан жыйнактуу жана баамчыл болуңуз. Шейшембиде чыгармачылык жактан эл көзүнө көрүнөсүз. Бейшембиде интригага аралашпоо сунушталат. Жума күнү жакшы адамдар менен эс алууга убакыт табылат. Жекшемби – ички жан дүйнөнү байытуучу, ички көрөңгөлөрдү ойготуп, чыгармаларды жаратуучу күн.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Шейшембиде сизди бир ишке күнөөлүү деп чыгышат. Эмоцияга алдырбай, баарын башынан териштирүүнү сунуштаңыз. Бейшембиде сизден алган акчаларды кайтарып беришет же белек тартуулашат. Жума күнү ачкыч менен капчыкты жоготуп алуудан сак болуу кажет. Ишембиде соодадан жолуңуз болот. Жекшембиде баарын жыйыштырып, табигат койнунда эс алуу сунушталат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 604, 30-май-05-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан