Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун эркиндигин талап кылган тарапташтары Ош-Эркеч-Там жолун 10 күндөн бери бууп турат. Мындан улам жеке ишкерлер жабыр тартышып, мамлекеттин казынасына
күн сайын бажы төлөмдөр боюнча орточо 11 миллион сом түшпөй жатат. Бул сумманы Бажы кызматынан айтышууда. Маалымат боюнча, 3-июнга карата жолдон өтө албай турган жүк ташуучу унаалардын саны 109га жетип, алардын жүгүнүн салмагы 1764 тоннаны түзөт. Акциянын катышуучулары «Келдибеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылсын. Ал бошотулмайынча биз ушул жерден жылбайбыз» дешип, кийинчерээк анын биротоло бошотулуусун талап кыла башташкан.
Ош облустук ички иштер башкармалыгы берген маалыматка караганда, 3-июнь күнү жол тоскондордун арасынан кара чүмбөтчөн жигиттер сүйлөшүү үчүн барган милиция кызматкери Алмазбек Маматовду сабап салышкан. Азыркы кезде сабалган тартип сакчысы ооруканада. Учурда жол тоскондорго карата «өзүм билемдик», «ээн баштык», «бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү» беренелери боюнча кылмыш иштери козголду. Нааразычылыкка чыккандар милиция кызматкерлери сабалбаганын айтып, бул иштердин баары жол торогондорду жаманатты кылуу максатында уюштурулуп жатат деген пикирди карманышууда.
Темирбек Матаев
politika@super.kg