«Актрисалык – бул мага Кудай берген талант, тасмага тартылганда өзгөчө ырахат алам, тасма талаасында өзгөчө дүйнөдө жашагандай болом» деген жаш актриса Рахат Божокоева буга чейин бир нече клиптерде, «Сүйөм дечи» аттуу тасмада роль жаратканын билебиз. Бул жолу ал менен үй-бүлөсү, максаттары жана өзү тууралуу кеп кылдык.
– Салам, кел, кепти сенин окуучулук чагыңдан баштайбыз. 2011-жылы борборубуздагы мектептер арасында өткөн сулуулар сынагынан Гран-прини утуп чыкканыңды уктум...
– Мен жаштайымдан аябай тың болуп өстүм. Мунун себеби апам дайыма «аракеттен, ийгиликтерди багынт» деп турганынан болсо керек. Анда мен 11-класстын окуучусу элем. Бишкектеги мектептердин арасында «Алтын кыз» аттуу сынак болду. Жыйынтыгында жеңип чыктым. Уюштуруучулар башыма алтын таажы кийгизишип, Москва шаарына эки жумалык жолдомо беришкен. Ошондо кээ бир адамдар «ии, бир байдын кызы утуп чыкты да, атасы чоңдур» деген кептерди айтышкан. Аны угуп ушунчалык ызалангам. Алар кайдан билсин, мен атамдан кичинекейимде эле айрылганымды, апам агам экөөбүздү жалгыз чоңойтконун.
– Демек, сага кыздар арасындагы атаандаштык, бут тосуу деген нерсе жакындан тааныш турбайбы?
– Ооба, мен бул нерселерди жон терим менен сезип, башымдан өткөргөм.
– Баарлашып отуруп сенин күчтүү адам экениңди байкадым. Мүнөзүңдө дагы кандай өзгөчөлүктөр бар?
– Өтө шайыр адаммын. Достукка, окууга, кыскасы, бардык нерсеге берилип, баш-отум менен кирип кетмей адатым бар. Ошентип жүрүп күйүп калган учурларым да болгон. Эч качан эч кимден жардам күтпөйм. Баарына өзүм жетишкенге умтулам. Сырга бекеммин. Эрке эмесмин, үй оокатына тың, чыныгы кыргыздын кызымын.
– Анда турмуш курууга да даяр окшойсуң го...
– Жо-ок, себеби мен үй оокатына тың болуп, тамакты мыкты жасаганым менен моралдык жактан үй-бүлө курууга даярдыгым жок. Балким, бул мен жашоомдо керектүү мырзаны жолуктура электигимден болушу мүмкүн. Кыялымдагы мырзаны жолуктурган учурда турмуш курууга да даяр болом деп ойлойм.
– Турмуштун мыйзамы десек болчудай, бирок күчтүү айымдардын жанында дайыма алсыз эркектер жүрөт. Буга чейинки жашооңо көз чаптырсак сенде андай нерсе болгон эмеспи?
– Кудай сактасын. Мен жеке өзүм үчүн күчтүү, чыдамкай болушум мүмкүн. Бирок эркек кишинин алдында баары бир алсыздыгымды, эркелигимди көрсөтөм да. Демек, мага деле менден да күчтүү жигит керек. Күчтүү десе эле көптөр булчуңдары чыккан спортчуну элестетишет. Андай эмес, мүнөзү туруктуу, кыйынчылык башка түшсө өзүн жоготуп койбогон, чыдамкай, жакшылык-жамандыкты көтөрө билген, жан дүйнөсү күчтүү жигитти күтөм.
– Демек, азыр жүрөгүң бош?
– Жумуш, окуу деп жүрүп, али жүрөгүмдүн ээсин таба элекмин.
– Клип, тасмаларга байма-бай тартылуудасың, күйөрман жигиттер да көбөйүп жатса керек?..
– Күйөрмандарым мурун деле жетиштүү болчу (күлүп). Тасмага тартылгандан кийин укмуш жигиттердин комплименттерине көмүлүп калдым деп айта албайм. Эч нерсе деле өзгөргөн жок.
– Эл көзүндө болгонуң сенин жалпы жашооңду өзгөрттүбү?
– Өзгөрткөн деле жок. Баары мурдагыдай. Болгону жашоомдо жаныма жаккан кесипти аркалоого мүмкүнчүлүк пайда болду.
– Алдыга койгон укмуш максаттарың да толтура болсо керек?
– Ооба, негизги максатым – окуумду ийгиликтүү аяктасам дейм. Сөзсүз түрдө өз кесибим менен иштейм. Бирок эң чоң тилегим – кыргыз кыздарынын атын чыгаруу. Биздин керемет өлкөдө ыймандуу, сулуу, билимдүү кыздар жашаарын дүйнөгө даңазалагым келет. Бул нерсеге жетүү үчүн мага актрисалык талантым жардамга келет деген үмүтүм чоң.
– Тилеген ой-максаттарыңдын ишке ашышына тилектешпиз.
– Рахмат.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg