Кыргызстандын Бажы союзга кыйынчылыктарга учурабай кирүүсү үчүн Кремль 1 миллиард 200 миллион доллар бермей болду. Бул каражат интеграциялык уюмга кирүү даярдыгына жана Бажы биримдигинен улам эң көп жапа чеге турган тармактарды колдоого бөлүнөт.
КАРАЖАТ ЭМНЕГЕ ЖУМШАЛАТ?
29-май күнү Астанада Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынында Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсү боюнча даярдалган жол картасы бекитилген. Кыргыз бийлиги башынан эле аталган биримдикке кирүү бекер болбой турганын кыйытып келген эле. Анткени союзга кирген соң өндүрүштүн токтоп калуу, баалар менен жумушсуздуктун өсүү ыктымалдыгы тынчсыздандырып жаткан. «Басынтуу менен Кыргызстанга зыян келтирүү болот дегенди элестете албайм, мындай иш бирөөнүн да колунан келбейт. Бажы союзуна биздин талаптар аткарылган, улуттук кызыкчылыктарыбыз корголгон шартта гана киребиз»,- деп айткан эле өткөн жылдын декабрь айында мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев. Ошентип, жол картасын бекитүү менен чогуу эле каражаттын көлөмү да айтылды. Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, 200 миллион доллар Кыргызстандын Бажы союзга кирүүсү боюнча жол картаны ишке ашырууга бөлүнөт. Анын ичинен 55 миллион доллар чек араны бекемдөөгө жумшалат. Бул грант Орусия тарабынан бериле турган болду. Министр жол картаны ишке ашырууга
377 миллион доллар керек экендигин айткан болчу. Өкмөт калган сумманы Казакстандан алууга үмүт артууда. Эгерде мындай максат орундалбай калса, анда бюджеттин эсебинен каржылоого туура келет.
1 миллиард доллар боюнча: «Уставдык капиталы 500 миллион доллардан турган өнүктүрүү фонду түзүлөт. Дагы ошончо каражат жеңилдетилген шартта берилүүчү кредиттен турат»,- деди Т.Сариев. Министрдин айтымында, фондду Орусия менен Кыргызстандын өкүлдөрү биргеликте жетектейт. Ал айыл чарба, текстилдик өнөр жай, тоо-кен өнөр жай, турак жай куруу, соода жана ишкердикти өнүктүрүү тармактары боюнча кыргызстандык ишкерлерге жеңилдетилген кредит берет.
МИГРАНТТАРДЫН АБАЛЫ ЖЕҢИЛДЕЙБИ?
Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанды кытай товарлары менен камсыздап туруу «Дордойдун» жана башка чоң базарлардын башкы иши жана кирешеси эле. Маалыматтарга караганда, Кыргызстан жыл сайын 10 миллиард доллардын тегерегиндеги товарды реэкспорттоп келген. Товар эң көп ташылган Орусия менен Казакстан Бажы союзду негиздеп, анын эреже-шарттарын күчүнө киргизгенден бери Кыргызстанда дүң соода менен алектенген ишкерлердин кирешеси кескин азайган. «Товарлардын реэкспортуна Казакстан тарабынан толугу менен тыюу салынды. Мунун айынан Кыргызстандын бюджетине 2 миллиард сом түшпөй калды»,- деди Базарлар, ишканалар, соода жана тейлөө көрсөтүү тармактарынын ассоциациясынын аткаруучу директору Алишер Сапарбек уулу. Анын үстүнө жеңил өнөр жай ассоциациясынын директору Фархад Төлөгөновдун айтымында, Кыргызстандагы тигүү цехтери Бажы союзунун техникалык регламентине даяр эмес.
Орусияда мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттарга мунапыс жарыяланышы ыктымал экенин Федералдык миграция кызматы билдирген. Кыргызстан Бажы союзга кирсе, эмгек миграциясы үчүн өзүнчө режимге ээ болору, мигранттар Орусия, Казакстан жана Беларуста квота жана лицензиясы жок, эмгек келишими менен иштей алышары, алардын балдары мектеп менен бала бакчаларга барууга укуктуу болушары айтылды. Бирок мигранттар Бажы союзга кирген өлкөлөрдө ээн-эркин жүрө алабы, уруксатсыз иштей алабы, азырынча мындай жагдайлар тууралуу кенен маалыматтар ачыкка чыга элек.
Кыргызстандын Бажы союзга кирүүсү үчүн 30дан ашуун нормативдик-укуктук актыларды иштеп чыгып, аларды Жогорку Кеңеш кабыл алуусу керек болот.
Эльвира Караева,
Темирбек Матаев
politika@super.kg