Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун финансылык схемалары тууралуу баалуу маалымат үчүн АКШнын Мамлекеттик департаменти 1 миллион доллар сыйлык берерин жарыялады. Мындай маалымат аталган департаменттин расмий сайтына чыкты. Мамлекеттик департаменттин эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы программасында жарыяланган маалыматка караганда, Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу евразиялык уюшкан кылмыштуу топтордун биримдигине кирет. Маалыматта жазылгандай, Камчы Көлбаевдин жетекчилиги астында уюшулган кылмыштуу топ Борбор Азияда иш алып барып, маңзат ташуу, курал-жарак, адам сатуу менен алектенген.
Айрым маалыматтарга караганда, Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу «Братский круг» аталыштагы эл аралык кылмыштуу топтун курамына кирет. Бул топ өз ишмердигин Европа, Жакынкы Чыгыш, Африка жана Түштүк Американын аймактарында жүргүзүп, кылмыш дүйнөсүндө таасирдүүлүгү жактан япондордун «Якудзасы», Италиянын «Каморра», Мексиканын «Лос Сетас» топтору менен бир сапта турат. Кошумчалай кетсек, 2011-жылы АКШ Камчы Көлбаевди эң кооптуу делген жети баңгибарондун тизмесине кошкон. Эске салсак, Жогорку Сот 14-май күнү Камчы Көлбаевдин ишин карап чыгып, 2013-жылдын 24-декабрында Бишкек шаардык соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Шаардык инстанция өз учурунда кримтөбөлдү 3 жылга эркинен ажыраткан болчу, бирок Камчы Көлбаев 2012-жылдын декабрь айында Дубайдан Бишкекке келип, укук коргоо органдарынын колуна түшүп бергенден бери тергөө изоляторунда кармалгандыктан, анын 1 күнү 2 күн деп эсептелинген. Ошентип, ички иштер министри Абдулда Суранчиев айткандай, Камчы Көлбаев ушул аптанын аягында, 8-июнь күнү эркиндикке чыгат.
Темирбек Матаев
politika@super.kg