Аида Кулуеванын сиңдиси Айгүл: «АИДА ЭЖЕКЕМ ЧОҢ ЧҮЙ КАНАЛЫНА АГЫП КЕТКЕН»

“Аска-зоо бир тууганым” деп ыр саптарында айтылгандай, жаманбы, жакшыбы, ар бир адам үчүн бир туугандан жакын адам болбосо керек. Ырчы Аида Кулуеванын Айгүл аттуу бир тууган сиңдиси эжекесинин биз да, сиз да билбеген көмүскөдөгү кылык-жоруктарынан айтып бермекчи.

«Мени жоготуп алдым деп көзү шишигенче ыйлаган»

–Кичинекей кезимде Ак-Талаада жашаган чоң апамдын колунда өстүм. Үчүнчү классты аяктагандан кийин гана шаарга өз ата-энемдин колуна келгем. Мени да эжем окуган №69 мектепке беришкен эле. Шаарды жакшы билбегендиктен, мектепке Аида эжем алып барып, кайра алып келчү. Сабагым эрте бүтсө да, эжемдин сабагы бүткүчөктү күтчүмүн. Бир жолу сабагым эрте бүтүп, эжекемди эки саат күтсөм да чыкпайт. Чыдамым кеткенден кийин үйгө кетчү жолду болжолдоп таап алармын деген ой менен кетип калдым. Кудай жалгап, үйдү адашпай таап келип, сыртта кыздар менен ойноп жүрө бериптирмин.

Кечинде үйгө кирсем, Аида эжемдин көздөрү шишип отурат. Көрсө, байкуш мени жоготуп алдым деп кечке шаар кыдырып издеп, мени таппай ыйлай берип, апамдардан коркуп үйгө араң келгендегиси экен. Эжекем кичинекейинен баштап «Сейтек» балдар борборунда комуз боюнча сабак алчу. Комузун мага үйрөтөм деп мени далай кыйнады. Такыр шыгым жок, анын үстүнө өзүм да кызыкпасам керек. Айка эжем канча аракет кылса да комуз үйрөнө да албай койгонум аз келгенсип, ырдай да албай койгом. Мага караганда иним Максат жакшы ырдайт. Ошондуктан инимди концерттерге, кафелерге көп алып барчу. Үйдө да экөө заңкылдап ырдай беришчү. Мен аларды жактырбай бакырбагылачы, башым ооруп кетти десем, “эмне, өзүң ырдай албай, ичиң күйүп жатабы?” деп мени шылдыңдашчу.

«Бир муштап, кошунанын көзүн көгөрткөн»

–Айка эжем апам экөөбүзгө ка­ра­ган­да атам менен иниме жакыныраак. Көбүнчө алар менен чогуу отуруп фут­­бол көрчү. Апам экөөбүз сериал көрөлү десек, эжем “эй, мам, коё турчу, бул жакта Бразилия утулуп баратса жинге тиесиңер да” деп тизесин чаап, кыйкырып калчу. Кыздарга караганда эркек балдар менен бат тил табышып, жакшы дос болуп кетмей жайы бар. Кызга окшоп куурчак ойногонун бир да жолу көргөн эмесмин. Балдар бакчасына барып жүргөн кезде да кыздар куурчак ойносо, эжекем балдарга кошулуп алып машина ойночу.

Эжем эркек мүнөз, аялзатына ок­шоп көп да сүй­лөбөйт, көп да күл­бөйт, дайыма бир калыпта жүрөт. Мектепте дене тарбия сабагынан чуркаганда эркек балдардан биринчи келчү. Мен чуркай албай артта калсам, агай “ай, Кулуева, эжеңдей болуп чуркабайсыңбы!” деп көп урушар эле. Кичинемде чогуу ойноп жүргөн кошуна бала менен уруша кетип, аны чаап жиберип, үйгө качып кирип кеткем. Артыман чоң эле эжеси чуркап келсе болобу! Айка эжем аркы-беркини айтып жай түшүндүргөнгө аракет кылса да, эпке-сөзгө келбей койду. Көп сүйлөгөнгө нерви чыдабай кеткен эжем аны муштум менен бир койгондо, тепкичтен кулап кеткен. Эртеси күнү карасак, көзү көгөрүп жүрөт. Көгөргөнү бир жумада араң кеткен.

«Курбуларым Аида эжемден коркушчу»

–Айка эжекем бизди аябай катуу кармачу. Анын көз карашынан эле коркуп турар элек. Үйдү чачсак кайра эле өзүбүзгө жыйнатчу. Тентектик кылсак, апамдар жумуштан келгиче бурчка тескери каратып тургузуп койчу. Иним экөөбүздү канчалык урушса да, апама такыр айтчу эмеспиз. Себеби эртеси апам жумушка кетсе, кайра эле бизди кэчээкиден эки эсе урушчудай туюла берчү. Эжем менен сырдашчу да эмесмин. Мен чоңойгондо гана акыл-насаат айта баштаган. “Азыркы балдар жаман, ишене бербе, өзүңө этият бол” деп көп айтчу. “Сүйлөшкөн жигитиң болсо, мени менен биринчи тааныштыр” дечү.
Бир жолу жигитимди тааныштырайын десем, эжемди көрөрү менен коркуппу, же уялыппы, айтор, качып кеткен. Ошентип, мен турмушка чыккычакты жигитим менен тааныштыра албай убара болгом. Эми экөө абдан жакшы мамиледе. Курбу кыздарым да Айка эжекемди алыстан көрөр замат качып кетишчү.Үйгө келсе да эжең жокпу деп турушар эле. Алар эжекемдин сүрүнөн аябай коркушса керек. Качан гана эжем менен жакындан сүйлөшүп көрүшкөндө “сонун эжең бар турбайбы” деп калышкан. Негизи, эжекем аябай боорукер жан.
Ырчы болуп таанылса да айрым ырчыларга окшоп чоёктобойт. Кээде тиги ырчы мындай экен го, сиз деле ошондой болбойсузбу десем, “койчу-ай, жасалма болуп... Андайлар мага жакпайт” деп калат.

«Айтканынан кайтпаган көк беттиги бар»

–Айка азыр токтоо болгону менен, кичинекейинде аябай тентек эле. Чачка тагуучу шпильканы розеткага саям деп ток тартып кетип, апамдардын жүрөгүн түшүргөн. Кичинекей кезибизде электр жарыгы өчүп калып, шам жагып койгон элек. Шам эрип, түгөнөрүнө аз калганда апам жаңы шам сатып келгени сыртка чыгып кеткен. Бир убакта эле «мен үйдү жарык кылып берейинби» деп бүлбүл күйүп жаткан шамга сууну тамчылатса, от чачырап кетсе болобу! Ошентип, “фонтан” жарык кылам деп ашканадагы серванттын айнегин сындырып жаны тынчыган.
Кичинекейинде сонун кызыл көйнөгү бар болчу. Ошол көйнөгүн кийип ойноп жүрсө, жайылып жүргөн уйлардын бири артынан кубалап келип сүзүптүр. Уйдан качам деп Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. Түш ооп калган маал болгондуктан, атам менен апам аны издеп чыгышып, сууда кызыл көйнөк агып баратканынан таанып кармап калышкан. Ошондо уйдан катуу коркуп калса керек. Айылга барганда уйдан коркуп качат. Атты болсо жанындай көрөт.
Анын көк беттигине байланыштуу бир окуя эсимден такыр кетпейт. Кошунанын кызы подъездди шыпырып, таштандысын биздин эшиктин алдына коюп коюптур. Аны көргөн эжекем алып туруп өзүнүн эшигине коюп эшиктин тешигинен карап турса, ал кыз кайра биздин эшикке жылдырып койду. Кыскасы, кечке чейин ошол таштандыны экөө алма-салмак, бири-биринин эшигине таштап жатып, акыры ал кызга подъездди тазалаттырып жаны жай алган болчу.

«Унутчаактыгынын азабын иним экөөбүз тартчубуз»

–Мектепте да жакшы окуп, активист окуучулардын катарында болчу. Кичинекейинен эле конкурстарга катышып, чет жактарга 7-класстан баштап эле чыга баштаган. 7-классында Түркияга фестивалга барып, бир ай жүрүп келип жинге тийген. Ал жакка барган конокторго баары даяр болот экен да. Бишкекке келип алып “мага мындай тамак, мага кофе” деп өзүн ханыша сезип калган болчу.
Фантазиясы да күчтүү, жок нерседен эле сонун буюм жасап алчу. Бир жолу мага болбогон эле материалдын бетине мончокторду бирден кадап чыгып, сонун юбка тигип берген. Ал юбканы азыркыга чейин кийип жүрөм.
Үйдү жыйнаганды аябай жакшы көрөт. Эмеректердин баарын жылдырып, ыңгайлуу кылып жайгаштырганга да уста. Гарнитурдагы идиштерди да кооз кылып тизгенин азыркыга чейин койбойт. Дайыма “үйдү мен шыпырам, сен артымдан полду жуу” дей берчү. Мен байкуш эжекемдин артынан пол жууп эле жүрчүмүн. Студент болгонго чейин жумуштардын баарын өзү жасачу. Андан кийин үй жумуштарын мага өткөрүп берди.
Мен күйөөгө тийип кеткенден бери үй жумуштарынын баары эжекемдин моюнунда. Иним да Москвада окууда болгондуктан, учурда апам менен атамдын эрке кызы болуп жүргөн кези. “Менин келбетим сот, тергөөчү же адвокат болгонго ылайыктуу, ушул үч кесиптин бирөөсүн тандайм” дей берчү. Буйрук экен, шоу-бизнес жаатына ооп кетти.
Жумушуна байланыштуу болсо керек, аябай уйкучу. Ал уктап жатканда биз үн чыгарбаганга аракет кылып, бутубуздун учу менен басабыз. Өзү “уйкучулугум, ишенчээктигим, унутчаактыгым тажатат” деп көп айтат. Унутчаагынан улам ал концерт, тойлорго кеткенде, аркасынан мини диск, калып калган буюмдарын иним экөөбүз көтөрүп барып калабыз.

Бир туугандар

  • Аида28 жашта, бойдок
  • Айгүл – 25 жашта, үй-бүлөлүү
  • Максат – 20 жашта, студент

«Эжекемдин эч ким билбеген жактары...»

  • Айка эжем бир гана апам менен сырдашат.
  • Лагманды укмуш чоёт.
  • Ушул убакка чейин ичеги-карын артып да, жеп да көргөн эмес.
  • Кимибиз болбосун, Аида эжекем менен кеңешпей туруп иш баштабайбыз.
  • Жаш баладай болуп жомок уккандан, мультфильм көргөндөн ырахат алат.
  • Түш жорутканды жакшы көрөт.
  • Кичинекейинде балдар бакчасында бир күн түнөгөн.
  • Таттууга жок, ачууга өч.
  • Таарынтып алсаң, таарынычын жазуу азап.
  • Эч качан ажылдап урушпайт.
  • Жини келгенде көздөрү аңтарылып кетет.
  • Сүрөттү жакшы тартат.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 365, 30-октябрь - 5-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан