БРАЗИЛИЯ ФУТБОЛ МАЙРАМЫНА ДАЯР

4 жылда бир өтүүчү футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондук башталарына саналуу гана күндөр калды. Шайыр-шаңдуу Бразилия өлкөсү футбол майрамын укмуштуудай өткөрүүгө даяр турган маалы. Уюштуруучу топ кызуу иштеп, акыркы даярдыктарды көрүүдө. Футболчулар оюндарга чейин жаракат алып калбоо үчүн өздөрүн сактап жатса, футбол күйөрмандары пляждардын мекени болгон Бразилия өлкөсүнө келишүүдө. Мундиаль 12-июнда Сан-Паулуда Бразилия-Хорватия беттеши менен ачылмакчы. «Бразилия-2014» Дүйнөлүк чемпиондугунун даярдыктары жана кызыктары тууралуу биздин материалда.

«Бразилия-2014» – Футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондуктун 20чысы
Тумары – Армадилло
Расмий тобу – «Бразука»
Расмий ыры – «Питбуль» жана Женнифер Лопестин аткаруусундагы «We are the one» («Биз биргебиз») ыры

ЖАЛГЫЗ ТАЛАПКЕР
Дүйнөлүк чемпиондукту ар кайсы континентте өткөрүү принцибине ылайык, мелдеш 2014-жылы Түштүк Америкада өтүшү керек эле. Футбол майрамын өткөрүүгө бир гана Бразилия өлкөсү өз талапкерлигин койгон. Бразилия мундиалды 2-ирет өткөрүп жаткан 5-өлкө болуп саналат (биринчиси 1950-жылы өткөн). Ал эми Түштүк Америкада акыркы чемпиондук 1978-жылы өткөн.

СТАДИОНДОР
Оюндар өлкөнүн 12 шаарында өтүп, жаңы салынган заманбап 12 стадиондо болмокчу. Кээ бир стадиондор толугу менен салынып бүтпөсө да, уюштуруучулар тынчсызданууга эч майнап жок деп ишендиришүүдө. Ошентсе да стадиондордун арасынан жаңыдан оңдолуп-түзөлгөн Рио-де-Жанейродогу «Маракана» стадиону жана Амазония шаарындагы «Манаус» өзгөчө кооздугу менен көзгө урунат.

ЖАРАКАТ АЛГАНДАР ЖАНА «КАРА ТИЗМЕГЕ» КИРГЕНДЕР...
«Бразилия-2014түн» алдында жаракаттын айынан бир катар атактуу футболчулар көптөн зарыгып күткөн мелдештерине катыша албай калышмакчы. Алар – Тео Уолкотт (Англия), Радамель Фалькао (Колумбия), Риккардо Монтоливо (Италия) жана Рафаэл ван дер Варт (Голландия).
Чемпиондуктун курмандыктары муну менен чектелбейт. Жаракат албаса да, көрсөткөн оюну машыктыруучусуна жакпай, «кара тизмеде» калгандар да бар. Алсак, Роналдиньо менен Кака (Бразилия), Лэндон Донован (АКШ), Карлос Тевес (Аргентина), Самир Насри (Франция), Фернандо Льеронте (Испания) жана Жузеппе Росси (Италия) мыкты оюн көрсөтө аларына машыктыруучуларды ишендире алышкан жок.

ИЖАРА БИЗНЕС
12-июндан 13-июлга чейинки убакыт аралыгында Бразилиянын 12 шаарында өтө турган мундиаль учурунда бразилиялыктардын көбү өз үйлөрүн ижарага берип, пайда таап калууга аракеттенишүүдө. Алардын катарында атактуу футболчу Роналдиньо Рио-де-Жанейро шаарындагы үйүн Дүйнө чемпиондугу өтүп жаткан маалда суткасына 15 миң долларга ижарага берет.

ВУВУЗЕЛА ЭМЕС, КАШИРОЛА!
2010-жылы Түштүк Африкада өткөн Дүйнөлүк чемпиондукта бардык стадиондордо кулактын үшүн алган вувузелалар угулса, Бразилияда уюштуруучулар жаңы музыкалык инструментти ойлоп табышты. Ал каширола деп аталат.
Каширола (caxirola) – түстүү пластиктен жасалган шылдыракча. Кичинекей түймөктү элестеткен бул аспап улуттук согуш искусствосу – капоэранын ритми сыяктуу.
Уюштуруучулар 15-30 АКШ долларынан турган 190 миллион кашироланы сатууну пландоодо.

ТОПТОР ПАКИСТАНДА ЖАСАЛАТ
Дүйнөлүк чемпиондукта ойнолуучу расмий топтор футбол боюнча ФИФАнын рейтингинде 159-орунду ээлеген Пакистан өлкөсүндө даярдалат. Панджаба шаарындагы «Sialkot Ball» фабрикасында жасалган топтор дүйнөдө мыкты деп бааланат. «Бразилия-2014түн» расмий тобу «бразука» деп аталып, эң алдыңкы технологиялар менен жасалган.

ИРАНДЫКТАР ФУТБОЛКАЛАР МЕНЕН АЛМАШПАЙТ...
Ирандын Футбол федерациясы каражаттын аздыгынан эң арзан экипировка сатып алышкан. Футболчулардын кыжырдануусуна Футбол федерациясынын президенти Али
Кафашян
жооп иретинде аларга формаларын муздак сууга жуушуна жана форма саналуу гана болгондуктан оюн аягында атаандаштар менен футболка алмашуусуна тыюу салды.

КИМ ЧЕМПИОН БОЛОТ?
2010-жылга чейин Европа өлкөлөрү өзүнүн континентинде эмес, башка континенттерде өткөн мундиалдарда ийгиликке бир да жолу жетишкен эмес. Быйылкы мелдештин чемпиондукка башкы талапкерлери болуп үй ээлери жана Аргентина саналууда.
Дүйнөлүк абройлуу букмекердик кеңселердин божомолдору боюнча Бразилия, Аргентина, Испания жана Германия фаворит саналат. Аталган дөө-шаалардан кийин эле Бельгия курама командасына ишенич арткандар көп.

«Маракана» стадиону. 78 838 орундуу.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
zezim2000
2014-06-09 11:17:31
олеей олей оле оле ола!!!!!!!!! хей ,хей ,хей....
+1
Kanat8427
2014-06-09 12:26:02
zezim2000, )))))))))
0
Danel
2014-06-09 18:21:39
Олей олей олееей Россия чемпиоон!!!
-1
erik94
2014-06-09 19:33:00
Португалия чемпион!!!
0
azamat7386
2014-06-09 22:26:10
Бразилия чемпион!!!
0
A_l_i_b_e_k
2014-06-10 00:01:24
бразилия менен германияныкы болот, кубок гарантия остальные не в состоянии выиграть ЧМ. Бразилия 64% а Германия 36% шансы бар.
+1
messidinho
2014-06-10 00:50:36
испания же аргентина
0
lotte
2014-06-10 02:03:17
Испания, Бразилия, Германия, Аргентина...
0
Kana
2014-06-10 14:34:17
Каканын оюундан четтетилгени окунучтуу(((
0
brazil
2014-06-10 20:13:15
Эч ким утпайт
0
Begim8678
2014-06-11 10:31:12
АнглиЯ - чемпион
+1
tilek-x
2014-06-11 13:23:05
Франция чемпион!
+1
mirlan_ashimovich
2014-06-11 21:40:56
Кыргызстан алга көрөлү футболду бир жаман жери НТС бардык аймакта жакшы тартпайт экен
+1
Maxatbek
2014-06-12 12:02:37
Испания чемпиондугун сактайт, мен жан тартып жатпаймынбы..
0
№ 605, 06-июнь-12-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан