АЯЛ АЛСАМ СҮННӨТКӨ ОТУРБАГАНЫМДЫН ЗАЛАЛЫ ТИЙБЕЙБИ?

– Мен 20 жаштамын. Кичинекей кезимде «алигим» кесилген эмес, башкача айтканда, сүннөткө отургузулбай калганмын. Сурайын дегеним, кийин аял алсам сүн­нөткө отурбаганымдын залалы тийбейби? Жыныс мүчөм оорубайбы? Асылбек, Бишкек.

– Алгач сүннөткө отурууга эч качан кеч болбостугун эскерте кетели. Эгер сүн­нөткө оту­рууну пландап калсаңыз, жеке клиникалардын бирине хирургдарга кайрылганыңыз оң.
Ал эми сурооңузга келсек, сүннөткө отур­баган болсоңуз күнүгө эртең менен жана кечинде жыныс мүчөнүн башындагы терисин ачып туруп самындап жууш керек. Антпесе ал жерде чогулган «смегма» де­ген зат залалдуу шишикти пайда кылат. Аял алганда сүннөткө отурбагандын залалы тийбейт, жыныс мүчө оорубайт.


АЯЛ БОЛСОМ ДА ЭЭГИМДЕ ТҮК БАР...

– Аял экениме карабай алгач ээгимде 5-6 түк чыгып калганынан искек менен терип койгон элем. Ошондон кийин улам чыкканын терип же түбүнөн кыркып коюп келатам. Коркунучтуусу, мен терген сайын көбөйүп баратат. Эми суроом, ээкке таптакыр түк чыгарбай коё турган каражат барбы? Бибигүл, Бишкек.

– Учурда түк чыгарбай коё турган каражаттар бир топ. Бирок, ээктеги түктөрдү өз алдынча жок кылам деген туура эмес. Себеби, ээк бетте жайгашкандыктан, өтө кылдаттыкты талап кылат. Кокус туура эмес колдонулса, натыйжасы кейитээрлик болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан, сиз борбор шаардагы косметика салондоруна кайрылганыңыз жөн.


«АЛИГИБИЗДИ» ТИЙГИЗИП РАХАТТАНУУБУЗДУН ЗЫЯНЫ ЖОКПУ?

– Жигитим экөөбүз кошулбасак да, кээде бири-бирибизге «алигибизди» тийгизип, рахаттанып алабыз. Угушумча үйлөнө элек жаштар мындай мамилеге барышса, кийин бири-биринен көңүлдөрү калып калат имиш. Ушул чынбы? Биздин мындай кылыктарыбыздын денсоолугубуз үчүн зыян жактары барбы? Айгүл, Бишкек.

– Жыныстык жактан кошулбай эле жыныс органдарын козгоп дене кумарына кануунун психикага да, денсоолукка да зыяны жок. Муну илимде «петтинг» деп коёт.


ЖЫНЫСТЫК МҮЧӨМДӨН АК НЕРСЕНИН ТАМГАНЫ ЭМНЕСИ?

– Жашым 2 1де. Заара ушатып бүткөнүм­дөн кийин жыныстык мүчөмдөн ак нерсе таамп кетет. Досторум бул жыныс ор­ганга суук тийгенден дешет. Аларга ишен­сем болобу? Болбосо бул кандай оору жана кантип айыкса болот? Бөй­рөгүмө зыянын тийгизбейби? Максат, Нарын.

– Бойдок эркектерде мындай көрүнүш боло берет. Заара кылгандан кийин тамган ак суюктукту эрендиктин (сперма) бир тамчысы деп эсептесеңиз болот. Коркпоңуз, бул оору эмес жана денсоолукка зыяны жок.

Сиздердин сурооңуздарга белгилүү дарыгер-сексопатолог Аскаров Күлчоро жооп берди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 209, 3-9-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан