ЖЕТИ-ӨГҮЗ СУУ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛОТ

«Кумтөр» компаниясы жана Жер семирткичтерди өнүктүрүү эл аралык борбору (IFDC) тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан Кыргыз агробизнести жабдуу жана өнүктүрүү долбоору (KAED) Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна жана Жети-Өгүз айыл аймактарындагы жалпы аянты 1500 гектар болгон эки жер тилкесин реабилитациялоо боюнча биргелешкен долбоору жүзөгө ашырылууда. Ири долбоордун алкагында аталган айылдарга жаңыдан суу сактагыч курулуп, насостук станциялар оңдолуп, ишке берилмекчи. Бул долбоорго өлкөбүздүн алтын казуучу ири ишканасы 242 миң АКШ долларын бөлүп берген.

Светлая Полянадагы суу сактагыч ишке кирсе, 3 айылды суу менен камсыздайт.

Светлая Поляна айылында 1979-жылы салынган суу сактагыч иштебей токтоп калган. Оңдолуп жаткан суу сактагыч ишке кире турган болсо, аталган айыл өкмөтүнүн 600 гектар, коңшу жайгашкан Оргочор айылынын 60 гектар жерин суу менен камсыздамакчы. Бул курулушту куруп жаткан компаниялар жана жумушчулар жергиликтүү тургундар болуп эсептелинет.

УБАЙДУЛЛА АБДУЛЛАЕВ, KAED долбоорунун координатору:
– Суу сактагыч ишке кирсе, жергиликтүү айыл жерлерин суу менен толук камсыз кылат. Азыркы убакта мындай долбоорлордун бир нечеси менен иштеп жатабыз. Бизге кайрылгандардын саны күн санап өсүп жатат. Алардын ар бирин карап чыгып, колубуздан келген жардамыбызды беребиз.

 


 

ЖЫЛКЫЧЫ МАМЫТКАНОВ, Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысы:
– Бул суу сактагыч 30 миң куб сууга ылайыкталып 1979-жылы курулган, бирок ошол убакыттан бери бир дагы жолу тазаланган эмес. Суу сактагычты тазалоого жардам берүү тууралуу "Кумтөр" компаниясына жана KAED долбоорунун өкүлдөрүнө кат түрүндө кайрылгам. Алар көп убакыт өткөрбөстөн биздин суранычты орундатып, өткөн жылы Ак-Дөбө айыл өкмөтүнө "Кумтөр" ишканасынын өкүлү Дуглас мырза жана KAED долбоорунун кишилери келип, суу сактагычыбыздын абалын көрүп кетишкен. Иш алып барганыбызга бир жылга жакындап калды. Буюрса, суу сактагыч оңдолуп бүтүп калса, жеке эле Светлая Поляна айылынын эли эмес, Оргочор айылы дагы суу менен камсыз болот. Ак-Дөбө айылынын эли дагы ушул бассейндин аркасы менен толук түрдө камсыз боло алат деп ишенип жатабыз.
Ушул эле долбоордун алкагында Жети-Өгүз районундагы Кабак айылына караштуу Апы насостук станциясы оңдолуп жатат. Ал суу сордуруучу насостун милдети – айдоо жерди суу менен камсыз кылуу. Эгер бул станция ишке кирсе, Кабак айылынан 760 гектар, Липенка айылынан 70 гектар жер суу менен камсыздалат. "Кумтөр" компаниясы бул станциянын оңдоп-түзөө иштерине, түтүктөрдү алмаштырууга, жалпы станцияны жаңылоого 3 миллион сом сарптаган.

БОЛОТ СУРАМАНОВ,  Липенка айыл өкмөтүнүн башчысы:
– Станциянын жардамы менен айылдын эли толук түрдө суу менен камсыздалат. Бул өнүгүүнүн башаты болуп калмакчы. Себеби көпчүлүк эл айлык алып жашабайт, негизги кирешеси мал чарбачылыгы жана дыйканчылык. Малды тоют менен камсыздоо үчүн түшүм жакшы болушу керек, ал эми түшүм болсо жердин суу менен камсыз болушуна түздөн-түз байланыштуу.

Насостук станция оңдолсо дээрлик миң гектар айдоо жерин суу менен камсыз кылмакчы.

Адилет Керимбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jaazira13
2014-06-19 17:27:57
илгериле долбоор жазылган бирок каржат жетпей жургон, эми жакшы болуптур
0
№ 605, 06-июнь-12-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан