Ырчы Нурмат Садыровдун башынан өткөн кызыктуу окуяларынан угуу үчүн ага байланышсак, «чындап журналистсиңерби, кесиптештериңердин атын атагылачы» деп текшерип жатпайбы. Көрсө, «сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» болуп жаткан экен. Дегеним, буга чейин аны күйөрмандары журналист болуп бир кызыкка батырышыптыр.
«Бир күнү телефонума чоочун номерден бир кыз чалды. Жагымдуу сүйлөп, өзүн «журналистмин, газетадан чалып жатам» деп тааныштырды. «Суроолорума жооп берип коюңузчу» дегенинен ишенчээк жаным макул болгом да. Берилген ар бир суроосуна чын дилимден жооп берем. Аягында «кечинде бош болосузбу, жолуксак кантет?» деп өзүн сатып коюп жатпайбы. Анан күйөрманым экенин билип калдым. Бирок ал кызга жолуккан жокмун».
Айпери Сыдыкова, ырчы:«ЭЖЕМДИН ТЫЙЫНЫН ТАЛАШЫП...»
– Мен кичине кезимде эле эч кимге жемимди жегизбеген кыз элем. Эсимде, валютабыз рублдан сомго алмашкан учур. Анда 50 тыйынга сагыз же балмуздак келчү. Атам жумушка кетерде эжеме, сиңдиме анан мага «балмуздак алып жегиле» деп 50 тыйындан берип кетет.
Бир күнү эжем тыйындарыбызды чогултуп алып столдун үстүнө коюп койду, «балмуздакты анан алып жейбиз» деп. Менин аябай сагыз чайнагым келип жаткан. Эжеме билгизбей 50 тыйынга сагыз алып алдым. Эч нерсени билбегендей түр көрсөтүп үйгө келдим. Тыйындарыбызды койгон жерге барып калп эле «менин тыйыным жок» деп ызы-чуу чыгарып ыйлап, эжелеримдин тыйынына балмуздак алып бөлүп жегеним эсимден кетпейт.
Дайыр Исмадияров, ырчы:«БУТ КИЙИМИМДИ УНУТУП, ЫЗЫ-ЧУУ БОЛГОНУМДА...»
– Нарында жеке концертим болмок. Жолго чыгып жатканда керектүүнүн баарын алгандай болгом. Бирок жаңылышыпмын. Ар бир костюмума өзүнө ылайыктуу бут кийими бар болчу. Киейин десем, бир да бут кийим жок. Шашылып, ар кимдин бут кийимин сурай баштадым. Эл келип күтүп отурат. Акыры алып баруучу жигиттин бут кийимин кийип сахнага чыктым. Концерт ортолоп калган учурда катуураак секирип жиберип туфлим бутумдан «талп» этип түшүп калса болобу. Кырдаалдан чындыкты айтып чыгышка туура келди. Көрөрмандарыма «Дайырдын үстүнкү формасы жакшынакай да, бутун карабай коюптур дебеңиздер. Бут кийимдеримди унутуп коюптурмун» деп айтып, күлкүгө салгам.
Султан Төрөбеков
star@super.kg