«Кумтөр» алтын кенин иштетип жаткан канадалык «Центерра Голд» компаниясы кыргыз өкмөтү кенди иштетүү боюнча техникалык долбоорду бекитип бербесе, 13-июндан тарта кендеги ишмердигин токтотору тууралуу билдирүү таратты. Ал билдирүүдө «Кумтөр Голддун» жетекчилиги 2014-жылга кенди иштетүү боюнча техникалык долбоорду бекитүү үчүн тиешелүү органдарга жибергени айтылат. Бирок азыркыга чейин долбоор бекитиле элек. Эгерде өкмөт белгиленген мөөнөткө чейин долбоорду бекитпесе кенде иш токтотулары, ага байланыштуу талаш маселелердин баары Эл аралык арбитражда каралары эскертилген.
Өкмөттүн «Центерра Голд» менен болгон келишимине ылайык, тиешелүү мекемелер жыл сайын аталган кендин техникалык долбоорун бекитип туруусу керек. Учурда бул долбоор өкмөт алдындагы Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин кароосунан өтүп жатат. Аталган агенттиктин билдиришине караганда, долбоор жөнөтүлгөндөн тарта аны бекитүү боюнча иш тынымсыз уланып келүүдө.
Темирбек Матаев
politika@super.kg