КУРАЛ МЕКЕНИНЕ ЖЕҢИШ АЛЫП КЕЛДИ

28-30-май күндөрү Уфа шаарында өткөн «Урал моңо-2014» эл аралык музыкалык сынагында мекендештерибиз татыктуу орун алып келишти. Сынактагы калыстардын катарын толуктап Айчүрөк Иманалиева, ырчылар Куралбек Чокоев менен
Айбек Саралаев катышкан. 20дан ашык өлкөдөн барган 35 катышуучунун арасынан эки аткаруучубуз мыктылыгын көрсөтүп, Куралбек 1-орунду, Айбек 2-орунду багындырышты. Бул боюнча Айчүрөк айым «негизи, Курал баш байгени алмак. Мен калыстар тобунда отуруп ошондой эле болот го деп ишенип жаткам. Сынактын уюштуруучулары саясат кылып коюшту. Бирок 1-орун да биз үчүн сыймык. Бул Куралдын же менин эмес, бүтүн Кыргызстандын жеңиши» деген оюн билдирди.
Ал эми Курал «Айбек экөөбүз башынан эле активдүү экенибизди жана жеңишке мүмкүнчүлүгүбүз көп экенин атаандаштарыбызга көрсөткөнбүз. Бизди кубандырганы, сыйлуу орун үчүн алган акчалай сыйлыктарыбыз кетирген каражаттарыбызды толугу менен жапты» деп кошумчалап өттү.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
arishka
2014-06-09 21:04:17
Азаматсынар кыргыздар.
0
Aikoo2014
2014-06-09 22:03:20
Куттуктайбыз! Онорунор оркундоп,Кыргызстандын атын чыгара бергиле.
0
TolonturCN
2014-06-10 07:43:24
Жакшы иштин баарын ийгилик коштоп жүрсүн кимди эле болсо!
0
Asus77
2014-06-10 09:38:02
Ийгилик!!!
0
berekeshka
2014-06-10 09:49:03
Айчурок эжекебиз барып калыстар курамында отурганы абдан жакшы болуптур. Болбосо канча деген конкурстарга барып мин кыйын ырдашса дагы орун бербей жатышпайбы. Биргелешип Кыргызстандын атагын чыгарып турсак кандай керемет.
0
berekeshka
2014-06-10 09:50:10
Ар дайым ийгиликтин устундо журо бергиле!
0
restreppo
2014-06-10 20:44:35
Баш байгени алмак дейт а биринчи орунду алганын кантип тушунсо болот?
0
Jyldyzbek09
2014-06-10 23:52:58
restreppo, биринчи
гран при анан 1 орун болот.
0
barakobama
2014-06-10 23:41:43
Кыргыздын таланттары азаматсынар!
0
arishka
2014-06-10 23:44:09
Озумчо эле кубанып жатам. Молодцы!
0
kama_future_millioner
2014-06-12 09:19:09
Куттуктайм азаматсынар
0
Kalin466
2014-06-13 22:41:52
Ушу конкурстун ото олуттуу экени кумон санаттырат.
0
Kalin466
2014-06-13 22:44:03
Айчурокко кыргыз кийим мурда,жаны чыгып келе жатканда жарашчу. Азыр эми "на любителя" дегендей.
0
adyl_ch
2014-06-15 11:46:33
Негизи Айбек Саралаев баш байгеге татыктуу болчу,себеби ырлары маныздуу , салмактуу. Бирок ошентсе да 2-орунду алганы учун куттуктайбыз!
0
fanisa
2014-06-16 15:52:06
Биздин улуттук кийимибиз кандай кооз. Озгочо Айчурок айымга кыргыз киим ууукмуш жарашат!
0
klava
2014-06-18 23:22:03
Айчурок дагы кайсыл жака барат экен айтып коесынарбы?
0
№ 605, 06-июнь-12-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан