Айбек Карымов:«ДИЛ КАЙРЫК» БИЗДИН БАГЫБЫЗДЫ АЧТЫ»

Айбек Карымов деген ысым 2000-жылдары жарк деп күйгөнүн баарыбыз эле билсек керек. Ал аткарган «Дил кайрык», «Ооруп турат жүрөгүм», «Сага», «Боз торгоюм» деген чыгармалар Айбек мырзага күйөрмандарды ээрчитип келди. Ырчынын жалпысынан сахнада жүргөнүнө 20 жылдан ашыптыр, өзү айткандай, бул жылдар аралыгында ал Айбек Карымов деген брендин түптөп алган. Бүгүн биз Айбек Карымов деген аткаруучунун атактуулукка карай басып өткөн жолун иликтегенге аракет кылмакчыбыз.

«ЭКИ ЖОЛУ ОКУУДАН КУЛАГАМ»
-Кичинемден эле сахна адамы болууну эңсечүмүн. Жүрөгүмдө жанып турган ошол каалоо кайда барбайын ичимден түрткүлөй берер эле. Комуз черткенди 6 жашымда үйрөнгөм, мектепте активдүү окуучулардын арасынан эч кимди алдыма салчу эмесмин. Окууну бүтүп, Чехословакияда аскер кызматымды өтөп жүргөндө да комузум колумдан түшкөн жок. Өзүбүздүн «Совет аскерлери» деген гезитте ай сайын маектерим, ырларым чыгып турчу. Аскерде кызматымды аяктаган соң комузумду ошол жактагы кыргыз аскерлерге калтырып келгем, өнөрдү улантышсын деп. Аскерден келип, ОшМУнун музыкалык факультетине тапшырып, сынакта тарых сабагынан кулап калдым. Атамдын каалоосу менен Политехникалык университетте ашпозчулукка окушум керек эле. Ал жакка барып, сынакта суроого жооп бербей бош кагаз берип атайын өтпөй калгам. Бишкектен барып Жалал-Абаддагы Маданият техникумуна тапшырдым. Ошондо намысыма келип, «кой, мунусунда да куласам уят, тааныш табайын» деп сынак кабыл алып жаткан агайды чакырып, «мени өткөргөнгө жардам бериңиз» деп акча сунуштадым. Ал да макул боло койбоспу, 2 миң рубль берем деп сүйлөшкөнбүз. 700 рублун дароо карматтым да, калганын кийин берем дедим. Кийин калган акчасын берген жокмун (күлүп). Ал агай да бизге сабак бербеди, көргөндө учурашып кызарып-татарып өтүп кетчүмүн.
Окуудан студенттерди ар кандай айыл чарба жумуштарына тартчу, ошондо концерт коюп жүрүп алгачкы жолу «Сен менен таштак жолдо баратсам да, сезилет көл үстүндө бараткандай» деген саптары бар ырга обон жазгам. Жазып алып 5-6 айдай эч кимге айтпай жүрдүм. Анткени ошондо чын эле обон жаза аламбы деп ишенбей жүргөн элем. Бир агайга айтсам, «ээ, койчу, сенден каяктагы обончу чыкмак эле» деп кагып салган. Анан студенттер менен чогулуп отуруп жанагы ырымды ырдап бергем. 1 айга жетпей ырым жайылып кетиптир. «Ким жазды, ким жазды?» деген суроолорду укканда ичимден сүйүнүп алам. Атактуулуктун алгачкы даамын ошол жакта окуп жүргөндө таттым.

«НУР» ТОБУНА КӨП ЭНЕРГИЯМДЫ КОРОТТУМ»
-Окуумду аяктап досум, курсташым Алманбет Исаков экөөбүз 1994-жылы «Нур» тобун түздүк. Бул топ менин чыгармачылыктагы мектебим болуп калды. Жаштыгым жалындап күйүп, өрт болуп турган кезим ушул топто жүргөн мезгилге туш келет. Аталган топко көп энергиямды короттум. Аябай популярдуу элек, Кыргызстанды түрө кыдырып концерт коюп, бир да концертибиз бош залда өткөн эмес. Жаштыктын бир толкунунда аябай эле көпкөнбүз, ал кезде азыркыдай үй салып, машина алыш керек деген маселелерди ойлончу эмеспиз. Күнүмдүк жашообуз менен гана жашачубуз. Бирок 1997-жылы топтон кеттим, анткени өзүмчө чыгып аракет кылып көрсөмбү деген ой келди.

«АЙЫЛДАШТАРЫМ БЕРГЕН МАЛДЫ САТЫП КЛИП ТАРТТЫРГАМ»
-«Нур» тобунан кетип Бишкекке келсем, баары оор жашоодо күн кечирип жатышыптыр. Элдин шары менен мен да Орусияга иштегени кеттим. Тыва Республикасынын Кызыл деген шаарында 2 жыл базарда соода кылдым. Бактыгүл Сейитбекова деген акын эже менен (ред. ырчы Алихандын апасы) бир базарда иштечүбүз. Ошол эжекемдин сөзүнө жазылган «Сагындым туулган жерим сени», «Эне тилеги» деген ырларды жараттым. Иштеп акча чогултуп Кыргызстанга келсем, Сыймык Бейшекеевдин өтө популярдуу болуп турган мезгили экен. Мен баарын нөлдөн башташым керек болду. 10дой ыр жаздырып, радиолорго акча берип чыгарттырып көрдүм, бирок товарым өтпөй койду. КТРде иштеген Нуркамил Асанов, Мухтар Эстебесов, Рустам Аташов деген досторума кайрылып теледен да кетирип жүрдүм, болбоду. Бирок шагым сынган жок, болбосо да кайра аракет кыла бердим. Ошондо «Ооруп турат жүрөгүм» деген ырымдын обону жаралган. Ал ырымды алгач Борончунун концертинде ырдадым. Эл аябай жакшы кабыл алды, улам-улам кол чаап чакырышат же башка ырдай турган ырым жок, жүгүнүп коюп кайра кетип калам.
Кийин артынан эле Кубат Жакыповдун сөзүнө таандык «Дил кайрык» деген ырым жаралды. Гүлзат эжеге (ред. Байзакова) уктуруп көрсөм жактырып, дароо жаздыра салганбыз. Атактуулук бизге ошол маалда келди десем болот. Бул ыр бир эмес, эки ырчынын багын ачты. Базарга барсам жалаң «Дил кайрык» жаңырып жатат, аңкоолонуп кассета саткандардан «бул кимдин ыры?» деп сурап коём. Бир айдан кийин эле Бишкектин баары «Дил кайрык» болуп ызы-чуу болуп кетишти. Радиодогулар бизди издеп, гезитке чакырып, аябай ажиотаж болгон.
Айылга барып, өзүм жашаган Сары-Камыш айылынын эли «чыгармачылыгыңа корот» деп берген малды сатып бат эле клип тарттырып жибердик. Мына ошол ийгиликтер ага чейинки чыгармачылык деп жүрүп кыйналган күндөрүмдү жууп кетти. Көрсө, тырмышсаң ийгилик айласы жок жылмаят экен (күлүп). Мен учурда жүргүзүп жаткан ар бир ишиме чыгармачылык көз караш менен карайм. Азыркы түптөгөн бизнестеримдин баарын чыгармачылыктын артынан тапкам. Адам ийгиликке жетиш үчүн аракет гана кылыш керек экен.

Гүланда, жубайы:«АЛ КЕЗДЕ ОРТОБУЗДА СЫЙ ГАНА МАМИЛЕ БОЛЧУ»
-Айбек экөөбүз 2006-жылы таанышканбыз. Анда өтө популярдуу болуп турган кези эле. Мен кафеде ырдап иштечүмүн. Той-кечелерге чыкканда мени таанып калса керек, бир күнү чалып Айбек деп атын айтканда тааныган эмесмин. Политехникалык университетте 5-курсту аяктап жаткан элем, алгач ошол окуу жайдын жанынан жолукканбыз. Карасам эле Айбек Карымов, көрүп алып өзүм да таң калгам. Айбек чогуу иштешүү тууралуу сунуш киргизип, мен макул болгом. Ал учурда ортобузда сый гана мамиле бар болчу, концерттерде ал өзүнүн машинасы менен келип ырдап кетип калат, мен анын «Ай теңир» деген тобу менен башка машинада кетчүмүн.
Быйыл чогуу түтүн булатканыбызга 5 жыл болот. Мен өзүмдү бактылуу айымдардын катарына кошом, анткени Айбек аябай романтик, дайыма көңүлүмдү алып турат, катуу айтпайт. Балдарын, мени жакшы көрөт, менимче, аялзатына мындан өткөн жылуулуктун кереги жок го дейм.

«Медалдын эки тарабы бар» дегендей, атактуулуктун терс жагы да болот экен. Бул сенин жеке жашооң дайыма талкууда жүргөнүндө. Башында терикчүмүн, азыр кулактан шуу деп өткөзүп жибергенге көндүм».

Калбү, апасы:«АЙБЕК БИЗГЕ ЧОҢОЙГОНДО КЕЛДИ»
-Айбек балдарымдын эң улуусу, бирок эркелегенде кичүү баламдан да өтүп эркелеп кетет. Жалал-Абаддагы Маданият техникумуна тапшырып жатканда атасына айтпай акча берген элем. Ошол акчаны агайына берип окууга өтүптүр. Бир күнү «сен менен таштак жолдо баратсам да...» деген ырын гитара менен кыңылдап ырдап берген, аябай жакты. «Кимдин ыры?» десем табышмактуу күлүп койгон эле, көрсө, өзү жазып, «мен жаздым» деп айткандан уялып жүрүптүр.
Айбек өзү Токтогулдун Сары-Камыш айылында кайненемдердин колунда өсүп, бизге чоңойгондо келди. Ата-эне, бир тууганга өтө күйүмдүү, боорукер, айтканыбызды айткандай кылат. Аны алгач сыналгыдан көргөндөн кийин атасы экөөбүз кайра-кайра сыналгыдан дагы качан берет деп күтө берчүбүз. Алгачкы ийгилик жылмайып, балабыз атактуулукту багындыра баштаганда тели-теңтуштар менен жетине албай сүйүнүп көпкө майрамдаганыбыз эсимде.

«10-класска чейин чоң эне, чоң атамдын колунда өсүп, бой жеткенде гана атамдардыкына келдим».

Алманбет Исаков, «Нур» тобунун көркөм жетекчиси:«АТАКТУУЛУК АЙБЕКТИ ӨЗГӨРТКӨН ЖОК»
-Айбек менен 1988-жылдан бери таанышмын. Экөөбүз «Нур» тобун түзүп бир топ ийгиликтерге жетиштик. Маданият техникумундагы окуубузду бүткөндөн кийин «Нур» деген телеканалда чогуу иштеп калган болчубуз. Ошондо топ түзүү идеясы келген. Менде аппаратура, Айбекте талант бар болчу. Топ кезинде өтө популярдуу болуп турганын баары билет. Ал кезде биздин топ менен катар Рустам Аташовдун «Жан», Бактияр Токторовдун «Биз» топтору популярдуу эле. Бирок ич ара түшүнбөстүктөр, ырчыларыбыздын «жылдыз оорусу» менен ооруп калганы «Нур» тобунун урашына алып келди окшойт. Азыр деле аталган топтун атын өчүрбөй Самаган Кочкоров, Самарбек Шабдановдор ырдап жүрүшөт, бирок Айбекке окшогон уюштуруучу жок болгондуктан аксоодо. Мурунку популярдуулугун азыркы курам кайрый алабы, жокпу, билбейм.
Ал эми Айбек өз атын түптөп, бутуна туруп алды. Атактуулук аны өзгөрткөн жок, мурун кандай болсо, азыр деле ошондой. Бирок ал азыркы жетишкен ийгиликтерге көптөгөн кыйынчылыктар менен жеткенин билем.

Кубат Жакыпов, акын:«ДИЛ КАЙРЫКТЫ» ЖАРЫМ ЖЫЛДА ЖАЗЫП БЕРДИМ»
-Айбек экөөбүз бир айылда, бир мектепте чогуу окуп, өстүк. Анда чоң энеси Зейне апанын колунда тарбияланчу. Үйүбүздүн аралыгы эшик менен төрдөй жакын эле. Мектепте өткөн кечелердин сценарийин жазып, интермедияларды коюп, активист окуучулардын катарын толуктачубуз. Бала кезибиздеги бир кызык окуяны айтып берейин, 6-класста окуп жүргөндө кезүү кайтарып талаага чыгып калдык. Ал учурда колубузга мылтык алып алчубуз. Айбек мылтык атып көрбөптүр. Мылтык менин инимдин бутунда октолуу боюнча турган. «Басып ийсең атылып кетет» дегиче «тарс» деген үн чыкты. Селейип туруп калдык. Кудай сактап ок жерге тийиптир.
Айбектин жолу болбой, Орусияга барып-келип кыйналып жүргөн учуру болчу. Алгачкы концертин Сары-Камыш жайлоосунда свет жок, электр кыймылдаткыч аркылуу бергенбиз. Эл аябай жакшы кабыл алып, тай, торпок, акча берип сыйлуу узатышкан. Анын аткаруусундагы ырлардын бир катарына сөз жазып бердим. Ал чыгармачылыкка аттанганда менин «Студенткага», «Боз торгой» аттуу ырларыма обон жазып ырдап чыкты. Айбектин өзгөчөлүгү – сөздү тандай билгендигинде. Анын менин ырларыма обон чыгарып ырдаганы купулума толуп жүрчү. Бир күнү мага бир обонду кассетага жаздырып келип, сөзүн жазып беришимди суранды. Угуп көрсөм айтыш түрүндө экен. Дароо жазып бере алган жокмун. Жарым жылдай өткөн соң эргүү келип «Дил кайрыкты» жазып бердим. Ыр жазылып бүткөн соң Чуңкурчак жайлоосунда клип тарттырдык. Клипти Рустам Аташов тартып берди. Рустамдын ошондогу Айбекке «сен чыгармачылыкка жаңы аралашып, элге таанылып келе жатасың, ушул байкелериңдин эмгегин унутсаң, мен сени кечирбейм» деп айтканы эсимден кетпейт. Айбек ал эмгектерди канчалык актады билбейм, чыгармачыл адамдардын чөйрөсү ушундай болуп калабы, убададан тайып кетишет.

Рустам Аташов:«АЙБЕКТИН АТАКТУУ БОЛУШУНА МЕН ТҮРТКҮ БОЛГОМ»
-Айбекти чыгармачылык аркылуу тааныдым. 1994-жылдары «Жан» тобун түзүп ырдап жүргөнүмдө, Айбек «Нур» деген топту жетектечү. Айрым концерттерде көрүшүп калчубуз. Так эсимде жок, 1999-2000-жылдары болсо керек, Айбекти КТРден жолуктуруп калдым. Анда мен «Ала-Тоо» маалымат бөлүмүндө иштечүмүн. Айбек мага «Нур» тобу тарап кеткендигин айтып, «ырларым бар, ырдап бербейсиңби» деп сунуш кылды. Чынын айтыш керек, 3-4 ырын ырдадым. Кийин мен Айбекке «ырларыңды ырчыларга берсең жүрө бересиң, атың дагы чыкпайт, андан көрө өзүң ырдабайсыңбы» дегем. Айбек «ырдай албайм» дейт. «Ырдайсың» деп студияга киргизип үн жаздырдык. Профессионалдуу ырчы болбосом да, ырдап тажрыйба топтоп калгандыктан минтип ырдайт, тигинтип ырдайт деп колумдан келишинче жол көрсөттүм.
2001-жылы «Жан» тобунун альбому менен Айбек Карымов деген ысым кошо чыкты. Ошентип элге тааныла баштады. Айбек «ырларыма клип тартып бербейсиңби» деп кайрылганда макул болуп, анын «Дил кайрык», «Боз торгой», «Ооруп турат жүрөгүм» аттуу ырларына клип тартып бергем. Анча-мынча телевидениеден чыгарганга аракет жасадым. Концерттеринин жарнамаларына, уюштуруу жагына жардам кылдым. Бул жардамдарды учурунда бекер жасагам. Муну биз менен чогуу жүргөн достор жакшы билишет. Достугубуз үчүн коштоп-колдоп, атактуу болушуна түрткү болдум десем жаңылышпайм. Жасаган эмгегимди, кошкон салымымды Айбек сөз кылбаса деле таарынган эмесмин, тескерисинче, анын өз алдынча инсан болуп кеткенине ыраазы болгом. Айбек сахнага жаңы кадам таштаганда жөнөкөй, шайыр, боорукер жигит болчу. Отуруштарды, туулган күндөрдү бирге тосчубуз. Бирге ырдап, бирге күлүп, ырларды талкуулап, бир нерсе тапсак тең бөлүп жечүбүз. Биз учурда доспуз десем да, дебесем да болот, эң башкысы, биз душман эмеспиз. Анткени мурунку Айбек менен азыркыны салыштырып болбойт. Балким, жаш курак, жашоо-шарт, учур башкадыр..

Лунара Бекиева,
Султан Төрөбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Айбек Карымов: "Карымов деген брендди жасап алгам"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
admin_superstan
2014-06-09 11:07:30
Kalin466, комментарийиңиз келди. "Жөнөт" баскычын басууну унутпаңыз.
0
Aimeerimka
2014-06-09 12:35:45
Чыгармачылык ийгилик уй булолук бакыт каалайм. Кызыныздардын сыйын корунуздор. Гуланда мага жагат аябай.
-1
Kg.lady
2014-06-09 13:16:10
Аброй адамды озгортот. Мурунку Айбек менен азыркы Айбектин асман менен жердей айырмасы бар деген создорду, жарты нанды болушуп жеп, дос болуп жургон тааныштарынан уккам.
+1
zara-919
2014-06-09 13:36:23
демек , агаларынын досторунун бир аз капачылыгы бардай...
+1
nuris208
2014-06-09 14:30:37
сен менен запорожецте баратсам да,
сезилет мерседесте бараткандай ))). Айбек байке ийгилик Токтогулдун Даңкын которо бергиле!!!!
0
suyom_seni
2014-06-09 17:02:42
мурда жакчу кийин балдарын таштап Гуландага уйлонгондон анча жакпай калды..
+3
papanstan
2014-07-03 01:35:59
suyom_seni, экоо ырдап журуп эле алып Алды орто жолдо балдарына кыйын болду Магада жакпайт
+1
edelveis2014
2014-06-10 00:24:52
ооба кийин балдарын таштап тигиге уйлонгондон кийин ырларын да уккум келбей калды ырларынын да манызы жоктой туюлуп калды
+1
naaazka
2014-06-10 09:21:12
chyndap ele ozgoruptur. bawynda jardam bergen agalary dostoru jonundo ech aitpaptyrgo toova. maga ech jakpait bul baike uibuloosun tawtap jaw kyzga uilonup alganyn. gulanda ekoonun jawy birdeile bolup kalyptyr. gulandanyn boengonu ech jakpait.
0
rusana
2014-06-10 22:11:54
Гуланда кичине бир салон палонго барып чач пачын ондоп нетип албаптыр да. Устундогу спортивкасын чечип...
0
rusana
2014-06-10 22:14:14
Эми тушунуп жатса керек ошол атасындай кишиге тийип алганын... Бирок озу деле ошого ылайыктуу аял болуп калыптыр го...
+2
mersedes2013
2014-06-11 02:04:30
Ушул ырчы эч жакпайт ырлары да жакпайт .мага бети жок жаман адамдай сезиле берет
+1
mi-li-na
2014-06-11 10:57:14
ошол кызга ошол куйоо ылайык деп койчу беле...
+1
meka93
2014-06-13 11:47:23
адамдын анык жузун билбей туруп,элден укканды,калп-чынды аралаштырып айткан ушак болот туугандар.Бул адамдын да талантын баалагандар бар ,бир-бирин сыйлаш керек адам деген. жакшы болсо да жаман болсо да озу учун да. Антип бироонун озу менен суйлошуп кормойун,озунон чындыкты укмайын,мындай комментарийлерди жазуу озу куноо!!!!!!!!!
0
Margaret.girl
2014-06-13 12:01:32
Бечара байкуш карып калыптырго.
0
aza.kg007
2014-06-13 17:38:08
Кээбир ырлары аябай жакшы
0
№ 605, 06-июнь-12-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан