«ШААРКАН, БАРСЫҢБЫ?»
– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо» гезити? Мен сиздердин гезит аркылуу курбум Шааркан Молдобаеваны тапкым келет. Экөөбүз Бишкек шаарында 1982-1984-жылдары «СМУ-8» бригадасында, курулушта бирге иштегенбиз. Ал Ысык-Көл облусунун Отрадное айылынан болчу. Ал кезде Аламүдүн-1 кичи районундагы жатаканада бирге жашаганбыз. Шааркан, эгер окуп калсаң же аны тааныгандар болсо, байланышып коюшуңуздарды өтүнөм.
Нуржан, 0777 42-42-49
«АТАМДЫ ИЗДЕЙМ»
– Мен Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын тургуну, атам Медербек Карабаевди издейм. Ал 1971-жылы туулган. Атам Медербек менен апам Гүлназ мен төрөлгөндөн 2 айдан кийин ажырашып кетишкен экен. 3 жашымда атам таенемдикине издеп келгенде мени бербей коюшуптур. Азыр 17ге чыктым. Атамды көргүм келет. Ата, эгер менин жазганымды окуп калсаңыз, байланышып коюшуңузду суранам.
Кызыңыз Наргиза, 0702 49-19-71
«ЖЕЗДЕМДИ БАЛДАРЫ КӨРГҮЛӨРҮ КЕЛЕТ»
– Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Алмалуу айылынын тургуну, 1972-жылы туулган жездем Азим Сөлпүбашовду издейм. Эжем Чынаркүл Мамбеткулова жездем менен жашап жүргөндө, 1996-жылы 24 жашында эле каза болуп калган. Жездем балдарды бизге таштап, ушул кезге чейин кайрылып келген жок. Бир кыз, бир уулу бар. Аларга атасын көргөзөлү деп Алмалууга издеп барып, үйүндө эч ким жашабагандыктан таппай келгенбиз. Бир жолу Бишкектен өзүнө жолугуп калдым. «Балдарымды сагындым, көргүм келет. Буюрса, декабрда барам» деп ыйлап коштошкон. Ишенип келип балдарына айтсам, алар да келерин күтүп жүрүшөт. Жезде, эгер балдарды ойлосоңуз, бир келип жолугуп коюңуз. Тааныгандар болсо кабарлап коюңуздар.
Гүлзат, 0703 71-04-35, 0777 84-04-43.
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-30-37