БАРАК КЫРГЫЗСТАНГА КӨЧҮП БҮТКӨНҮ КАЛДЫ...

  • Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкуловдун айтымында, кыргыз-казак чек арасынын өткөрүү пунктунда КҮЙҮҮЧҮ МАЙ ташылып келе жаткан вагондордун саны 448ге жетти.
  • ЗАМИРБЕК ОСМОНОВ Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
  • Коргоо министринин биринчи орун басары Замир Сүйөркуловдун айтымында, «Манас» аба майданындагы АКШнын транзиттик борборунун ордуна УЛУТТУК ГВАРДИЯНЫН аскерлери жайгашат.
  • КЫРГЫЗ-ТАЖИК чек арасына жакын жайгашкан жайлоолор Тажикстанга бир жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Мындай чечим Дүйшөмбү шаарында өткөн кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттөр аралык жолугушууда кабыл алынды. Буга чейин коңшулар малын кыргыз малчыларды жалдап бактырып, жайытка эч кандай акы төлөбөй келген.
  • АПРЕЛЬ СОТУ боюнча өкүм чыгаруу Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун судьясы Дамир Оңолбековдун ишти кароого жетишпей жаткандыгына байланыштуу 7-июлга жылдырылды.
  • Эл аралык коргоо борборунун өкүлү Акылбек Ташбулатовдун айтымында, Орусия менен Казакстанга чыгып иштеген кыргызстандык МИГРАНТТАРДЫН 60 пайызын эркектер, 40 пайызын аялдар түзөт.
  • «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын башкаруу кеңешинин төрагасы ДИЛГЕР ЖАПАРОВ «Кумтөр» ишканасынан
    200 миллион долларды мыйзамсыз алып чыккан деп шектелип, 29-май күнү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камалды.
  • «ТҮНДҮК ЭЛЕКТР» ААКсы коррупциялык схемаларга тиешеси бар деп, 48 кызматкерин иштен айдады.
  • «УЛУУ БРИТАНИЯ Кыргызстандын жарандары үчүн виза алуу процедурасын жакын арада жеңилдетет»,- деп билдирди аталган өлкөнүн элчиси Жудит Маргарет Фарнворт.
  • БАБЫРБЕК ЖЭЭНБЕКОВ Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башчылыгынан бошотулду.
  • 4-июндан тартып аптасына бир жолу учуучу БИШКЕК-ГРОЗНЫЙ аба каттамы ачылды.
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсү боюнча, Өзбекстанда жайгашкан Кыргызстанга караштуу БАРАК эксклавынын элин көчүрүү иштери уланып жатат, бүгүнкү күнгө карата аталган айылда 250дөн ашуун кожолуктан 30дай түтүн калган.

Эльвира Караева,
Темирбек Матаев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
HyPMyXaMMeT
2014-06-09 16:35:09
Жерди жоготосуңар ээй
0
kipchak
2014-06-09 18:59:33
Ушул айыл Кыргызстандын аймагына эле кирет болчу мурда. Чондор берип койгул элн берип койгула деп жатып ушул абалга жетти. Молодецтер.....ишинерге ийгилик. Ырда айтылгандай оптом сата баштаган экенсинер.
0
elettik.jigit
2014-06-13 00:14:25
Чек ара маселеси чечилбес болду. Чечкенге кыргыз бийлигинин эрки жетпей келет. Кыргызга тиешелуу жолдорду тосушса неге тостун деп сурап койбой айланма жол салып баштайбыз. Мына тажиктер аткылап айланма жолду да салдырбай койду. Минтип отурсак жакында абада учуп калабыз. Ата-бабадан калган жерлерди алдырып, урпактарга ...
0
№ 605, 06-июнь-12-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан