Өмүрбек Текебаев башында турган депутаттар тобу Жогорку Кеңеш депутаттарын жана президентти шайлоо боюнча мыйзамга түзөтүү киргизүү демилгесин көтөрүшүүдө. Алардын демилгеси боюнча, партиялык тизме республикалык жана аймактык талапкерлердин тизмесинен түзүлгөнү жатат. «Эгерде бул өзгөртүү киргизилсе, парламентте ар бир аймактын кызыкчылыгын коргоого мүмкүнчүлүк түзүлөт» дейт Ө.Текебаев. Бул мыйзам долбоорду алып чыгууга шайлоочулардын «биздин райондун көйгөйлөрү көтөрүлбөй жатат» деген кайрылуулары негиз болгон.
Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков аталган мыйзам долбоорго каршы экендигин билдирди. Анын пикиринде, аталган мыйзамга түзөтүү киргизилсе, элди тегине жана улутуна бөлүү башталат. «Өнүгүү» депутаттык тобунун лидери Бакыт Төрөбаев демилгеленген түзөтүүнү колдоп берүүнү суранып, анда өткөн шайлоолордо кетирилген кемчиликтер эске алынгандыгын эскертти.
«Ата Журт» фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошова сунушталган мыйзам долбоордо партия лидерлерине эбегейсиз укуктар берилип калганын, андыктан аны кабыл алуу эртелик кыларын айтты. Талкуунун аягында депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлер эске алынып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Эльвира Караева,
Темирбек Матаев
politika@super.kg