ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (9-июндан 15-июнга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын башында эч кимге убада бербей туруңуз, аткара албай, бөөдө аброюңуз түшөт. Шаршембиде керектүү адамдарга туура мамиле жасоо менен бир ишиңизди бүткөрүп алсаңыз болот. Бейшембиде күтүлбөгөн жерден үй-чарбаcына байланыштуу маселе жаралат. Ишембиде өзүңүздү ак жерден жаманатты кылууга жол бербеңиз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Дүйшөмбүдө кайда болбосун эрте чыкпасаңыз, кечигип, бир топ убара тартасыз. Шейшембиде көптөн бери издеген адамыңызга жолугасыз же издеген буюмуңуз колуңузга тиет. Бейшембиде бойдокторду ийгиликтүү таанышуулар күтөт. Жума күнү коңшулар менен чырдашууңуз мүмкүн. Дем алыш күндөрү жакшылап эс албасаңыз, залакасы кийинки аптада тиет.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Дүйшөмбүдө өрткө байланыштуу кырсыктын чыгышынын алдын алуу керек. Шейшембиде дарыгерге барууңуз күтүлүүдө. Бейшембиде жетекчиликтен катуу сөз угууга жетпөө үчүн жамааттагылар менен урушпаңыз. Жума күнү жоголгон документиңиз табылат. Жекшембиде асем буюмдарын сатып алуу сунушталбайт, жасалмасына туш келүүңүз ыктымал.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Дүйшөмбүдө кыймылсыз мүлк боюнча келишим түзбөө керек, туура эмес болуп калышы мүмкүн. Шейшембиде бирөөлөргө жардам берүүдөн качыңыз, жакшылыгыңызды актабайт. Бейшембиде маанилүү окуяны билбей өткөрүп жибербеңиз. Жума күнү алыста жашаган адам менен таанышасыз. Жекшембиде тойго чакырык алууңуз мүмкүн.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада керексиз адамдар менен эле тааныша берүүдөн качыңыз. Машинаңыздын оң экенин текшертип албасаңыз, жолдо калуу коркунучу бар. Шаршембиде кандайдыр бир маселе менен укук коргоо органына кайрыласыз. Бейшембинин түнүндө өмүрүңүздү тобокелге салбоо үчүн караңгыда жүрбөңүз. Жекшембиде чөйрөңүз жаңы адамдар менен толукталат.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Шейшемби кыймылсыз мүлк сатып алууга ылайыктуу. Шаршембиде жагымсыз кабар угууңуз мүмкүн. Кошумча кирешенин кириши бейшембиде канчалык туура ойлонуп, чечим чыгара алууңуздан көз каранды. Жума күнү жүрөк өйүгөн бир көйгөйүңүздөн арылып, жеңилдейсиз. Ишембиде сизди сыйлап, коноктой турган адамдар чыгат.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Иште өзүңүздү көрсөтө билсеңиз, сыйлыкка татыйсыз. Бойдоктордун сүйүүсүн сактап калуусу же жоготуусу кылык-жоруктарына жараша болот. Бейшембиде шашылыш иштер боюнча бирөөлөрдү жардамга чакырасыз. Жума күнү акчага байланыштуу ишти бирөөлөргө ишенип дайындабоо кажет.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Шейшемби чыңалып иштөөчү күн. Чарчоонун айынан жакындарыңыз менен урушуп калбаңыз. Бейшемби жаңы маалыматтарды, ыкмаларды өздөштүрүү күнү. Жума күнү артында кейип калбоо үчүн шашылыш чечим кабыл албаңыз.Ишембиде бирөөлөр менен акчага бир нерселерди мелдешпөө кажет, жолуңуз болбойт. Жекшембиде узакка күттүргөн кабар кубандырат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Дүйшөмбүдө сак болбосоңуз, капчыгыңызды уурдатып, ишиңизди бүткөрбөстөн үйүңүзгө кайтасыз. Шаршембиде укугуңузду коргоп, бирөөлөрдүн үстүнөн арызданууңуз ыктымал. Бейшембиде мурунку бирге иштешкендердин бири жакшы сунуш менен кайрылат. Жума күнү чакырылбай келген коноктор төрүңүздөн орун алат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Шейшембиде жакындарыңыздын биринин ден соолугуна кам көрүп, дарыгерге чуркайсыз. Бейшембиде көпчүлүктүн алдында эмоцияга алдырып, калп айтуудан качуу оң. Ишембиде шашылыш түрдө үйгө буюм сатып албаңыз, сапаты начарын алып калууңуз мүмкүн. Жекшембиде достор чогуу бир жакка барып келүүнү сунушташат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Дүйшөмбүдө оюңузду туура жеткизе алсаңыз, жетекчиликтен көп нерсени өз пайдаңызга чечтире аласыз. Шаршембиде сизди бирөөлөр ыңгайсыз абалга калтырып, артынан кечирим суроолору ыктымал. Жума кийин чоң киреше алып келүүчү келишимдерди түзүүгө ылайыктуу. Ишембиде туугандар сизге бир милдетти жүктөп, жыйынтыгын күтүшөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада кайсы бир маанилүү ишке катышууга макул болбоо керек. Арты чырга айланып, жаманатты болууңуз мүмкүн. Ошондой эле кошумча билим алуу керектиги билинет. Мүмкүн курска жазыласыз. Шаршембиде туугандар сизди сынга алышат. Аларга капа болуунун ордуна баарын анализден өткөзүңүз. Бейшембиде белек алып, жекшембиде жекече эс аласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 605, 06-июнь-12-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан