«ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС» КЫРГЫЗСТАН АТУУЛДАРЫНЫН ӨМҮРҮ УЗУН БОЛУУСУН КААЛАЙТ

Майдын аягында Баткен облусунун Кадамжай районунун тургундары  «Өнүгүү-Прогресс»  саясий партиясы уюштурган медициналык кароодон өтүштү. Саясий уюм Бишкектен жөнөткөн тажрыйбалуу  кардиологдордун тобу заманбап медициналык жабдыктардын жардамы менен жергиликтүү элди текшеришти.
Кардиологиялык текшерүү өткөн айылдардын бири – Кыргыз-Кыштак айылы облус борборунан 45 чакырым алыстыкта жайгашкандыгына карабастан, жергиликтүү жашоочулардан сырткары Баткен, Ноокат райондорунан жана башка жанаша жайгашкан айылдардан келип  кароодон өткөндөрдүн саны арбын болду.
Борбордон келген кардиологдордун жетекчиси Абдимиталип Халматовдун айтымында,  бул аймакта жүрөк-кан тамыр оорусунан жапа чеккендер көп кездешүүдө. Буга себеп айыл жергесинде кардиолог турсун медициналык кызматкерлер жетишпегендигинде. Айыл жашоочуларынын көпчүлүгү калктын аз камсыз болгон катмарынан.
«Жүрөгүңдү сакта» акциясынын негизинде биз биринчи жолу Баткен облусуна келип отурабыз. Эки күндүк медициналык кароодо эле бир канча бейтапты ооруканага жибердик, дагы бир канчасын Бишкекке толук кандуу текшерүүдөн өткөрүү үчүн чакырдык. Бул оорулуулардын саны жогору экендигинен кабар берет. Ошондуктан жакынкы аралыкта Баткендин башка аймактарын кыдырууну максат кылып жатабыз»,- дейт медицина илимдеринин кандидаты  Абдимиталип Халматов.
Буга чейин Кыргызстандын башка аймактарында «Жүрөгүңдү сакта» аталышындагы акцияны демилгелеп келген «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын Кадамжай райондук координатору Анвар Билаловдун айтымында, мындай  иш-чаранын уюштурулушуна  жергиликтүү элдин суроо-талабы себеп болгон.
«Биз эл кыдырып жүргөндө көпчүлүк кардиологдордун келишин суранышты. Анткени жер иштетип, эптеп тиричилик кылган карапайым эл борборго барып текшерилүүгө мүмкүнчүлүгү чектелүү. Ошондуктан биздин негизги максат – айыл жергесин көтөрүү. Качан элет турмушун жакшыртканыбызда гана өлкө алдыга өнүгөт»,- дейт Анвар Билалов.
«Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы өзүнүн медициналык стратегиясына ылайык Кыргызстан элинин орточо өмүр узактыгы учурдагы 68 жаштан 80 жашка чейин узаруусуна умтулат жана ага керектүү чараларды көрүүдө. Акыркы 1,5 жылда партия уюштурган медициналык кароодон 30 миңден ашуун кыргызстандыктар өтүп, алардын жардамга муктаждары көзөмөлгө алынып, адистер акыбалын сурап байланышып турушат.

Айзатбек Асанкул уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 605, 06-июнь-12-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан