1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата «Супер-Инфо» гезити, super.kg сайты жана «Асанбай» сейил багы менен биргеликте борборубуздагы «Асанбай» сейил багында «Эгиз бөбөктөр» деген аталышта майрамдык акция өткөрдү. Ага эрежеге ылайык 3 жаштан 7 жашка чейинки эгиздер катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Быйыл жаздын келиши да, кетиши да кыйын болуп жаткандай. Демейде июнда күн чакчайып чыгып калчу эле, бул ирет жайдын биринчи күнү булуттуу болду. Ошого карабай биздин бөбөктөрдү ээрчитип, алыскы райондордон келген ата-энелерди көрүп көзүбүз сүйүндү. Эгиздер чогулганда «тамашоучулар» Самат Эркинбеков менен Эмил Эсеналиев кечени ачык деп жарыялап, жаш ырчы Руслан Абылов «Мекеним» аттуу патриоттук ырын аткарып өттү. Андан кийин кезеги менен бөбөктөрдүн талантына күбө болдук. Кичинекей таланттардын өнөрлөрүн ырчылар Гүлзада Рыскулова, Анжелика, Ильяз Андаш жана super.kg порталынын өкүлү Дамира Арстанова баалап, калыстык кылышты. Эгиздердин арасында ырдаганы, бийлегени, Манас, жомок айткандары да болду. Быйылкы «Кара жорго» модасы балакайларга да жетип, биринен бири калышпай бийлеп беришти. Жалпысынан 16 жуп түгөй келип, алардын арасында атайын даярданып, бирок элден сүрдөп сахнага чыкпай койгондору да кезикти. Бардык эле ата-эне баласы үчүн күйөт эмеспи. Катышуучулардын апаларынын бири таң атпай алыстан келишкенин айтса, көпчүлүгү балдарынын номери мыкты болсун деп атайын кийим тиктирип, ижарага алып, аябай даярданышкан экен. Сынакта эгиздердин аткаруу чеберчилигине, өзүн сахнада алып турганына, кийимдерине карап калыстар өз баасын берип, жыйынтыгында төмөнкү жуптар байгелүү орунга татышты.
1-орун Аспандияр, Райдияра (6 жаш)
2-орун Ширин, Жасмин (4 жаш)
3-орун Аэлита, Элина (5 жаш)
Жеңүүчүлөр аныкталары менен аларга «Супер-Инфо» гезити тарабынан даярдалган белектер тапшырылды. Калыстар да куру келбей, балдарга белектерди ала келишкен экен. Майрамдары менен куттуктап ырдап, өздөрүнүн атынан да белектерин ыйгарышты. Андан соң бөбөктөргө бекер балмуздак таратылып, майрамдык кеченин экинчи бөлүгү болгон эс алууга кезек келди. Таланттуу бөбөктөр ал күнү «Асанбай» сейил багындагы каалаган аттракционго бекер түшүп, көңүл ачышты. Айта кетчү нерсе, ал жакта башка сейил бакта жок интерактивдүү оюндар, бир топ кызыктуу аттракциондор бар экен. Биринен чыгып экинчисине түшүп кубанган, жетелешкен эгиздердин көздөрүндөгү кубанычты көрүп, биз да сүйүндүк.
«Асанбай» сейил багынын жетекчиси, ЭЛБУРС КАРБАНОВ:
– Балдарга бүгүн каалаган аттракционго түшүү бекер болуп, көңүлдөрү куунак. Биз «Супер-Инфо» гезити менен биргеликте балдарга майрамдык маанай тартуулап жатканыбызга кубанычтабыз.
Майрамдык акцияда балдарга бекер аттракцион уюштуруп берген «Асанбай» сейил багынын жетекчиси Элбурс Карбановго ыраазычылык билдиребиз.
Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg