МАНАСЧЫ ЖУСУП МАМАЙ СЫЙЛЫГЫН АЛГАНГА ЖЕТИШПЕЙ КАЗА БОЛДУ

Дүйнө эли кыргыз десе Манасты, Манас десе кыргызды түшүнөт. Кытайда жашаган манасчы Жусуп Мамай 1-июнда 96 жашында көз жумду. Манасчы окуяны алдын ала беш колундай билген көзү ачык, акыл көрөңгөсү тунук адам болгон. Анын басып өткөн жолу да кызыктуу, биринчи жубайы дудук болсо, экинчиси өзүнүн бир тууган жеңеси, үчүнчүсү ага кемпир болгону үчүн кытай өкмөтүнөн айлык алчу экен.

УКТАП ЖАТЫП ДА МАНАС АЙТЧУ
Кыргыз Республикасынын Баатыры, КРнын Эл артисти, «Манас» орденинин ээси Жусуп Мамай Кытай Эл Республикасынын азыркы Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусуна караштуу Ак-Чий жергесиндеги Кара-Булак айылында 1918-жылы 18-апрелде (4-майда деген да маалымат бар) туулган. Жусуптун атасы Мамай бардар, оокаттуу адамдардын бири болгон.
Манасчы жаштайынан эле зирек, зээндүү болуп чоңойгон. Атасы Мамай аны алты жашында айылдагы молдонун колуна берет. Жусуп бат эле кат таанып, китеп окууга жетишкен. Агасы Балбай ошол мезгилде Кытайдагы кыргыздардын арасында «Манас» эпосун жыйноо иштери менен алектенген. Жусуп Мамай эпосту агасынын топтогон материалдары боюнча үйрөнгөн.
Башка манасчылардай эле Жусуптун да Манас айтып калышына көргөн аян түшү себеп болгон. Манасчынын айтымында, алгачкы ирет ал 10 жашында Ырамандын Ырчы уулунан аян алат. Түшүндө ал жайдак буурул ат минип келип, «Эй, бала, жакшы билип ал, тээтиги эң алдында тургандар Манас менен Бакай. Алардын аркасындагылар Алмамбет, Чубак, Сыргак. Мен Ырчы уул болом» дейт.
Баатырлар Жусупка аян бергенин билгенден кийин атасы Мамай уулуна «Манас деген тирүү олуя. Кырк жаштан өтмөйүнчө Манас айтпа» деп акыл-насаатын айтат. Атасынын сөзүнөн чыкпай, Манасты эл алдында айтпай жүргөнү менен, уктап жатканда түнү бою айтып чыккан учурлары көп болот.
16 жашка келгенде атасы Мамай дүйнөдөн кайтат. Эки жылдан кийин кайсы бир чогулушта Жумакун Мамбетакун манасчынын айтып жаткан «Алмамбеттин арманын» угуп, анын токтогон жеринен улап айтып кирет. Ошондон кийин Жусуп калайыкка манасчы катары таанылат.
1966-жылы Кытайда «Маданий революция» саясаты башталгандыктан, 1978-жылга чейин Жусуп Мамай саясий куугунтукка туш болот. Манасчы үй-жайынан ажыратылып, борбордон алысыраак Ак-Булуң деген айылга көчүрүлөт. Бул каардуу жылдары учурунда агасы Балбай айтып берген «Манастын урпактары тууралуу баянды» Жусуп Мамай өз алдынча кагазга түшүрө баштайт. 1984-жылы манасчынын варианты боюнча «Манас» бөлүгү китеп болуп араб арибинде жарык көрөт.
Кыргызстанга манасчы биринчи ирет 1992-жылы Сагымбай Орозбаковдун 125 жылдык мааракесине, экинчи жолу 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына келген.Үстүбүздөгү жылдын 30-майында манасчыга Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы берилген. Бирок сыйлыкты алууга жетишкен жок.
2014-жылдын 1-июнунда таңга маал Жусуп Мамай туулуп-өскөн айылынын ооруканасында кайтыш болду. Сөөгү 2014-жылдын 2-июнунда Ак-Чийде жерге берилди.

«КОЛДООЧУЛАРЫ ЖАНДАП ЖҮРЧҮ ЭКЕН»
Жусуп Мамайдын чыгармачылыгын изилдөөчү, «Манас жаңырыгы» телеканалынын жетекчиси ТЕМИРБЕК ТОКТОГАЗИЕВ:
– Жусуп Мамай менен 60-жылдары эл душманы атыгып чогуу жүргөн аксакал бир окуяны айтып берген. Аксакалдын айтуусу боюнча, ошол мезгилде кытайлар Жусуп Мамайды «Эмнеге эки аял аласың, Манасты айтасың?» деп куугунтукташкан. Кысымга алынгандарга «эл душманы» деген жазуусу бар шапкелерди кийгизип, талаада аскерлердин кайтаруусунда иштетишиптир.
Күнүнө эки кишиге бир токоч беришчү экен. Бир жолу талаада иштеп жатышса, Жусуп ата тайган сыяктуу бир чоң ит менен сүйлөшүп, баш ийкешип жатат дейт. Аксакалдын оюнун баары токочко кетет. Нанды ит экөө жеп жаткан экен деп, кетменин таштай салып кыйкырган боюнча чуркап жөнөйт. Жанына барса иттин карааны да жок. «Кана жанагы ит, нанды берип салдыңбы?» деп жинденет. Анда Жусуп атабыз «кайсы ит, ыя, ал адам болчу» деп жакадан алат. «Сага нан эле керекпи, мына нан! Жакшы окуя айтып берип жатты эле, сөзүбүздүн аягына чыкпай калдык. Жакында, буюрса, экөөбүздү бошотушат экен. Мени Пекинге алып кетишип, Манасымды изилдешет» дейт Жусуп Мамай. Жанындагы «жинди болгонсуң го, экөөбүздү ким бошотмок эле» деп ишенбейт. Анын колдоочулары, айтып берүүчүлөрү болгонун ушул окуядан билсек болот.

«ЖУСУП АТАБЫЗГА ЭРМЕК БОЛГОН ҮЧҮН КЕМПИРИ АЙЛЫК АЛЧУ»
– Жусуп Мамай атабыздын биринчи аялы дудук, бирок өтө сулуу болгон экен. Ага жетсем дегендердин саны дагы көп болуптур. Ал кызды ата-энеси бай күйөөгө бермей болушат. Ошондо Жусуп атабыз түн оокумда кызды ала качып кетүүнү чечет. Кыз «мен укпасам кантип мени ойготосуң, уктап калсам эмне болот?» деп жаңдап түшүндүрөт. Ошондо атабыз сүйгөнүнүн чыпалагына жип байлап, жиптин учун керегенин сыртына чыгарып коёт. Болжошкон маалда баягы жипти тартып жеңебизди ойготуп алып кетиптир. Муну дудук жеңебиздин сиңдиси айтып берген. Андан Мукаш жана Абдыгазы деген 2 уулу бар.
Манасчынын агасы Балбай каза болуп калганда балдары тарап кетпесин деп анын жесирине үйлөнгөн. Ошондо кытайлар «2 аял алууга уруксат эмес» деп биринчи аялы менен ажыраштырып, улуу баласы Мукашты аялына, кичүүсү Абдыгазыны өзүнө беришкен. Жеңесинен балалуу болгон эмес. Агасынын эки кызына ата болду. Эки жеңебиздин тең көзү өтүп кеткен.
Акыркы убакта балдары «атабызга эрмек болсун» деп кемпир алып беришкен. Мен 2-3 жолу көргөм. Кадимки эле кытайлык кыргыз кемпир. «Балдарын, неберелерин сагынып кетип калат, ушул апабыздыкы өтүп кетти» деп Мукаш аганын кобурап жатканын уккам. Кийинки барганымда «апабыз каякта?» десем «биротоло кетип калды» дешти. Бир кызык жери, Жусуп Мамайга эрмек болгону үчүн ал апабызга кытай өкмөтү кадимкидей айлык берчү.

«БИР ЖУМА ТИЛДЕН КАЛДЫ»
– Мен акыркы жолу манасчы менен көз жумарына 3 жума калганда жолугуштум. Барсам уулу Абдыгазынын көп кабаттуу үйдөгү батиринде экен. Өзүнүкү жер там эле, аны ным деп көчүрүп келишиптир. Алып барган калпагымды кийгизсем «Темирбек, келген сайын алып келе бересиңби, эл-журт аманбы?» деди. 96 жаштагы адам мени тааныбай деле калышы мүмкүн эле, андай болгон жок. Бул киши 96 жашында да акыл-эси тунук болду, бирок кайтыш болоруна бир жума калганда тилден калды. Мукаш ага менен сүйлөшкөндө «ажым беш күндөн бери оозуна наар ала элек, тилден калды» деди. Ал ата-энеси ажырашканда апасы менен калган, ошондуктан атасына «ажым» (Жусуп Мамай Меккеге барып келген) деп кайрылат. Мукаш ага учурда дарыгер, Абдыгазы мал багып, айылдагы чарба менен алек.
Бир жолу президентибиз Алмазбек Атамбаев сырткы мукабасы күмүш менен капталган Куран китебин белекке берип жиберди. Ошол белекке абдан ыраазы болду. «Карыган адам үчүн Курандан өткөн белек жок» деп президентке батасын берген эле.
Ал кишинин Кытайдагы үйү төрт бөлмөлүү, чатыры деле жалпак, чым бастырылган үй. Ал үйдү да өкмөт берген. Ичине кирсең бир керебети, бир столу бар, жерге тамак ичишет. Ал жакта жакшы жашагандар деле бар, бирок Жусуп атабыз байлык топтоп дүнүйө жыяйын деген эмес. Биздин аксакалдардай эле пенсия алчу, андан сырткары гонорары бар эле.

Солдон оңго карай: Манасчынын улуу баласы Мукаш, Темирбек Токтогазиев, Жусуп Мамай, кызы Нурайым.

«Манасчыга байланыштуу кандай кече, жолугушуу болбосун дайыма кїн ачык болуп турчу» деп жакындары эскеришет.

Жусуп Мамай Темирбек Токтогазиев менен.

Cүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Lumia-800
2014-06-09 09:33:41
Жайы жаннаттан болсун!
Сыйлыкты алууга улгурбой каза тапкандардын катарына кошулуптурда байкуш. (Андайлар бизде коп эле болсо керекго...)
0
bantik
2014-06-09 09:39:42
Мага аябай жакты макала. Бул киши оной киши болбоптур да. Колдоочулары менен козмо-коз суйлошсо
0
Kanat8427
2014-06-09 11:55:09
Жаткан жери жайлуу болсун.
0
suyom_seni
2014-06-09 13:26:38
жайы жаннаты кылсын!
0
zara-919
2014-06-09 13:53:10
Кудайым жаннаттан жай берсин ылайым!
0
TolonturCN
2014-06-10 08:02:30
Дүйнөлүк залкар манасчы Жүсүп Мамайга тиешелүү виделор.
Залкар манасчы Жусуп Мамай (Даректүү тасма)
http://www.super.kg/media/uservideo/120716/
Ж.Мамайды акыркы сапарга узатуу зыйнаты 1-тасма (Түз обо)
http://www.super.kg/media/uservideo/120908/
Ж.Мамайды акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2-тасма (Түз обо)
http://www.super.kg/media/uservideo/120912/
Бар бол карыя-Калил Аблез
http://www.
0
TolonturCN
2014-06-10 08:03:42
Дүйнөлүк залкар манасчы Жүсүп Мамайга тиешелүү виделор.
Залкар манасчы Жусуп Мамай (Даректүү тасма)
http://www.super.kg/media/uservideo/120716/
Ж.Мамайды акыркы сапарга узатуу зыйнаты 1-тасма (Түз обо)
http://www.super.kg/media/uservideo/120908/
Ж.Мамайды акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2-тасма (Түз обо)
http://www.super.kg/media/uservideo/120912/
0
TolonturCN
2014-06-10 08:05:54
Залкар манасчыны жоктоо (Дүйхөбек)
http://www.super.kg/media/uservideo/121032/
Арабызда бар бол карыя-Калил Аблез
http://www.super.kg/media/uservideo/121058/
0
TolonturCN
2014-06-10 08:06:53
Жусуп Мамай - КТРК 02 06 14
http://www.super.kg/media/uservideo/120758/
Тоолуктардын ток шоусу - Жусуп Мамай
http://www.super.kg/media/uservideo/120722/
0
Bako.baike
2014-06-10 12:58:56
Биздикилер дайыма олгондо анан сыйлык берип мактай башташат. Чынгыз Айтматовду олгондон кийин мактап баштады ага чейин журушкон конул бурбай. Эми бул жусуп мамайды айта берсен коп. Эми берип калгыла сыйлыгынарды дагы бироо кетип калбасын
+1
айс
2014-07-12 14:20:39
Жаткан жери жайлуу болсун. Биорк эн окунучтуусу бизде сыйлыктарды козу откондо гана эстешет окмот,мурун деле берип коюшса болот эле. Саясаттын ,бийликтин артынан кубалап журушуп Кыргыз экенибизди унутуп калбасак болду...!
0
№ 605, 06-июнь-12-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан