Президент Алмазбек Атамбаев баш болгон делегация 2-июнь күнү Анкарага иш сапары менен аттанды. Анда мамлекет башчы Түркиянын президенти Абдуллах Гүл менен жана премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу документтерине кол койду. Эки лидердин жолугушуусунда өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү иштери пландалды. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Түркия тарап Бишкектеги №1-ооруканага дартты аныктоочу борбор куруп берери белгилүү болду. Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаеванын айтымында, борборду куруу быйылкы жылдан тарта башталып, аны каржылоону Түркия жүргүзмөкчү.
Мындан тышкары өлкө башчы Анкара шаарына орнотулган Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышына катышты. Анда Алмазбек Атамбаев Чыңгыз Айтматов бүткүл түрк дүйнөсүнүн чыгаан инсаны болгондугун белгиледи. Президент боордош өлкөлөрдүн ортосунда маданий-гуманитардык тармактагы байланыштарды дагы чыңдоону кошумчалады.
Эльвира Караева,
Темирбек Матаев
politika@super.kg