«КӨТӨН ЧУЧУК НЕГЕ ИРИҢДЕЙТ?»

– Сиңдимдин көтөн чучугунун ичи ириңдеп, врачтар «парапроктит» деген диагноз коюшту. Муну операция жасамайын болбойбу? Дарт эмнеден улам жаралат?

Аяра, 35 жашта, Бишкек

– Учурда парапроктит менен жабыркагандар көп. Көтөн чучуктун ич жагында 100гө жакын май бездери бар. Адам ыйынганда заң ошол май бездер иштеп чыккан суюктук менен майланып, сыртка оңой чыгат. Кокус адам муздак жерге отуруп, суук, сыз өткөрүп алса, ошол бездер сезгенип калат. Анан убакыттын өтүшү менен лукулдап ооруп, шишип, ириңдейт. Муну билбей көптөр сыздоок же чыйкан дешет. Чынында, бул – парапроктит. Муну менен ооругандар билбестик кылып жашаган жериндеги хирургдарга кайрылышат. Алар өзүнүн ишин билген менен, колопроктологдор колдонгон ыкманы билишпейт. Андыктан алар сезгенген жерди жарып, ириңин чыгарышат. Бирок ички жагы калып калат да, ириң кайра чогулат. Ошентип экинчи ирет операция жасоого туура келет.
Кээ бирлер кайра жасатуудан коркуп жүрө беришет. Мындай болгондо ириңдер ич жакка тарайт же сыртка тээп, терини тешип чыгат. Кээ бир адамдарда көтөн чучугунун айланасындагы андай тешиктердин саны 2-3кө жетет. Айрымдардыкы 40-50гө чейин жетип, көчүгү чирип да калат. Ал тургай ириң санына чейин түшүп, ошол жерден да тешип чыккандары кездешет. Андыктан түз эле колопроктологго кайрылуу зарыл. Ооруп, көрүнбөй жүрө берүү өмүргө коркунучтуу.
Биз жылына жогорудагыдай жергиликтүү хирургдарга операция жасатып, ириң кайра толуп келгендердин 400-500дөйүнө операция жасайбыз.

«ИЧ КАТСА ДЕНЕ УУЛАНАБЫ?»
– Адамдын ичи катса дене ууланабы? Көтөн чучуктун жарылып кетиши да мүмкүнбү?

Тахмина, 17 жашта, Бишкек

– Адам жеп-ичет. Ошол жеп-ичкендеринин калдыгын убагында сыртка чыгарып туруусу зарыл. Организмде заң канчалык көп кармалса, андагы суюктуктар кайра организмге сиңе берет да, денени ууландырат. Ошентип заң катыйт. Анан дааратканага барып, катуу ыйынганда көтөн чучукту айрып кетип, жараңка пайда болот. Муну убагында дарылабаса өнөкөт ооруга айланып, көтөн чучуктун тегереги сезгенет. Жараңка жерге микробдор да кирип кетип, май бездерди сезгентип, ириңдетип, мындан да парапроктит жаралат.

«ЭМНЕГЕ ОПЕРАЦИЯДАН КИЙИН ГЕМОРРОЙ ЧЫГАТ?»
– Мен операция жолу менен көз жарган элем. Ошондон бери ичим аз-аздан ооруп жүрүп, эми ичегилеримдин ооруганы күчөп баратат. Ичим ката берип, геморрой да пайда болду. Мунун себеби эмнеде жана эми эмне кылышым керек?

Айнура, 31 жашта, Талас

– Баланы операция жолу менен төрөтүүдө (кесарево сечение) гана эмес, ички органдарга жасалган башка операцияларда да ичегилер бири-бирине жабышып (спайка) калуусу мүмкүн. Мындай болгондо ичеги сезгенип, ич катат. Мунун себеби кесилген жерден чыккан кандар операция жасоо учурунда таза тазаланбай калгандан болот (өзгөчө өтүшүп кеткен ооруга же жарылып кеткен аппендицитке операция жасалса). Анткени кандын курамындагы фибрин деген белоктордун айынан ичегилер бири-бирине жабышып калат. Ичи каткан адам ыйына берип геморрой жаралат. Андыктан операция болуп чыккандан кийин ич катып, ич оорусу беймаза кылса, УЗИге түшүп текшерилүү кажет. Ичегилердин жабышканы аныкталып жана дарылар менен айыгууга мүмкүн болсо, врачтар дары-дармектерди жана физиотерапиялык дарыланууну (дары баткак, парафин жана башка) жазып берет. Эгер операция керектелсе, анда макул болуу керек, башка айла жок.

«КАНДАЙ МАЗЬ КОЛДОНУУ КЕРЕК?»
– Менин көтөн чучугумдун айланасы кычышат, кээде ачышат. Кол менен кармалап көрсөм, шишип калгандай туюлат. Врачка көрүнүүдөн уялам. Андыктан геморройду өз алдынча кандай дарылар менен дарыласа болот?

Болот, 28 жашта, Ош

– Көчүк ооруса эле геморрой экен деп ойлоо туура эмес. Көтөн чучукка байланыштуу оорулардын саны 20дан ашат. Мисалы, көтөн чучуктун жарылып кетүүсү, түз ичегинин түшүшү, Крон оорусу жана башка. Андыктан проктологго көрүнүп, кайсы оору экенин тактоо кажет. Геморрой экендиги анык болгон күндө да дарыканага барып, кайсы бир дарыны алып колдонуу жаңылыштык. Анткени геморройдун 4 стадиясы бар. Мисалы, сиздики 4-стадия деп коёлу, а сиз дарыканадан 1-стадияны айыктыруучу дарыны алдыңыз. Таасири кандай болот анан?

Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги Улуттук госпиталдын колопроктология бөлүмүнүн жетекчиси ЫЗАКЖАН БЕКТЕНОВ жооп берди.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
abaychik
2014-06-09 13:35:37
Оорулууларга Алла шыпаасын берсин!
+3
Begim8678
2014-06-09 14:56:53
Жакшы кенештер экен.
0
ayzharkyn
2014-06-09 19:50:17
Пайдалуу кенештер экен
0
Tahmina94
2014-06-09 20:00:49
kenesh@super.kgге кантип кабар калтырам жардам бергиле.
0
cubich
2014-06-10 08:27:59
Tahmina94, Ошол электрондук дареги да Тахмина. Супердин.
0
admin_superstan
2014-06-10 09:13:44
Tahmina94, бул кадимки электрондук дарек. Өзүңүздүн электрондук дарегиңизден ушул дарекке кат жазып, жөнөтүңүз.
0
B.GULNARA
2014-06-10 08:21:59
aiabai tak jana tushunuktuu jooptor!
0
Altunbek76
2014-06-10 09:18:48
алла шыпасын берсин,оорудан сактасын
+1
aida2013
2014-06-10 15:41:23
озумчо ойлонуп койдум карасам макалада кыздын дааратканада отурганын коруп эмнеге эркек кишинин отурганын койгон эмес кайсы жерде болбосун дайыма мисалда аялдар ...........тан калыштуу
0
cristiano
2014-06-10 17:40:09
этият болгула, ххх "негодный" болуп калбасын.
0
admin_superstan
2014-06-10 17:59:42
cristiano, этика нормаларынан алыстабаңыз.
0
jaran
2014-06-11 00:12:40
саламатсыздарбы супер инфо жаматты,кара сарык ооруу жонундо да пайдалуу кенеш айтып койосуздарбы,алдынала рахмат
0
admin_superstan
2014-06-11 10:19:37
jaran, Саламатсызбы!
Сарык тууралуу макала бар:
http://www.super.kg/article/?article=19485
Ошондой эле сиз жазган кара сарык - бул геппатиттин бир түрү:
http://www.super.kg/article/?article=5301
0
janarka
2014-06-28 00:26:21
Salamatsyzdarby super info,degi ele kupirez degen emne?, ushul jonundo da kenenireek maalymat berip koisonuzdar..Rahmat.
0
Dilya55
2014-11-02 10:51:45
саламатсыздарбы супер инфонун жамааты. ич каиканды кантип айыктуруу жонундо да жазыныздарчы сураныч! 3 жылдан бери кыйналып журом
0
№ 605, 06-июнь-12-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан