КОЗУ КАРЫН ӨСТҮРҮҮНҮН СЫРЛАРЫ

Козу карын адамдын организмине пайдалуу. Ал эми кечээ жакында АКШдагы илимий кызматкерлер бул өсүмдүктү күнүмдүк тамак-ашка колдонуу менен залалдуу шишик ооруларынын алдын алууга болорун айтып чыгышты. Бүгүнкү макалабыз да мына ушул жалбырагы жок, калпакчан өсүмдүк тууралуу. Анда козу карынды кантип өстүрүүнүн сырларын үйрөнүп алыңыз.

«ЭМГЕГИБИЗ КҮЙҮП КЕТПЕСИН ДЕП ООРУТПАЙ КАРООГО АРАКЕТ КЫЛАБЫЗ»
Атайын колдо өстүрүүгө вёшенка сортундагы козу карын ылайыктуу. Бул өсүмдүктү өстүрүүнүн жана аны багуудагы кыйынчылыктар тууралуу 7 жылдан бери бул тармакта алектенип келе жаткан ЧЫҢГЫЗ ОМОРДИНОВ айтып бермекчи.

АЛГАЧКЫ УРУКТАНДЫРУУ
-Эң алгач козу карынды өстүрүүдө саман, жүгөрүнүн сөңгөгү же пахтанын калдыгын суулап, атайын блок даярдап алабыз. Андан соң аны 100 градус ысыктыктагы сууга 5 саат кайнатуу керек. Муздагандан кийин блокко урукту сээп, тыгыздап, тышын целлофан менен таңып коёбуз. Урук себилгенден кийин козу карын 25 күндө өсүп чыгат. Бышкан козу карынды үзүп алган соң анын ордуна кайра жаңы козу карындар 1 жумада даяр болуп калат. Бир жолу себилген урук сезон бүткүчө түшүмүн бере берет. Биз вёшенка сортун өстүрүп келебиз, эми шампиньон деген түрүн да өстүрүп көрсөкпү деп жатабыз. Уруктарды базарлардан сатып алабыз, анткени уругун көбөйтүү да өзүнчө бир түйшүк, аны урук көбөйтүү менен алектенгендер гана билет.

КОЗУ КАРЫНДЫН ДУШМАНЫ – ШАМАЛ МЕНЕН КҮН
-Козу карын нымдуулукту жакшы көргөн өсүмдүк. Алар 10 градустан 30 градуска чейинки жылуу температурада өсө берет. Күн тийген же шамал болгон жерге өспөйт. Блокту даярдап жатканда ага кошумча глюкоза гана кошобуз, ал эми май менен белок өсүмдүктөрдүн калдыктарынын өзүндө болот. Аларды сугарууда козу карындарга жана алар өсүүчү жайга суу себилип турат. Колдо өсүүчү козу карындар кышкы жана жайкы сортко бөлүнүшөт. Жайкы сорту ысыкка чыдамдуу болсо, кышкы сорту суукта жакшы өнөт.

ООРУГАН КОЗУ КАРЫНДАР АЙЫКПАЙТ
-Козу карындар «зелёнка» жана «краснуха» деген оорулар менен ооруйт. Эгер бир блокто оору пайда болгону байкалса, аны сыртка ыргытуу керек. Анткени жайылып кетсе баарына жугат, дарылоого мүмкүн эмес. Ошондуктан болгон эмгегибиз күйүп кетпеш үчүн аларга оору жугузбай кароого бүт аракетибизди жумшайбыз. Бул ооруларды абадагы бактериялар пайда кылат. Эгер бөлмөнүн ичиндеги аба ысып же муздап кетсе, бактериялар козу карынга жабышып, тез өөрчүп кетишет.

АДАМДЫН ДЕН СООЛУГУНА ЗЫЯН
-Козу карынды өстүргөн жайда көп жүргөн адам жөтөлүп, ооруй баштайт. Себеби көбөйүү учурунда козу карын спораларын чачат, ал адамдын дем алуу органына кирип, адамды жөтөлтүп, аллергияны козгойт. Ошондуктан козу карындар менен иштөөдө марлиден маска жасап, аны нымдап алып иштеш керек.

КЫШ МЕЗГИЛИ ЖЕМИШТҮҮ
-Элдер козу карынды жайкы убакка караганда кышкысын көп талап кылышат. Андыктан эмгегибиздин үзүрүн кышында көрөбүз десек болот. Анткени козу карын өстүрүүчүлөр кышкысын азая түшөт да, элден суроо-талап көбөйөт.

КОЗУ КАРЫН ТУУРАЛУУ
Козу карын – өзөктүү организмдерди бириктирип, жаныбар менен өсүмдүктүн белгилерин алып жүрүүчү кызыктуу өсүмдүк. Кыргызстанда учурда козу карындардын 2100 түрү белгилүү. Ал эми жегенге боло турган козу карындардын 98 түрү аныкталган. Алардын ичинен көпчүлүк бааланган козу карындар: лисичка, шампиньон, маслёнок, опёнок, ак козу карын, кайыңчы козу карын, кадимки вёшенка жана башкалар.

ПАЙДАСЫ
Козу карындар жашына, даярдалышына жана жаралыш шартына жараша организмге пайдасын тийгизет. Жаш козу карындардын 90 пайызын суу түзгөндүктөн, ден соолукка пайдасы абдан чоң. Козу карындар көптөгөн бактерияларга жана вирустарга каршы туруп, иммундук системди бекемдейт. Андан тышкары зат алмашуу процессин жөнгө салат. Ал эми козу карындын айрым түрлөрү медицинада дарыларды жана антибиотиктерди жасоодо колдонулат.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, жер бетинде козу карындын 250 миңге чейинки түрү бар. Ал эми айрым маалыматтар боюнча алардын саны 1,5 миллионго жетет дешет. Учурда булардын 100 миң түрү гана изилденген.
  • Кыймылдоого жөндөмдүү козу карын «плазмодий» деп аталат. Анын өңү тунук келет. Буттары жок болгону менен ал бир орундан экинчи орунга капталдап жылат. Бирок кыймылы өтө жай болгондуктан бир саатта 1 сантиметр араң жылат.
  • Козу карын эң бат өсүүчү өсүмдүк. Анын «весёлка» деген түрү ар бир 1 мүнөттө 5 миллиметр өсүп турат. Бирок бул козу карын болгону 2 күн гана жашайт.
  • Козу карындын жырткычтарга да кире турган түрлөрү бар. Алар жердеги курт-кумурска, сөөлжандар менен азыктанат. Мындай козу карындардын уусу күчтүү болгондуктан, бирөөсү эле 4 адамдын өмүрүн алып коюшу мүмкүн.
«Бир жолу себилген урук сезон бүткүчө түшүмүн бере берет».

«Блоктор катар-катары менен тизилип, уруктана баштайт».

«Ооруган козу карындарды ыргытууга туура келет».

Нурдана Бегимаалы кызы
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
zara-919
2014-06-09 14:02:39
кухняда кантип бышыруу керектигин да кошо жазбапсынар да.
0
№ 605, 06-июнь-12-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан