"SUPER STAR" – БОЛОЧОК ЖЫЛДЫЗДАРГА ДАҢГЫР ЖОЛ

“Тумар” радиосу менен “Ekarecords” студиясы биргеликте таланттуу улан-кыздарды шоу дүйнөсүнө алып чыгуу максатында “Super star” деп аталган долбоор иштеп чыгышкан. Биз долбоордун катышуучулары кандай тандалганы, ким финалга чыкканы, негизи эле долбоор тууралуу кененирээк маалымат берүүнү чечтик.

Айжан Газиева «Super star» тууралуу:

– “Тумар” радиосу менен “Ekarecords” студиясы биргеликте уюштурган бул долбоор акчасы чамалуу таланттуу жаштарды сахнага алып чыгууга чоң өбөлгө түзүп берет десем жаңылбаймын. Азыр талантың ташкындап турса да, акчаң жок болсо, ийгиликке жетиш кыйын. Сахнага ырдап чыгуу үчүн сөзсүз түрдө адам музыкалык жактан сабаттуу болушу керек деп ойлойм. Менин тобумдагы кыздардын төртөө тең музыкалык билим алып жаткандардан экени кубандырат. Шоу-бизнестин бирден-бир талабы – сырткы келбет келишимдүү, жылдыздуу болушу шарт. Дамира, Азаля, Асел, Элнура аттуу кыздар бул талаптарга жооп берет деп ишенем.

Айжандын командасы: «Биз жеңебиз!»

– Учурда шоу-бизнес чөйрөсүнө аралашыш үчүн талант, сырткы сулуулуктан тышкары маалыматтык колдоо керек экенин жакшы билебиз. Уюштуруучулар бул жактан күчтүү экенине шек жок. Финалга жетекчибиз менен күнү-түнү дебей жеңебиз деген ойдо кызуу даярданып жатабыз.

Султан Садыралиев, «Super star» тууралуу:

– “Super star” талантын элге тартуулайм деген жаштарга жардам бере алган эң жакшы долбоор деп айтар элем. Учурда таланттуу эле жаштарыбыз тамеки тартып, көчөдө спирт ичимдигин ичип жүргөнүн көргөндө зээниң кейийт. Мына ошолорго жакшы стимул берип, жакшы жол көрсөткөн мындай долбоордун уюштуруучуларына ыраазычылык билдире кетким келет. Ал эми кастингге келген жана тандалып алынгандар тууралуу айта кетсем. Долбоорго катышуучулардын арасында чыныгы таланттуусу да, калп эле тамашалап катышып койгондору да болду. Келгендердин арасынан үнү жок болсо да ырдайм деп аракет кылгандарды көрүп, бир таң калып, айла жок күлдүм.

Мен жетектеген команда бир кыз, үч жигиттен турат. Алардын арасындагы Нурмат деген бала ыр жазат экен. Жаннанын болсо учурда жаңыдан ырдап баштаганын билип, анын аракетчилдигине баа бердим. Ал эми Талас менен Алмаз да кафелерде ырдап жүргөн балдар экен. Кыскасы, ыр деген эмне экенин түшүнгөн жаштарды топтодум деп ойлойм. Эми жыйынтыгын 8-ноябр­да көрөбүз.

Султандын командасы: «Super star» – мыкты долбоор»

– Биз буга чейин ар кандай кастингдерге катышып келгенбиз. Аталган долбоордун негизги өзгөчөлүгү – уюштуруучулардын зор эмгеги деп эсептейбиз. Себеби бул жерде ыр тандоодон баштап сахнага чыгуу стили кандай болушу керегине чейин кылдаттык менен ойлонуп чыкканы байкалат. Андыктан «Super star» – мыкты долбоор деп айтмакчыбыз.

Ильяз Абдыразаков «Super star» тууралуу:

– Мен жаштайыман ыр дүйнө­сүнө аралашып, сахнага тарткан сапардын ысык-суугун көрүп калдым десем жаңылышпайм. “Super star” катышуучуларына мен жана менин сахналаштарым көргөн ысык-суукту көрсөтпөй туруп, түптүз шоу-бизнестин төрүнө өтө тургандай мүмкүнчүлүк түзүп берип жатат. Аранжировщик десе анысы бар, стилист десе стилисти, хореограф десе мунусу да бар, айтор, бул балдарга жалкоолонбой эле иштөө калды окшойт. Мен жетектеген командада Бурул менен Ырысмат мени менен тең куракта. Адилет менен Айбек эки жаш кичүү. Ошондой болсо да, мен өз билгенимди бул балдарга үйрөтүп, колумдан келгенин кылып жатам.

Ильяздын командасы: «мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайбыз»­

– Канчалаган катышуучулардын арасынан биз суурулуп чыкканыбыздын өзү жетишкендик го. Бул жетишкендигибиз бардык ийгилигибиздин башаты. Биз “Super star” долбоору түзүп берген чоң мүмкүнчүлүктү пайдаланып, күткөн эмгегин актап берүүгө бүтүндөй күчүбүздү жумшайбыз. Ал үчүн учурда Кундуз Качкынбаеванын сөзүнө жазылган, обону Ильяз Абдыразаковдун “Жага берем” деген жаңы ырын даярдап жатабыз.

“Super star” эмнеси менен жакты жана эмнеси жаккан жок?” деген суроого долбоорго тиешеси бар эки инсандын комментарийи.

Замира Молдошева:

– “Super star” жакшы иштелип чыккан долбоорлордун бири деп айтса болот. Уюштуруучулардын ар бир кырдаалды кылдаттык менен ойлоп чыкканы мени сүйүндүрдү. Долбоорго катышам деп келгендерди көрүп, өлкөбүздө көптөгөн таланттуу, сулуу жаштарыбыз бар экенине кубандым. Мен долбоордун стилисти катары айта кетсем, тандалып алынган кыздардын баары табиятынан сулуу кыздар экен. Аларды жеңил гана боёп коюу жетиштүү. Ал эми жакпаганы, катышуучулардын айрымдары эмитен эле жылдыз оорусу менен ооруп баштаганын байкадым. Тигини кылам, аны аткарбайм деп чоёктогондорду көрүп, туура жолго салууга, кеп-кеңеш берүүгө аракет кылып жатабыз.

Мирбек Атабеков:

– “Super star” учурда биздин шоу-бизнесибизге абдан ке­рек­түү долбоор десем жа­ңыл­байм. Себеби жаңы жүз, жаңы ыр­чы дайыма керек. Сахнага чыгуу үчүн көптөгөн жолду басып өтүү кажет. “Super star” ошол жолду кыскартып, тез эле ырчы кыла ала турган долбоорлордун бири. Анан бул жерде уюштуруучулардын эмгеги чоң. Андыктан катышуучулар уюштуруучулардын эмгегин актап бере алат деген ишеничтемин. Ал эми команданын башчылары, менин сахналаштарым бул болочок жылдыздарды тарбиялоого көп күчүн жумшап, жыйынтык чыгарса дейм.

“Super star” жөнүндө

“Super star” музыкалык долбоорго катышуучуларды тандоо үчүн уюштуруучулар Бишкек шаарында, Ысык-Көл жана Ош облустарынан кастинг өткөрүштү. Натыйжада, көпчүлүктөн өзгөчөлөнгөн таланттуу 24 катышуучуну тандап алышты. Тандоочулар же болбосо калыстар тобунда шоу-бизнес дүйнөсүнө аралашып, аты таанылып калган атактуу адамдар болду. Алар: Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков, Замира Молдошева, “Стар Дэнс“, “Visible Steps“ бий топторунун жетекчилери, Бактыгүл Бадыева, Урмат Усенов, Айдин Шер, Айжан Газиева, Султан Садыралиев, Ильяз Абдыразаков.

24 катышуучу алты топко бөлүнүп, аларга жогоруда аты аталган ырчылардан бирден жетекчи бекитилген. Бүгүнкү күндө жетекчилер катышуучулар менен кызуу иштешип жатышат. Катышуучулар 8-ноябрда боло турган финалдык концертке жагымдуу толкундануулар менен күн санап кызуу даярданышууда. Программа боюнча Спорт Ордосунда боло турган концертте ар бир команда жеке номер жана капитаны менен чогуу ырдоого бир номер даярдап жатышат.

Финалда жеңген командага “Тумар” радиосу жана “Ekarecords” студиясы продюсер болуп, мындан аркы ишине жардам беришет. Бүгүн биз сиздерди Айжан Газиева, Султан Садыралиев жана Ильяз Абдыразаковдун командалары менен тааныштырабыз. Катышуучулар жана алардын жетекчилери Султан, Айжан, Ильяз долбоор тууралуу өз пикирин айтышты. Ал эми калган үч команданы гезитибиздин кийинки санында тааныштырабыз.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
talasstyn jigiti
2009-11-03 23:12:47
oooo meine schatsii ist da !!!!!


nadeiys' shto Sultan vyigraet ...
0
elka
2009-11-07 17:18:28
Хоть-бы Султан выиграл!!!
0
elka
2009-11-07 17:18:30
Хоть-бы Султан выиграл!!!
0
Адыл
2009-11-08 09:36:33
Я за Урмата болею, вперед Усенов-АЛГА
0
№ 365, 30-октябрь - 5-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан