КУУРУЛБАГАН КОФЕ ЧЫНДАП АРЫКТАТАБЫ?

Учурда гезит, телеканал, интернет сайттарда «арыктатуучу кофе сатам» деген жарнамалар көп. Бул кофе чындап арыктатабы, зыяны жокпу же кайсы бир шылуундардын товарын өткөзүү үчүн ойлоп тапкан куулугубу, изилдеп көрөлү.

ДУУ-ДУУ КЕП КАЧАН БАШТАЛГАН?
Куурулбаган кофе (зелёный кофе) деген эмне? Ал кадимки эле баарыбыз ичип жүргөн кофе, болгону иштетүүдөн өткөзүлбөгөн түрү. Башкача айтканда, даны куурулбайт. Бирок даамы беркилердей болбой чөп даамданат.
Популярдуу болуу тарыхына кайрылып көрсөк, куурулбаган кофенин популярдуулукка жол алган кези – 2012-жыл. Дал ушул жылы түпкү ата-теги түрк болгон америкалык врач, бир нече китептин автору Мехмет Өз өзүнүн «Доктор Өздүн шоусу» Dr. Oz. Show») телеберүүсүнүн бирине куурулбаган кофени алып чыгат. Тагыраак айтканда, каалоочу аялдардан турган чоң топко эксперимент жүргүзүлгөнү айтылат. Экспериментте аялдарды 2 топко бөлүп, бир бөлүгүнө куурулбаган кофе, экинчи бөлүгүнө плацебо (дары ордуна колдонулуучу жөнөкөй зат. Көбүнчө лактоза пайдаланылат. Мунун таасири оорулуулар аны дары катары ичип, айыгып жатам деген ишенимине жараша болот) берилет. Жыйынтыгында куурулбаган кофе ичкендер бир топ арыктагандары, ал эми беркилер бир аз гана салмак таштаганы баяндалат.
Ошондон тарта куурулбаган кофе тууралуу аңыз жаралып, дүйнөгө таркай баштайт. Бирок көпчүлүк эл, анын ичинде айрым окумуштуулар «экспериментти көз менен көрбөгөндөн кийин аялдарга чындап куурулбаган кофе берип арыктатыштыбы же башканы бериштиби күмөн» деп чыгышат. «Куурулбаган кофени жарнама кылганына караганда анын коммерциялык кызыкчылыгы бар болуш керек, анткени анын зыяндуу жагы да көп» деген ойлор айтылат. Бирок ошондон бери куурулбаган кофени колдонуп арыктоону самагандар да, «куурулбаган кофе арыктатпайт, зыяны да бар» деп какшаган диетологдор менен гастроэнтерологдор да кошо жарышып келатышат.

БИЗДЕ БААСЫ 800ДӨН 1500 СОМГО ЧЕЙИН
Куурулбаган кофенин Бишкектин базарларындагы баасы 800 сомдон 1500 сомго чейин. Баасын жогору сурагандар жашаган жериңе бекер жеткирип беришет экен. Ал эми дарыканаларда 800-1100 сомдун тегерегинде сатылат.

АРЫКТАТАТ ДЕГЕНДЕР ЭМНЕНИ БЕТКЕ ТУТУШАТ?
Куурулбаган кофенин курамында май кычкылдары (кислота): линол, линолен, пальмитин, олеин, стеарин, арахидон, хлороген, беген, ошондой эле витаминдер, кофеин жана башкалар бар. Кээ бир окумуштуулар, анын ичинде япониялыктар «куурулбагандан улам анда чындыгында кофеин аз. Хлороген кычкылы организмде майдын чогулуусун токтотот. Башкача айтканда, адам ошол салмагында токтойт, бирок арыкташ үчүн күнүгө куурулбаган кофе ичкенден тышкары диета кармап, спорт менен алектенүүсү керек» дешет.
Батышта жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында «хлороген кычкылы картошка, сабиз, баклажан, салат, күн карама данында, шпинат жана башкаларда да бар экендиги аныкталган. Бирок аларды жеген адамдар арыкташпайт. Демек, хлорогендин таасири күч дегендин өзү ишенимдүү эмес» деп баяндалат.

«АРЫКТАТСА АМЕРИКА ЭЛИ АРЫКТАБАЙТ БЕЛЕ...»
Орусиянын диетологдору ММКларга «куурулбаган кофени ичкиси келген адам жөн гана кофе катары аздан ичсе болот, бирок арыктоо максатында эмес. Зыян!» деп баса белгилешет. Бул жаатта кыргызстандык гастроэнтерологдор эмне дейт болду экен деп кызыктык. Андыктан КММАнын терапия кафедрасынын доценти АБДУБАКИР ИБРАГИМОВго кайрылдык.

– 1-2 жыл мурун америкалык окумуштуулар кайсы өлкөдө толук адамдар көп жашаарын изилдешкен. 1-орунда Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка, 2-орунда Индия, Кытай, 3-орунга АКШ чыккан. Эгер куурулбаган кофе арыктатса, анда башканы айтпасак да кофе арзан сатылган АКШнын эли аны ичип эле арыктап, семиздиктен келип чыгуучу оорулар (кант диабети, жүрөк-кан тамыр оорулары жана башка) менен көп оорушпайт эле го?! Ошол эле кофе көп өстүрүлгөн Бразилияда да толук адамдар көп, алар неге «фигурный» болуп алышпайт?! Андыктан ойлонуп иш кылуу кажет. Бир мисал, туугандардын бир кызы өткөндө арыктайм деп куурулбаган кофе ичкен экен, ашказан оорусу күчөп кетип, азыр дарыланып жүрөт.
Кофени чынында сергүү, көңүлдү көтөрүү, күч топтоо, ойлонууну күчөтүү жана төмөнкү кан басымды көтөрүү максатында 1 күндө 1-2 кружка ичип койсо болот. Андан тышкары косметологияда кофенин сулуулукту сактап, терини жакшы көрсөтөрү айтылат. Бирок арыктоо максатында күнүгө көп өлчөмдө ичүүгө болбойт! Анткени оорусу жоктор оору тапса, өнөкөт оорусу барлардын оорусу курчуп, жаңылары да кошулушу мүмкүн.
Куурулбаган кофени эмнеге көп ичкенге болбойт жана зыяны канчалык дегенге мындай жооп берем:

  • Боюнда барларга, бала эмизип жаткандарга ичүү сунушталбайт. Анткени куурулбаган кофенин мындай адамдарга тийгизер таасири толук изилденип бүтө элек, андыктан өзүнүн жана баласынын коопсуздугун ойлоп, ичпей койгондору жакшы.
  • Көп ичсе курамындагы кофеин нервди дүүлүктүрүп, уйкусуздук жаралат. Стрессти күчөтөт, невроздун жаралышын шарттайт.
  • Кофе заара кубалоочу каражат болгондуктан, аны ичкен сайын денедеги суюктуктар сыртка чыгып кетет. Андыктан алардын ордун улам толтуруп турбаса дене, анын ичинде тери кургай баштайт. Тери кургаса бырыш эрте түшөт.
  • Глаукома оорусу (көз оорусу) барларга таптакыр болбойт. Анткени кофеин көздүн басымын көтөрүп, ооруну күчөтөт.
  • Жүрөк-кан тамыр, кант диабети жана ичеги-карын оорусунан жабыркагандарга ичкенге тыюу салынат. Ооруларын курчутуп жиберет. Кофеин кээ бир адамдарда зарнаны, ич өтүүнү жаратат.
  • Остеопороз оорусун пайда кылат, бул оорусу барлардын дартын күчөтөт. Не дегенде кофени көп ичкенде организмдеги кальций жуулуп кетет да, сөөк морт тартып, бат сынма болуп калат. Кальций менен кошо темир да чыгып кетип, анемия жаралуусу мүмкүн.
  • Кофе адамдын тамакка табитин да жоготот. Ушундан улам адам мурункудан тамакты аз ичип, тигинтип оорулары да козголуп жатса, ал арыктабаганда ким арыктайт?

Арыктайм деген адам диетологдорго же гастроэнтерологдорго кайрылып, оорусу бар же жок экенин аныктап, ошого жараша диета жаздырып алуусу керек. Көп кыймылдашы да зарыл.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Куурулбаган кофе чын эле арыктатабы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
momuntay
2014-06-09 15:29:30
Врач туура айтат. Бирок орустун ММК лары интерннт сайттарын ачсан баягыле келбетине кам коргон жылдыздар ушул " Зеленое кофн с имбирем" ичип арыктадык дешет. Силер айткан даамы жаманы арыктатпайт жасалмалар. Аны атайвн заказ менен алдыртышат экен. Даамы соонун болот экен. Бир кундо эки маал ичет экен. Кандагы холестиринди азайтып, шлактарды чыгарып, ток кармайт дегени чын. Диета кармап, спорт менен машыгып анысынан майнап чыкпай калганда ушуну ичип арыктагандар толтура
0
Sun_shine
2014-06-12 14:41:25
momuntay,оригинал или подделка экенин кантип билсе болот билбейсизби?
0
momuntay
2014-06-09 15:34:20
Бир эки айда озун каалаган салмака жетсен болот. Айтылуу орус примадоннасы Алла Пугачева да 40 жыл арыктай албай ушундан арыктаптыр тобо. Лариса Гузеева, Алла Давлатова, Стас Михайловдун аялы да ушундан арыктап, тим эле азыр фигуралары кыз кыз го . Алар бизге оешобой аныгын билип текшерип ден соолугуна карап ичишет да. А биз осолун ичип алып, ал ооруну козгоп, ушундай жаман экен деген пикирлер жаралып жатат
0
tornado
2014-06-09 16:55:31
Имбир менен лимонду чай кылып демдеп ичкиле,тамак ичерден жарым саат мурун,бир стакандан
0
rozka
2014-06-09 18:09:20
Мен Ягоди Годжи дегенден ичтим эч таасиири жок Зеленый кофени ичтим болбоду
0
aidai88
2014-06-09 19:42:12
Мен Москвадан заказ кылып алып ичтим молотый экен аны майдалаттым,даамы жагымсыз экен,эч кандай пайдасы болгон жок,зыян экенин окуп алып токтоттум.Андан кийин билайт ичтим,тойум жакын эле бир арыктайын дегем шашылыш турдо,арыкташы арыктадым бирок аябай апетит жоголуп,алсырап,колу,бутум калтырап жатып калдым.
0
tornado
2014-06-11 15:43:35
aidai88, азыр эми жакшы болуп калдынбы? Канча кг арыктадын?
0
gulperi.kg
2014-06-09 21:33:40
Жытын жыттаганда кускун келет.Тойбой 1эмес 2почка алып алып иче албай койгом)))))
0
Destro
2014-06-11 02:28:01
эл дүрбөсө эшек кошо дурбойт болуртурсунарго
0
samira.0907
2014-06-11 13:36:42
Арыктагынар келсе спорт менен эле машыккыла.
0
nazira1989
2014-06-11 19:19:25
Э ушул кофеге такыр ишенип бир конул болуп карап койбоптурмун.Баари бир зыян да, бир куну которуп чабат дарысы деле, кофеси деле.Андан коро спорттун жардамы мн, диетологдордун жардамы менен арыктаган пайдалуу, результаты болот.
0
Stern
2014-06-11 20:22:09
Тамактын алдында 2 стакан суу ичип алуу керек. Кичине чай кашык менен тамактануу да пайдалуу.
0
Sun_shine
2014-06-12 14:47:59
билайт деле ичип кордум, чуркап деле кордум, диета деле кармадым, результат болбой койду. дагы кандай жол менен арыктаса болот кенеш бергилечи???
0
Aisuluusha
2014-06-13 07:02:01
Интернеттеги рекламанын бирине да ишенбеш керек,баары жалган.Алла П. менен Стас. М-дун аялы инеттеги суротторун коруп,оздору шок болушуптур,Стастын аялы омурундо семирген эмес экен,ал эми Алланы алтымыштан откондо кыз кылып коюшкан.Интернеттеги жалганчылардын ойлоп чыккан жалганына тан берем.
0
momuntay
2014-06-13 20:07:19
Каалаган адам ишенет каалабаса ишенбейт. Кош бойлуу, бала эмизген, ичеги карын оруусу барларга совесем мумкун эмес ичкенге.....
0
aruuzat88
2014-06-16 01:29:01
Менин эжем пайдаланып корду,арыктабады го.
0
lida.t
2014-07-06 19:46:20
aryktat esli s imbirem degenin ichsener+ sozsuz turdo dieta karmaw kerek. rezultat 2-3 aida bolot. men 4 aida 6 kg aryktadym. akchasy 949 som
0
№ 605, 06-июнь-12-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан