«Эркелеп» деген ыры менен жарк этип чыгып, «2012-жылдын супер дебюту» наамын алган Асел Касымова көптөн бери чыгармачылыктан алыстап кеткен. «Асел көрүнбөй кайда жүрөт?» деп сурагандар көп болгондуктан, ага байланышканыбызда ал жаңы ырларды жаздырып баштаганын жана чыгармачылыкка кызуу киришерин убада кылган болчу. Анан да эл арасында «Асел турмушка чыгат экен» деген кеп тарагандыктан, аны да сурай өттүк. «Менде баары жакшы. Жеке жашоо жеке бойдон калса дейм» деген гана кыска жооп алдык. Бул кыска жооптун артында катылган сыр барбы, жокпу, аны баягы эле убакытка коё туралы.