«ТАМАШОУДОГУ» ТАТТУУ ТҮГӨЙЛӨР

Юмордун артынан калайыкка белгилүү болгон «тамашоучулардын» күйөрман кыздары да аз эмес. Алардын арасында бойдок болсо да жүрөгү бош эмес мырзалар бар. Тамашакөй жигиттерди кайсы бийкечтер «жүрөккө урду» экен, сиздерге кызыкпы? Анда чогуу көз салалы, сабак алалы.

Кубат Кубанычбеков:«АЙЖАН ҮНҮМДҮ ЖАКТЫРГАН»
Кубаттын сүйүктүүсү Айжан Медициналык академияда окуйт. Эки жаш Анжеликанын «Сагыныч»аттуу ырынын клибине да тартылышкан. Эки жарым жылдан бери кыз-жигит болуп келе жаткан түгөйлөрдүн быйыл күзүндө үйлөнөлү деген пландары бар.
Кубат: – Эки жыл мурун социалдык тармактан Айжандын сүрөтүн көрүп таанышып, жазышып жүрдүк. Телефонуна чалганда Айжан менин үнүмдү жактырган экен, жолугушууга да ошол үчүн макул болуптур.
Айжан: – Ооба, үнү аябай жаккан болчу. Сүйлөшүп жүрүп анын тамашакөйлүгүн, келбетин, өзүн алып жүргөнүн жактыргам. Анын кылып келаткан сюрприздерин өмүр бою унутпасам керек. Былтыр кыз-жигит болгонубузга бир жыл болгондо эртең менен чалып, «балконго чыксаң» деди. Чыксам жаныбыздагы үйдүн балконуна «Мен сени сүйөм!» деп чоң тамгалар менен жазыптыр. Быйыл да туулган күнүмдө таң атпай 5те чалып ойготту. Балконго чыгып карасам жерде шам менен «Мен сени сүйөм!» деп жазылып турат. Өзү болсо чоң букет гүлдү кармап алыптыр.
Менин ата-энем, туугандарым аны аябай жакшы көрүшөт. Учурда ата-энем Ысык-Көлдө турушат. Бирок алар Куба жанымда экенин билип, мен үчүн кыжалат болушпайт. Апам (ред. Кубаттын апасы) да медик, биздин темаларыбыз да бир. Сүйлөшкөндөн эч качан тажабайбыз.

Кубанычбек Курманбеков:«ЗАМИРА – МАРШРУТКАДАН ТАПКАН СҮЙҮҮМ»
«KG 77» командасы аркылуу таанылган Кубанычбектин сүйүктүүсү Замира учурда КУУнун журналистика факультетинде 4-курста окуйт.

Кубанычбек: – Мындан үч жыл мурун февралда «Тамашоудон» чыгып маршруткага отурсам, көзүмө дароо Замира урунду. Тура калып орун бошотуп, «келиңиз, чоң кыз. Бул орун абдан жумшак, жылуу экен. Отуруп алыңыз» деп калдым. Ошентип артынан түшүп барып таанышкам. Меники бир көрүп сүйүү болгон.
Замира: – Мен ал кезде «Тамашоуну» билчү эмесмин. Куба «Мен «Тамашоудо» ойнойм, бүгүн «Мыкты команда» наамын утуп алдык» деп кирди. Чынында, Кубаны бир көрүп эле жактырдым. Өзүмө окшоп бат сүйлөйт экен, тамашакөй, узун бойлуу, менин кыялымдагы мырза эле. Ошол күндөн баштап экөөбүз кыз-жигит катары сүйлөшүп, жолугуп баштадык. Кубанын сүйүүсүн билдиргени да кызык болгон. Бир күнү келип, «Зама, сага бир нерсе айтайынбы?» дейт. «Айта гой» десем, кайра «эртең айтайынчы» дейт. «Эмне болуп кетти, айт азыр» десем, «эме, тиги, мен сени сүйүп калыптырмын...» деп айтып коюп качып кеткен.
«Биз таарынышсак көп болсо бир саатка чыдайбыз. Кайра бат эле жазылып, сүйлөшүп кетебиз» дешет кол кармашкан түгөйлөр.

Самат Эркинбеков:«СҮЙҮҮМДҮ КИНОДОГУДАЙ БИЛДИРЕЙИН ДЕГЕМ»
«Ак-Өргө City» командасынын оюнчусу Саматтын сүйүктүүсү Чолпонай КУУнун юридика факультетинде окуп, кошумча Өзгөчө кырдаалдар министирлигинде иштейт.
Самат: – Чолпонай экөөбүз былтыр «Тамашоудо» таанышып, бат эле жакын болуп кеттик. Сүйлөшкөнүбүзгө үч ай болгондо ага сунушту кинодогудай кылып киргизейин дедим. Сейилдеп келели деп шаардын сыртына чыгып, басып жүрөбүз. Ага чейин Эмилден (ред. Эмил Эсеналиев) «кантип сунуш кылат, эмне деп айтыш керек?» десем, ал «дароо эле сүйлөшкөн кызым бол деген пафос болуп калат. Жакын адамым бол де» деп, дагы көп сөздөрдү айткан. Мен толкунданып жатып башкаларын унутуп калыпмын да, «жакын адамым бол» дегени эсимде калыптыр. Чопага «жакын адамым болчу» десем, дароо эле «макул, мен азыр деле сенин жакын адамыңмын» дебеспи. Демек, ушундай эле болот окшойт деп койдум. Чопа болсо андай сөздү түшүнгөн эмес экен. Бир жылдан кийин «сен мага сунуш кылган эмессиң» деп жатпайбы. Мен «кылбадым беле?» десем, «ошол сунуш беле?» деп калды.
Чолпонай: – Мен Кадамжайда бала бакчада, мектепте да орусча билим алдым. Ошондуктан кыргызчадан анча эмес болчумун. Саматтын айтканын түз мааниде эле түшүнүп макул дегем. Анын абдан жөнөкөйлүгүн баалап, бара-бара сезимдер жаралды. Сүйлөшкөнүбүзгө бир жыл болду, бири-бирибизди жарым сөздөн эле түшүнүп калдык. Биз таарыныша кетсек, Самат сөзсүз жумшак оюнчук аюу менен шоколад алып келет. Ага мен «коррупцияга алданбайм» деп күлүп калам.
Самат: – Чын, мен нерв болсом кыйкырып-өкүрүп эмоциямды чыгарып алам. Ал эми Чопа таарынды дегиче сүйлөбөй коёт. Телефон чалсаң деле дудук менен сүйлөшүп жаткандай 20 мүнөттөй «алло» деп тура бересиң. Чыдабай кеткенде жумшак оюнчукту көтөрүп алып үйүнө барам. Башында ойлогом, бул орусча сүйлөгөн кыз болсо, кантип сүйлөшөм деп. Кыргызча СМС жазсам, орусча жооп жазчу. Анык «До+Фа» болчубуз. Ал тоскоол болбой бири-бирибизди түшүнүшүп, сүйүшүп келатабыз.

Жаныш Майрамбек уулу:«ТҮШҮМӨ КИРГЕН КЫЗ МЭЭРИМ ЭКЕН»
«Ак кеме» командасындагы Жаныш менен Мээримдин достугу бара-бара сүйүүгө айланып, азыр таттуу түгөйлөрдүн катарын толукташат. Мээрим Политехникалык университетти аяктап, учурда уюлдук компаниялардын биринде оператор болуп иштейт.
Жаныш: – Мындан 3 жыл мурун Куба
KG 77») экөөбүздү Политехке чакырышкан. Барсам ал жакта Мээрим ырдап жатыптыр. Аны бир көрүп жактырдым, бирок тааныша албай койдум. Социалдык тармактардан издеп таап, ошол жактан жазыша баштаганбыз. Ал кезде Мээримге сөз айтып жүргөн жигити бар эле, мен чочутуп албайын деп сезимимди билдирбей, дос катары сүйлөшүп жүрдүм. Бир жылдай дос катары жүрүп билинбей жакын болуп кеттик. Кызыгы, 8-классымда түшүмө бир кыз кирген эле. Анын элесин кагазга түшүрүп алгам. Кийин кыздар менен сүйлөшүп жүргөндө ошол кызга окшото албай, издей берчүмүн. Кийинчерээк ал сүрөттү унутуп калыптырмын. Мээрим менен сүйлөшүп баштаганда бир күнү үйгө барып эски сүрөттөрдү карап отуруп ошол сүрөттү таап албадымбы. Көрсө, андагы тарткан сүрөт Мээримдин элеси экен. Аны сүйүктүүмө көрсөтсөм ал «сен маньяк турбайсыңбы, көрсө, көптөн бери артымдан байкап жүргөн экенсиң да» деп күлүп калды.
Мээрим: – Жаныш менен таанышкан кезде менин жигитим бар болчу. Жаныш менен дос болуп жүрүп кантип жакын болуп кеткенибизди билбей калдык. Ал башынан эле мага өзгөчө мамиле кылды. Ошентип сүйлөшүп жүргөнүбүздө туулган күнүмдө нике шакегин белек кылды. Аны мен бири-бирибизди «брондогондой» кабыл алдым. Ага жаш кыздар тийише беришет экен. Ошого бош эмес экенин нике шакеги менен билдирип жүрөт.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Тамашоучулар" түгөйлөрүн ачыкка чыгарышты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (77)
Aimeerimka
2014-06-11 16:56:15
Бактылуу болгула баарынар.
0
nazira1989
2014-06-11 19:14:45
Кубаттын боюнун узундугу канча экен? Ушул бала жагат мага эй.)))) Девушкасы да бир татынакай неме экен коз тийбесин, коз тийбесин тыфыу, ты фы у...
0
REKETIR
2014-06-12 08:28:36
Pakissstanka, сенин айткандарын "мышык майга жетпей, сасык дептир" дегенге аябай окшош экен.
-1
REKETIR
2014-06-12 08:30:21
diiazbek, сага жаккан эмес болсо, озундун паран менен киргизчи. Кимге жагат экенсинер, коробуз.
0
sezim1111
2014-06-12 10:08:15
самат м.н чолпонай жакты мага
0
Nice0101
2014-06-12 16:40:26
Баары укмуш тугойлор экен.
Бактылуу болушсун иншалла!
0
Margaret.girl
2014-06-12 20:24:23
Иий бактылуу болгула.
0
admin_portal
2014-06-13 12:29:37
Gulnura-94 - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
0
Karloseltapo2010
2014-06-13 23:28:36
Бул ыр хит болот же ит болот дегени жакшы экен Куба 77 молоток балдар силерге бактылуулук
0
Murok
2014-06-14 00:57:01
Куба 77 кызы Экоо эн жакшы пара экен, бир бирин тушунуп жашаса эле бактылуу болот .
0
zarlyk2211
2014-06-14 04:38:30
Бактылуу болгула
0
kanat4ik
2014-06-14 09:09:13
Чопа менин кесиптешим, оор басырыктуу, акыл-эстуу кыз. Аны жактыргандар коп болчу чындыгында, бирок озу Саматты тандаптыр. Бактылуу бол.
0
Nuraiym.marasilova
2014-06-15 07:53:58
Саматтын турушун ахахахаха)))) Куба от души жагатта
0
sema.00
2014-06-16 17:22:16
сиздерге чексиз бакыт калайм бактулу болгула.
0
sema.00
2014-06-16 17:24:32
силерге чексиз бакыт каалайм, бактулу болгула.
0
№ 605, 06-июнь-12-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан